Ош облусунда адам үрөйүн учурган оор кылмыштын бети ачылды. Үй-бүлөлүк чатакташуунун акыры ажал коштогон кандуу окуя менен аяктаган.
ИЗ ЖАШЫРУУ МАКСАТЫНДА «ИЗДЕШКЕН»
Үстүбүздөгү жылдын 2-январь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айылынын 48 жаштагы тургуну Гүлнара Дүйшеева күйөөсү Эгемберди Акаев 2014-жылдын 30-декабрынан бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу арыз жазып Кара-Суу РИИБине кайрылган. Жыйынтыгында «дайынсыз жоголду» деп изделип жаткан жаран киши колдуу болуп каза тапкандыгы аныкталып отурат. Эгемберди Акаевдин өлүмүнө шектүү катары маркумдун жубайы, уулу жана эки кайниси кармалды. 2015-жылдын 6-январь күнү маркумдун өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси көмүлгөн жеринен казылып алынган. Кылмышка шектүүлөр издерин жашыруу максатында маркумдун жансыз денесин айыл четиндеги талаага көмүп коюшкан экен.
«КҮНӨӨЛӨРҮН МОЮНДАРЫНА АЛЫШТЫ»
Бул кылмыш боюнча Ош шаардык жана облустук ИИБисинин басма сөз кызматынын кызматкери Жеӊишбек Ашырбаев буларды билдирди:
– Киши өлтүрүү кылмышына шектүү катары маркумдун 45 жаштагы жубайы Гүлнара Дүйшеева, 25 жаштагы уулу Жаныбек Акаев, 25 жаштагы кайниси Бектурсун Дүйшеев жана дагы бир кайниси, 24 жаштагы Сүйүн Сулайман уулу кармалып, кылмыштарын толугу менен моюндарына алышты. Бул кылмыш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүлөр Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
«КҮЙӨӨМ БАЛАСЫН БЫЧАК АЛЫП КУБАЛАДЫ»
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү Гүлнара Дүйшеева каргашалуу окуя кандайча болгондугу тууралуу төмөнкүчө көрсөтмө берген:
– Күйөөм акыркы убактарда көп ичип, бизге тынчтык бербей калган. Бизди үйдөн кубалап чыгып, кошуналарыбыздын үйүндө түнөгөн күндөрүбүз да болгон. Акыры ажырашабыз деп 2014-жылдын 25-декабрынан тарта ал биздин эле айылдан батир алып, өзүнчө жашамакчы болуп көчүп кеткен. 29-декабрь күнү кечки саат 20:30 чамасында ал үйгө мас болуп келиптир. Уулу Жаныбек менен чатакташа кетти. Күйөөм «Мен сенин атаӊмын, эмнеге мени үйгө киргизбейсиӊер?» деп колуна бычак ала калып уулун кубалап калды. Үйдө менин Сүйүн жана Бектурсун аттуу эки иним да бар эле. Алар жетип келип жээнине болушуп, үчөөлөп күйөөмдү сабай башташты. Аӊгыча уулум Жаныбек ачуусу менен көмүрканага кирип, ичинен калак алып чыкты да, атасын башка чаап жиберди. Күйөөм эсин жоготкондо мен аларга «биротоло өлтүрүп салгыла» дедим. Арадан 4 күн өткөн соӊ мен милиция кызматкерлерине барып, «күйөөм үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатат» деп арыз жаздым.
«ЭЖЕМ СЕНИН ҮСТҮӉДӨН АРЫЗ ЖАЗАМ ДЕП КОРКУТТУ»
Ал эми кылмышка шектелип кармалгандардын бири Сүйүн Сулайман уулунун тергөөгө берген көрсөтмөсү төмөнкүдөй:
– Жаныбек менен жездем урушуп жатканда биз арачалап коёлу дегенбиз. Аӊгыча Жаныбек атасын калак менен башка чаап жиберди эле, жездем эсин жоготту. Ошол учурда эжем Гүлнара «чала өлүк кылбай өлтүрүп салгыла» деп буйрук берди. Мен «өлтүрбөйм, ооруканага алып барып, милицияга кабар билдирем» деп каршы чыктым. Эжем «андай болсо мен сенин үстүӊдөн «күйөөмдү өлтүрдү» деп арыз жазам» деп коркутуп, чала жан жездемди муунтуп өлтүрүү үчүн кол аарчы алып чыгып, башындагы жоолугун да чечип берди. Жоолукту оозуна тыгып, кол аарчы менен муунтуп өлтүрдүк. Андан соӊ жездемдин жансыз денесин эгин талаасына алып барып көмдүк да, жеӊил унаасын алыскы айылдардын бирине айдап барып таштап келдик.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg