ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Өтө намыскөй элем, тигил өгөй энемдин ойношунун кылыгын эч бир жанга айтпадым. Ал тургай бардык сырымды айтчу Баянга да айткан жокмун. Болгону жүрөгүм сыздай берчү болду. Ошентип, жетиле элек жатып куу турмуштун шорун таттым. Тигил экинчи мага жологон жок, бирок кылыйган көзү бассам да, турсам да мени алдыртан тиктеп турганын туйчумун. Кудум коюнума жылан ыргытып жибергендей ичиркенип кетер элем. Анын кылыйган көз карашын Анипа да байкап калды.
– Ай, сен эмне Жанараны биринчи көргөнсүп эле тиктеп калгансыӊ?
– Тиктеген жокмун,- деди тигил жалтаӊдап.
– Көзүӊдү кара, Анипа менен киши болуп жүргөнүӊдү унутпа, ушуга чейин жок дегенде бетимди ачып, "аялым" деп элге жарыялап койбодуӊ.
– Койчу эми, сенден башка бир аялды тиктесем өлөйүн,- ырсалаӊдап күлүп, Анипага жабышып жаткан тигини көргөндө окшуп, сыртка жүгүрдүм.
– Тигил жарыбагырга эмне болгон?- деп жатканын угуп калдым. Дагы жагымсыз сөздөрдүн күбөсү болгум келбей, сай жакка жөнөдүм. Ойлуу сууну тиктеп отурсам, Эмир жаныма келип калды.
– Эмне кылып отурасыӊ?- деди ал жагымдуу жылмайып. Эмирдин жылмайганы өзгөчө эле, кудум күн жарк этип ачылгансып, чын дилинен жылмайчу. Эми эле сыздап турган жүрөгүм дартына даба тапкандай балкып кетти. Эх, жашоодо Эмирдин жылмаюусунан башка жагымдуу нерсе барбы? Мен үчүн жок эле.
– Отурам...
– Баян менен Назик да келишеби азыр?
– Билбейм, мен өзүм эле отурам.
Эмир эмнегедир кыжалат болгондой артын кылчактап карап алды. Анан кудум бирөөдөн жашыргандай акырын шыбырады.
– Сен билбейсиӊби, Баяндын жигити жокпу?
– Кайдагы жигит?
– Эми өзүӊ билесиӊ го, мектептеги балдардын баары ага кат жазып, артынан чуркап жүрүшөт, ал эч кимге жооп бере элекпи?
– Анын сага эмне кереги бар?
Көздөрүм чоӊоюп кетти. Жүрөгүм түрсүлдөп согуп, Эмирдин бир ооз сөзү үчүн бычакка түшчүдөй абалда элем. Ал желкесин кашый берип күӊк этти.
– Мен дагы ага кат жазгам!
Ааламым аӊтарылып кетти. Өӊүм жууган чүпүрөктөй бозоруп, эмне дээримди билбей туруп калдым. «Эмнеге Баян, эмнеге мен эмес?» деген чаӊырык ичтен чыкпай, ошол нерсе ичимди жалынга айлантып, денем өрт болуп күйүп жатты. Чыдай албайт болчумун, күрпүлдөп агып жаткан сууга секирдим. Ошол кезде суу кирип, кишини да агызып кете тургандай абалда эле, ага да карабадым. Чындап өлгүм келди. Агын менен алышып жатып эсимди жоготуп бара жаттым.

ххх

Ооруканадан өзүмө келдим. Жанымда эмнегедир Баяндын атасы отуруптур. Көзүмдү ача албай жатып, анын кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатканын байкадым.
– Шордуу кыз! Анипанын кордугуна чыдабай кетти окшойт.
– Жетимди кордогон адам эки дүйнөдө жакшылык көрбөйт, Кудай жеткирет,- деп шыбыраган аялдын үнүнөн Баяндын апасы экенин тааныдым. Мына сага, элдер мени аяп жатышабы? Ушунчалык намыскөй элем, мага алардын аяганы Анипанын таягындай эле катуу тийип жатты. Уккум келбей терс бурулдум. Көрсө, мен агып баратканда Эмир да сайга секириптир, бирок мени кармаганга алы келбей жатканда Баяндын атасы ат менен өтүп бара жатып, экөөбүздү теӊ сактап калыптыр. Эмир мени турган ордумдан эле сайга секирип кеткенимди айткан экен. Ошентип, менин сайга секиргеним Анипанын кордугуна чыдай албайт деген нерсеге өтүп кетти. Ал эми чыныгы себеби билинбеген боюнча калды. Бир топ убакыт өткөндөн кийин үйгө чыгып келдим, кер сары тарткан мени Анипа табалай тосуп алды.
– Ии, эмне болуп күйүтүӊө чыдабай сууга секирдиӊ?
– Жайыма койгулачы мени...
Дагы далай нерселерди айтайын деди эле, Асан колдон ала токтотуп койду. Негедир күндөн күнгө алым кетип башым айланып, эмне жесем да куса бере турган адат таап алдым.
Кечке маал көӊүлүм айнып, сарайды айланып бара жатсам, Анипа артымдан келип калды.
– Эй, жарыбагыр, сенде бир балээ бар.
– Эк, барчы ары жакка!
– Айтчы, канчадан бери көӊүлүӊ айнып жатат?
Шектүү үнүнөн бозоруп кеттим. Ал мени колдон ала силкип жиберди.
– Айт деп жатам, ким менен?
– Эч ким менен эч нерсе болгон эмес, жөн эле туура эмес нерсе жеп алсам керек.
– Күндөбү? Башыӊды айланткыдай бир нерсе болду беле?
– Жок! Жок дебедимби, жайыма койчу...
Анипа алдаса да, коркутса да көнбөй койдум.
Бир күнү райондун борборуна ээрчитип жөнөдү. Эми ойлосом бала экем, эч нерседен шек албай ашказанымды текшертейин, өзүм да куса берип жадап кеттим деп кетип бара жаттым. Бирок ал мени гинекологго алып бара жатканын кабинетке киргенден кийин билдим. Анипа текшерүүдөн соӊ мени чыгарып жиберип, врач менен калды. Бир аздан кийин эле анын катуу чочуган үнү чыкты. Алайып ордумдан тура калдым. Анипа чыга калып мени колдон ала сыртка сүйрөп жөнөдү.
– Ким кылды, айт?
– Эмнени?
– Шерменде десе, сенин боюӊда бар экен! Эми элдин бетин кантип карайм? Айт, ким баланын атасы?
Азыр ошол абалымды эстеп, адамдардын таш боордугуна жаным кашаят. 14 жаштагы боюнда бар секелек, эч кимиси жок, караан кыла турганы алдында турган жыландай ышкырган аял. Шордуу, алсыз, зордукчуга алы жетпей, канаты кайрылган бечара жетим... Сербейип алдында турган мени жеп коё тургансыган Анипанын күчүнө туруштук бере албай, отура калып ыйлап жибердим.
– Асан!- дедим ый аралаш. – Сен конокко кеткенде уктап жаткам, келип басып калды. Алым келбеди... Эртеси сага айтайын десем, уккан жоксуӊ!
Демейде эрди эрдине тийбеген Анипа бул жолу бозоруп отуруп калды. Эрди кыбырап бир нерсе дегенсийт, бирок мага угулган жок. Бир топко отурду да, мени кайра дегдеӊдете сүйрөп, врачка кирди.
– Айланайын, канча десеӊ төлөйм, ичиндегисин жогот. Эл билсе шерменде болом.
– Эже, кыз өтө жаш, анын үстүнө биринчи баласы. Мунусун алдырсаӊыз, кызыӊыз кийин төрөй албай калат.
– Төрөбөсө койсун! Мен деле куу жатын болуп жүрөм го. Элдин бетин карай албай калам, бир нерсе кыл, берекем!
Анипа албарстыдай жалынып жатса да, тигил врач башын чайкап туруп алды. Анда-санда мени аягансып тиктеп коёт. «Эмнеси болсо да үйдөн чечип келгиле» деп бизди кабинетинен чыгарып койду. Үн-сөз жок келе жатабыз. Үйгө жетерибиз менен Анипа уктап жаткан Асанды апчып ойготту.
– Эшек, тузум урсун сени! Ушуну кылат белеӊ, акмак? Жогол, көзүм көрбөсүн сени! Эчен жыл багып келе жатканымды ушинтип төлөпсүӊ да, ээ?
Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жаткан Анипаны бир карап, мени бир карап туруп калды.
– Эй, акмак катын, эмне болду сага?
– Акмак, дагы сурап коёт, мунун боюнда бар экен сенден...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
suiuktuujar
2015-01-19 16:12:41
Эми не болот экен.
0
student-95
2015-01-19 16:39:56
Байкуш 14 жаш э окуп жатып коз алдыма элестетип кетим
0
Aidanek
2015-01-19 17:10:02
ии байкуш кыз.Башында Жанараны жек корчумун,эми боорум ооруп кетти...
0
Ayperi94
2015-01-19 19:13:18
Эх жашоо неге мынчалык татаалсын сенин учу кыйырын жок ! Жаш секелек кызды неге мынча азапка салды.экен тагдыр? Бул кызда эмне куноо ата -энесинен эрте ажыраганыбы? же кунуго каргыш эшиткениби?
0
snegurochka11
2015-01-20 07:22:52
Уффф барган сайын журокту оорута турган болуп баратат го! Эми кантти байкуш кыз десе!
0
Orhidea11
2015-01-20 13:51:53
Ошол себептен башындан отпогондон кийин башка адамды сындаба деген соз бар го.
0
Aksy-13
2015-01-20 15:43:54
Кокууй.... шордун баары Жанара байкушта тура...
0
ainuska00
2015-01-20 17:17:08
ушунча нерсени коруп анан таш боор болгон экен да
0
kazemir
2015-01-21 00:56:38
Жетим кыздын тушунда тан атпас деген ушул да байкуш Жанара.
0
naku.9595
2015-01-22 01:08:18
Жашодо ушундайда ташбоор адамдар болобу э
0
naku.9595
2015-01-22 01:09:45
Бул болгон окуя беле.
0
veneraaalieva
2015-01-22 13:45:48
Оооох байкуш Жанаранын тагдырына журогум ооруп кетти, адамдар ушунчалык таш боор болобузбу?ооох
0
Aibiike
2015-01-24 19:04:00
Жанарага кыйын болгон экен.
0
angelo4ka_96
2015-01-24 19:52:30
Байкуш Жанара аябай эле кор болупсуң го(( Кор болгонуңа жараша, досторуңа зыяныңды тийгизбей эле койбойт белең?( Сен деле бактылуу болууга татыктуу болот элең го..
0
rozka
2015-01-25 22:11:29
Эх ошон учун турмуш турмуш да
0
№ 637, 16-январь-22-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан