СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

Жаңы сериал

Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканыма эки күн болду. Үч кишиге ылайыкташкан палатада орто жашка барып калган арыкчырай, жароокер аял экөөбүз жатабыз. Анын ачык-айрымдыгынан улам бат эле тил табышып кеттик. Эки күндүн ичинде дартыбыздын себебин да, үй-бүлөбүз жөнүндө да, алтургай азыноолак башыбыздан өткөргөн ар кандай окуяларды сурашканга да жетиштик. Экөөбүз кудум бир нече жылдан бери тааныштай божурашып, ооруканада жатканыбызды унутуп калабыз. Кээде бир топко ырдап да алабыз. Аял жакшы ырдайт экен, үнү да уккулуктуу, мукам.
Үчүнчү күнү жаш кызды бош орунга алып келишти. Кыз түзүк саламдашканга да жараган жок. Өзү каалаган жокпу, айтор, башын суз гана ийкеди да, төшөнчүлөрүн даярдап, унчукпай жатып алды. Шайыр отурган биздин маанайыбыз түшүп, кызык абалда калдык. Артынан кирип аны-муну сураган мээрман айымга да оңдуу жооп бербей, күңк-мыңк этип тим болду. Кийинки күндөрү уколун алып, дарысын ичип, анан дааратканага барганы болбосо, керели кечке сулк жата берди. Башка палата куруп кеткенсип, бул маанайы ачылбаган кызды бизге кошуп койгонуна ачуубуз келгени менен, унчуга алган жокпуз. Же жыргатып тамак жебейт, же бир кепке келбейт. Милдетин алгансып “тамак ичип койчу, чай ууртап койчу, ачка болосуң” дей берип жадагандай эле болдук. Бир ирет эмне болсоң ошол бол дедиби, жанымдагы аял кыңкылдап адатынча ырдай баштады. Кыз башын чүмкөп бир аз жатты да, анан сыртка чыгып кетти. Ошол бойдон күүгүм кирсе да палатага келбеди.
– Эмне ырдайсыз?!- деп эжени күнөөлөй баштадым.
– Ырдасам эмне болуптур, оорулуу бир ошол бекен? Тыржыят да тим эле! Мага десе баш­ка­ палатага которулуп алсын. Ушул келгени бир кере дем алсам өлөйүн,- деп эже жинденип алды.
– Чын эле катуу ооруп жаткандыр,- дедим мен эми бушайман болуп.
– Ошентип, адам жапайыдан бетер бирөөнү жактырбаса, же бирөө менен сүйлөшпөсө, эртеден кечке буулуп жата берсе, анын нерви бузулбай, анан менин нервим бузулмак беле? Жаш эле неме жадырап-жайнап жүрсө эмне?!
Эже ушуларды айтып кейип-кепчип алды. Мен да анын жаштыктын доорун сүрүп, ойноп-күлөр чакта өзүн-өзү капаска камап алганына түшүнө албадым.
– Иий кокуй, жүрү, карап келели, кантсе да бирге жатабыз, - деди эже бир оокумда. Экөөбүз аны оорукананын айланасындагы орундуктардан таба албай көпкө убара болдук. Имараттын артындагы эски орундукта жалгыз отурган экен. Акырын барып биз да үн катпай жанына отурдук. Ал бир топко унчукпай отурду да, анан башын көтөрүп:
– Мени кечирип койгула, силерди да кыйнадым окшойт,- деди.
– Жок, биз... Мен... Ушул кысылып отургандан көрө ырдап, көңүл жазып отурсак дейм да, капа болбо сиңдим,- деп жанатан бери кыйынсынып отурган эже жалооруй сүйлөдү.
– Эже, ырдап отурганга не жетсин,- деп кыз ойлуу үн катты.
– Баса, менин атым Малика.
Кызык, ал келген күндөн бери таанышкан да эмес экенбиз. Биз да өзүбүздү тааныштырдык. Малика күлгөнгө аракет кылды, бирок жүзүндө билинер-билинбес жылмаюу пайда болгону менен, көздөрү мостойгон бойдон калды. Мен эми гана анын ыйлаганын байкадым. Аны жөн жерден жек көрүп жүргөнүмө ичимден өкүнүп кеттим. Анын жаш толгон көздөрү муңдуу да, сырдуу да, сүрдүү да, армандуу да, ызалуу да, жадакалса акылдуу да эле. Кесибим журналист болгондуктан, түркүн адамдар менен маек куруп, алардын тагдыры, бактысы жөнүндө жазып жүргөн мени кыздын муңайыңкы жүзү кайдыгер калтырган жок. Малика жөнүндө көп нерсени билгим келгени менен, суроо бергенге батына албадым. Анткени мындай адамдар менен маектешүү оңой эмес эле. Алар өзү каалап айтып бербесе, сурооң жоопсуз калары анык. Болгону, кыз табиятынан кайдыгер, суз эмес экени, тагдырдан катуу сокку алганы билинип турду.
– Канча жаштасың?
Эже да башка суроо бергенден айбыктыбы, же чындап кыздын жашына кызыктыбы, айтор, ортодогу жымжырттыкты буза суроо берди.
– Жыйырма беш,- деп жооп берген Малика ордунан туруп халатын күбүй калды. Үчөөбүз унчукпай палатага келдик.
Улам көздөрүнө жаш келип, кайра таркап, жүзү бирде мостоюп, бирде кубарып, алда кимди күткөнсүп улутунуп алат.
Арзыбаган нерсени сүйлөшүмүш болгонубуз менен, аны эми жек көрбөй аяп да, кызыгып да калдык. Өзү да жата бергенден тажадыбы, же укол-дарынын пайдасы тийип көңүлү ачыла баштадыбы, биз менен баарлашпаса да, сыртка чыгып жанагы эски орундукка көпкө чейин отуруп келет. Экөөбүздүн керебетибиз жанаша коюлгандыктан, анын күн сайын түн бир оокумда бышактап ыйлаганын байкап калар элем. Бул абалын аяганым менен, бир чети адамга жарылып сүйлөбөгөн кырс мүнөзүнө ачуум келет. Эже экөөбүздүн маегибизден улам менин журналист экенимди байкап калган окшойт, бир күнү минтип сурады:
– Сенин кесибиң журналистпи?
– Чынында кесибим боюнча тарыхчымын, бирок журналист болуп иштеп жүрөм. Кичинекей кезимден ыр жазчумун. Кийин кыска аңгемелерди жаза баштадым. Ушунун таасири менен гезиттерге макалаларды жазып, биротоло бул багытка ооп кеттим окшойт.
– Жүрү, бакка чыгып отурабыз, калганын ошол жактан сүйлөшөлү.
Мен Маликанын адамдарга аралаша баштаганына кубанып, анын сунушуна макул болдум. Орундукка барып көпкө чейин жымжырт отурдук. Эрте жаз болгондуктан, жерден көк чөп баш багып, дарактар бүчүр байлап, жер эненин ойгонгону байкалат.
– Эгер сен жаза алсаң, анда мен сага жүрөгүмдө бугуп, сыр болуп жаткан тагдырымды айтып берейин, бирок келишип алышыбыз керек,- деп ал мага аңгемелешүүдөн мурун шарт койду.
– Менин айтып бергендеримди чыгарма кылып жазасыңбы?
– Албетте,- деп мен шар эле жооп бердим. Ал адатынча көпкө чейин бир чекитке кадалып, ойлуу отурду. Башаламан болуп чиеленишип кеткен тагдырынын кайсы учугунан тартып, кайсы жерден баштап айтууну таппай жаткансыды. Мен да унчукпай күтүп отурдум. Малика жаш толо түшкөн көздөрүн ирмеп сөз баштады:
– Мен аны бала кыял, эрке мүнөз, баёо кезимде жолуктурдум. Ага жолуккан кезде жүрөгүмдө кыпындай кир жок, жан дүйнөм бейпил, тынч, дилим тунук эле. Адамдарга болгон ишеничим, мамилем, көз карашым такыр башкача болчу. Ага деген махабатымды жүрөгүмдүн эң терең, эң таза, тунук жерине бекиттим. Романтикага жакын жан болгондугумдан жомоктордо айтылып, китептерде жазылып жүргөндөй бир башкача сүйүүгө жолугарымды күтүп жүргөм. Акыры ошол күткөн сүйүүмө жолуктум. Болгондо да сирень гүлдөгөн жаздын жагымдуу айларынын биринде кезиктим.
Ал жигитке кантип арбалып калганымды билбейм. Качан анын ар бир кадамын, ар бир сөзүн башкалардан кызганып, өзүмчүл боло баштаганымда чындап сүйүп калганымды түшүндүм. Ал да мени чексиз сүйчү, же мага ушундай сезилдиби, билбейм. Жүзүндө кылчалык митаамдыктын белгиси, сөзүндө кыпындай куулук байкалбаган жөнөкөй жигиттен кантип арамдыкты күтөсүң? Менин жасалмасы жок кирсиз мүнөзүмдү, өтө жөнөкөйлүгүмдү сүйөрүн көп айтчу. Күн өткөн сайын бири-бирибиз үчүн бир тууган да, дос да, сырдаш да, муңдаш да болуп, бир бүтүнгө айланып калдык.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 370, 4-10-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан