ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (19-январдан 25-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)

Пландарды мүмкүнчүлүгүӊүзгө карап түзүӊүз. Болбосо энергияӊыз, убактыӊыз жана акчаӊыз көп короп, убаракерчилик тартасыз. Аптада кетирген майда катачылыктардан сабак алууга туура келет. Кан басымым көтөрүлбөсүн десеӊиз, ачууга алдырбаӊыз. Тааныштардын кайсы бир иштерин бүткөрүп берип, сыйга татыйсыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада артында сизге дос болуп калчу таасирдүү адам менен таанышуу күтөт. Иш оордук келтирбесин жана өзүӊүздө убакыт калсын десеӊиз, алыӊызга чактап иш кылыӊыз. Дарыланууну пландагандар тилегин ишке ашыра берсе болот, ылайыгы келип турат. Жаӊы сатып алгандарыӊыз көӊүлүӊүзгө төп келбей, кыжалат кылышы мүмкүн, андыктан базарлоону кийинкиге калтырыӊыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жардамга муктаж досторуӊузга колдоо көрсөтүүгө даярдана бериӊиз. Иште болсо жаӊы өзгөрүүлөр кирет, каршылык көрсөтпөй, ага ыӊгайлашыӊыз. Жеке жашоодо майда деп маани берилбеген маселелер топтолуп, чыр чыгышы мүмкүн. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири эӊсеген буюмуӊузду колуӊузга тийгизет. Апта акырында кара жумуштарды бүткөрөм деп суукка урунуп калбаӊыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Кырдаалды убагында талдап, туура чечим кабыл алсаӊыз, өзүӊүзгө пайда таап калууга үлгүрөсүз. Иштер боюнча сапарга чыгып калууӊуз ыктымал. Аягында кейип калбоо үчүн азгырыктуу көз ымдоолордон качыӊыз. Эмерек же жандык сатып алуу тилегиӊиз кокустан ишке ашып калуусу мүмкүн. Апта аягында жагымсыз жаӊылык угасыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жеке мамилелер дагы бир ирет сынактан өтүүчү мезгил. Шеригиӊизден эч нерсени жашырбай, баарын ортого коюп кеӊешиӊиз. Болбосо туура эмес ойлоонун арты чырга айланат. Иште оор тапшырмалар жүктөлүп, карьераӊыз таразага коюлат. Өзүӊүздү көрсөтүӊүз, бул колуӊуздан келет. Пайда болгон чарба, үй иштерин бирөөгө акы төлөп бүткөртүүӊүз мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бирге иштешүүнү сунуштаган адам чыгат. Пайдалуубу же жокпу, таразалап көрүӊүз. Мүмкүн, ал адам сизди колдонуу үчүн азгырып жүрбөсүн?! Имиджди өзгөртүп, гардеробду жаӊыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Сизди үй ичин ыӊгайлуу кылып кайра жайгаштыруу иши күтүүдө. Апта акырында жаӊы нерселерди билип, өздөштүрүп, акыл-эс кампаӊызды байытасыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жаӊы иш издөө же банктан насыя акча алып жеке ишти баштоо тууралуу ойлоносуз. Мүмкүн, керектүү адамдарга кеӊеш сурап кайрыласыз. Апта башында өзүӊүздү жакшы сезбешиӊиз ыктымал. Балдарга байланыштуу маселелер баары бир үйдө жылуу-жумшак отургуза койбойт. Апта акырында досуӊуздун чакан жакшылыгын белгилөөгө катышасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта башында жакын таанышыӊыздын кыянаттыгы стресске жеткирет. Мындан улам оюӊуз бир жерге топтолбой, ишти да кыйратпайсыз. Бирок идеяларга байыйсыз. Шаршембиде жакшы таасир калтыруучу жолугушуу чыгармачылык менен бир нерселерди жасоого түртөт. Апта аягындагы ийгилик адамдардын мүнөзүнө жараша мамиле жасай алууӊуздан көз каранды.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Иште бир топ маселенин чечилишине салым кошуп, аброюӊуз өсөт. Жеке жашоого келсек, өткөн окуяларды эске салчу кездешүүгө тушугасыз. Ошондой эле кечеге чакырык алып, белек сатып алууӊуз ыктымал. Бойдоктор сүйүү жаатындагы маселени чоё бербей чечип, ары же бери болуулары зарыл. Кайсы бир мелдештен утуп чыгууда акыл-эс кампаӊыздын кенендиги жардам берет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жаӊы иштерге киришкендин ордуна бүтпөгөн эски иштерди бүткөрүӊүз. Болбосо тигинисине же мунусуна жетишпей, бөөдө сарсанаага малынасыз. Сүйүүдөн жолуӊуз болот. Анткени шеригиӊиз мээрими менен жан дүйнөӊүздү шаӊга бөлөйт. Жолдо жүргөндө байкабастыктан бир нерсеге урунуудан же уӊкур-чуӊкурга кулоодон сактаныӊыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын башында жагымсыз абалга туш келип, достордон жардам сурайсыз. Көбүрөөк көӊүл бурбаганыӊыз үчүн үйдөгүлөрдөн жеме угууга туура келет. Апта ортосунда жумушта бир нерсени туура эмес жасап жибербеӊиз. Бөөдө айып төлөп каласыз. Апта аягында туура эмес тамактангандыктан, ашказанда маселе жаралышы мүмкүн.

Балык (20.02-20.03)
Шеригиӊизди бир иштерде алдап, пайда табууга аракет кылбаӊыз. Анткени чындык бат эле билинип, уят болосуз. Жүрөгүӊүздү өйүгөн кыймылсыз мүлк же курстан окуу маселеси кайрадан жанданат. Жакындарыӊыз азык-түлүктөн же акчадан кайрылып, жүгүӊүздү жеӊилдетет. Оӊтойсуз абалга калбоо үчүн достордун үй-бүлөлүк иштерине кийлигишүүнү коюӊуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 637, 16-январь-22-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан