2 ЖАШАР НАРИСТЕ ЗОМБУЛУККА КАБЫЛГАНБЫ?

Үстүбүздөгү жылдын 10-январь күнү Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасына 2 жаштагы баланы оор жаракаттары менен эс-учун жоготкон абалда «тепкичтен кулап кетти» деп атасы алып келген. Текшерүүгө алган дарыгерлер баланын денесиндеги жаракаттардан улам катуу сабалып, атүгүл сексуалдык зомбулукка кабылган болушу да мүмкүн экендигин айтып укук коргоо органдарына билдиришкен.

«БАЛА СЕКСУАЛДЫК ЗОМБУЛУККА КАБЫЛЫШЫ МҮМКҮН»
Бул окуянын чоо-жайын, баланын учурдагы абалын билүү максатында биз жогоруда аталган оорукананын башкы дарыгеринин хирургия боюнча орун басары Данияр Шайбековго кайрылсак, ал төмөнкүлөрдү билдирди:
– Үстүбүздөгү жылдын 10-январынан 11-январга караган түнү саат 00:15 чамасында биздин ооруканага 2 жаштагы баланы алып келишти. Ооруканага баланы атасы, туугандары алып келип, анын тепкичтен кулап кеткенин айтышты. Наристенин абалы келгенде аябай эле оор, эс-учун жоготкон абалда болчу. Биз баланы медициналык кароодон өткөрүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз, ошол бойдон эсине келе элек, жасалма аппараттын жардамы менен дем алып жатат. Биз азырынча балага «баш мээнин оор жаракаты» деген диагноз койдук. Мындан тышкары денесинин баары көк ала, көчүгүнүн тегерегинде сыйрылган тактар бар экен. Денесиндеги ал тактар сабалганга окшоп турат жана жаӊы тактар эмес, бир жума мурунбу же андан көппү, айтор, мурунку жарааттын издери. Ошондуктан соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери келип баланы текшерип кетишти. Ал денесиндеги жарааттарды эмнеден улам алган жана сексуалдык зомбулукка кабылганбы же жокпу, биз экспертизанын жыйынтыгы чыккан соӊ гана айта алабыз.
Учурда балага керектүү бардык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Негизи эле акыркы убактарда ата-энеси же туугандары тарабынан запкы жеген балдардын саны көбөйүп жатат. Мисалы, 2014-жылы биздин ооруканага катуу сабалган 1 жаштан 10 жашка чейинки 52 бала келип түшкөн. Анын ичинен 7 бала сексуалдык зомбулукка кабылгандыгы аныкталган.

«БАЛА ЖОЛДО КӨПКӨ ЖҮРҮП КАЛГАН»
Ал эми оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Кагарлицкий буларды кошумчалады:
– Наристени жаӊы алып келгенде анын каректери чоӊойгон, экөө эки башка көлөмдө болчу. Катуу сокку алганбы, башында гематома жокпу деп аны компьютердик томографиядан өткөргөнүбүздө эч кандай гематома байкалган жок. Ал ооруканага түшкөнгө чейин 2-3 сааттай мурун денесин калтырак басып, дем алуусу кыйындаган экен. Ошондон улам баланын баш мээсине аба жетпей кысылып, баш мээнин гипоксиясына (баш мээнин гипоксиясы – бул кычкылтектин жетишсиздигинен улам биринчи кезекте кишинин мээсинин жабыркашы. Оор гипоксия комага түшүп калуунун себеби болушу жана өлүмгө алып келиши мүмкүн) кабылган. Биздин оюбузча, наристе жолдо көпкө жүрүп калган.

«АПАСЫ МЕНЕН МУРДА ЭЛЕ АЖЫРАШЫП КЕТКЕМ»
Ал эми наристенин атасы Назарбай аттуу мырзага телефон аркылуу байланышканыбызда, ал бизге уулу тууралуу буларды айтты:
– Аялым менен ушул балам боюнда бар кезде эле ажырашып кеткем. Кийин төрөгөндө өзүмө алып алганмын. Окуя болгон күнү мен баламдын жанында эмес элем, мага телефондон кабарлашканынан келсем, оор абалда жатыптыр. Дароо ооруканага алып келдим. Башка маалыматтарды айта албайм, мени туура түшүнгүлө.

«АТАСЫ ДААВАТКА КЕТКЕН БОЛЧУ»
Ал эми жабырлануучу баланын атасынын бир тууган агасы Орозбай мырзага жолукканыбызда, ал окуя тууралуу кыскача айтып берди:
– Иним Назарбай дааватка кетип жатып, баласын аталаш агасынын үйүнө таштап кеткен. Бала 2 айдан бери туугандарыбыздын үйүндө болчу. Алардын айтымында, наристе эшиктин артында турганда бир кыз чуркап келип эшикти ачып жибериптир. Ошондо ал кулап кетип, бетонго башы менен тийиптир.

«ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮП ЖАТАБЫЗ»
Бул окуя тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматкери Нурбек Токтосунов төмөнкүлөргө токтолду:
– Бул иш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 104- (ден соолукка атайылап оор зыян келтирүү) жана 130-беренелери (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети) боюнча кылмыш иши козголду. Аламүдүн районунун Озёрное айылынын тургуну, баланын атасынын 1968-жылы туулган аталаш агасы кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал киши наристени сабаганын мойнуна алып, зордуктаганын четке кагууда. Калганы экспертизанын жыйынтыгы чыкканда билинмекчи. Мындан тышкары башка да туугандары суракка алынып, алгачкы тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул окуя өлкө башчысынын да көӊүлүн буруп, ал наристени сактап калуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну, окуянын себептерин тереӊ териштирүүнү буюрду.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
2 жашар бала чын эле зордукталганбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
misha_kg
2015-01-19 14:07:08
Озумдун балам да 2 жашта, аны карап журогум ооруп кетти балдарга кантип кол которушот мыкаачы адамдар го
0
alisherkgkg3
2015-01-19 14:10:38
Эки жаштагы бала эмнени билмек эле. Зордуктаганы чын болсо андайларды без наркоз бычыш керек
0
asel.bahtierova
2015-01-19 15:50:23
Тобо кылдым кандай адамдар 2 жашар баланы да сабаса, молтуройгон ширин балада эмне куноо дагы уйялбай бетонго кулап тушуптур дейт, ошол бала кулагыча карап тура бериптирби, жаш бала эмнени тушунмок эле, боорум ачып кетти силерге керек болбосо бизгеле берип койгулачы менин женем 4жылдан бери торобой жатат ушул баланы коргон сайын ыйлайт ушундай адамдарга кор кылгыча магале берип койбойбу деп. Бироого зар бироого кор деген ушул даа.
0
Azura
2015-01-19 15:56:29
эртен 20 январда саат 11-00дон 15-00го чейин ак уйдун алдында, балдардын зомбулугуна каршы тынчтык митинги отот, катышкыла!
0
aizirek87
2015-01-19 22:35:35
Azura, кол топтомой да болобу?
0
aliyam
2015-01-19 17:34:21
журогум ооруп чыкты.адамдар эмне мынча ташбоор келишет?
0
sumaya
2015-01-19 19:20:04
Эмне дешти да билбей калдым тообоо...
0
ainur78007
2015-01-19 20:21:20
Энеси кайда болду экен. Тообо,даватка баланы карап барбай калсан, Аллах сага капа болбосо керек эле.....андан коро ошол баланы озун тарбиялап адам кылып чонойтсон, мойнундагы парзтан кутулмаксын. Даваткада уй булонордун кем карчын кылып койуп чыккыла дешетко. Сен баланы таштап чыгып кетипсин. Аллах озу жакшыраак билет, бирок сенин баланы таштап барган даватынан сооп деле болбосо керек. Аллахтын наалаты болсун, адам эмес экенсинер.
0
aizirek87
2015-01-19 22:33:40
Педофилдерге олум жазасын колдонуш керек. Кучоп баратат, коом бузулуп. Токтотуш керек
0
aizirek87
2015-01-19 22:46:49
Зордукталганы дадилденди го. . . Акмактар дагы клизма деп коюшат. Аялы да куноолуу карап турган. Олум жазасын киргизиш керек. Бечара бала комадан чыгабы жокпу Кудайым билет(((
0
ALBIKA
2015-01-20 01:32:17
ХХХ ХХХ,баланды энесинен ажыратып,эми минтип олум алдында жаткырып,бага аллбагандан кийин жакшыбы,жаманбы энесине калтырсан мынчалык бала кор болбойт эле го.Куйуп карай турган адамы болбогондон кийин даватта бышырып коюппу,балага иттин кунун коргозбой...Даватка чыкпай эле ошол аталаш туугандарына кичине дават отсон чон сооп алмаксын...ХХХ ХХХ...
+2
admin_superstan
2015-01-20 15:24:03
ALBIKA, билдирүүнү этика нормаларынан чыкпай, ачууга алдырбай жазууну сунуштайм!
0
Siuz
2015-01-20 19:01:14
ALBIKA,туптуура жазгансыз баласын карай албай жатып, дааватты эмне кылат жанагы "Ата"сорой.
0
roza.90
2015-01-20 02:16:24
Айтаарга соз таппай турам эки буттуу ХХХ.Эки дуйно жакшылык корбогуло.ХХХ ХХХ ХХХ.Бул наристе эмнени тушунот эле бул деген периште го кокурогум ооруп ыйга муунуп турам жанылыктарды коргон сайын кабыргам кайышат.Аллах озун шыфаа берегор.
0
admin_superstan
2015-01-20 15:27:33
roza.90, этика нормаларын сактаңыз!
0
kubzero
2015-01-20 10:52:53
2 жашар бала сабагыдай эмне кылды экен? Мээсинен айныган
0
bema_bema
2015-01-21 19:36:40
Кучугум ошончо кордука кантип чыдадын экен, ким кордосо шал болсун бага албаса мага берсин уч балама кошуп багып алайын
0
ooki8888
2015-01-22 18:16:48
Жазаны кучотуп, анын аткарылышы козомолдонмойун, мындай айбанчылык токтобойт. Ойгонолу Кыргызым!!! Он жылга кесилген кылмышкер эки жылда боштондука чыгып жатат!!!!
0
aydarken
2015-01-22 21:32:49
Эми антейин десен, агасы мн женесин мындай кылыкты кылат деп ойлогон жокта,билсе таштамак беле баласын.Мал аласы сыртында–адам аласы ичинде деген ушуда,ошол 2–жашар баланын ордуна озунун кызын койуп корсунчу.Окуган сайын журогум зыртылдап ыйлаймын.
0
№ 637, 16-январь-22-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан