Мерген Турган: «ЛОСИНЫ КИЙИП САХНАГА ЧЫККАНЫМ ҮЧҮН КАТУУ СЫНДЫРЫШКАН»

«Эске келет өткөн күндөр күлүӊдөгөн,
Мойтоӊдошуп, кучакташып бирге жүргөн.
Кызыл көйнөк жарашып келбетиӊе,
Эӊ биринчи чүрөк элеӊ чүрөктөрдөн.
Ак бантик тагып башыӊа...»

Бул саптарды билбеген кыргыз болбосо керек. Көптөгөн хит ырларды аткаруу менен 1990-жылдары кыргыз эстрадасына узун чачы, так секирип бийлегени менен жаӊылык киргизген Мергенбек Ырсалиевдин (Мерген Турган) сахнага болгон саякаты тууралуу том-том китеп жазса болчудай. Анда каарманымдын кебине чогуу күбө бололу.

«АТАМ АРТИСТ ЭМЕС, МАЛЧЫ БОЛОСУӉ ДЕГЕН»
– Биз жакта Ала-Мышык деген тоо бар. Эл алдына чыгып ырдагандан уялып, ошол тоонун арасына, күрүлдөп аккан Нарын суусу менен жарышып ырдачумун. Бул жоругумду классташ кызымдан башка бир жан билчү эмес. Бир жолу орус тили күнү болуп, биздин класс даяр болбой калдык. Баягы кыз «бизден Мергенбек ырдайт» деп салды. Эл алдында биринчи жолу ошондо ырдадым.
Мектепти аяктаганда атама «артист болом» дедим. Атам айдоочу болгону менен, комузду укмуш чертчү, ошого карабай менин тандаган кесибимди угуп чалкасынан кетти. «Артист болуш оӊой эмес, сени кайсы жерден, кайсы сыраканадан издейм? Артист болсоӊ сенин акчаӊ да, үй-бүлөӊ да болбойт, тентип жүрүп өлөсүӊ. Сени бухгалтер кылам, Фрунзедеги окуу жайга тапшыр» деп Медаль эжеме кошуп жиберди.
Экзамен тапшырып жатып байкасам, окууга өтүп бара жатам, анан атайын эле орус тили сабагын начар тапшырып «2» алдым. Өтпөй калып, документтеримди сүйүнүп алып чыксам, эжем «эл ыйлап чыгып жатса, сен эмне жыргайсыӊ?» дейт. Мен «филармониянын алдындагы студияга тапшырам, ырчы болом» дедим. «Сенин планыӊ ушундай беле, мен атама телефон чалам» деп аны менен сүйлөшүп кирди. Атам менин ырчы болом дегениме жаны кашайган окшойт, «артист болбойт, айылга алып кел, мал кайтартам» дептир. Анан шалпайып Нарынга келсем, эт комбинатына киргизип койду. Мурун ошол комбинаттын жанынан мурдумду жаап өтчүмүн, аябай сасык эле. Кашайып ошол жерге иштеп калсам болобу?! Алгач колум менен мурдумду жаап, бир колдоп иштеп жүрдүм. Чогуу иштегендер «минтип канчага чейин иштээр экенсиӊ?» дей беришчү. Жанымдагылар эрте кетип калышчу, мен түнкү 2-3кө чейин калып, малдын башын бузганча кыйкырып ырдап алчумун. Үйдөгүлөргө 80 рубль айлыгымды, андан сырткары эт алып барам. Ата-энем «мына, багат деген ушу, сен артист болом дейсиӊ» деп сүйүнүп отуруп калышат.

«ПОЧТОЧУ БОЛДУМ ДЕП АЛДАДЫМ»
– Эт комбинатта иштей берип тажап да, кыйналып да кеттим. Бир жолу Гүлжан Карабаева деген кошуна эжеме жолугуп калдым. «Нарын» театрында иштечү. «Атам артист кылбай жатат» деп ага арманымды айтып ыйлап алдым. Ал «театрда кастинг жүрүп жатат» деп калды. Сүйүнүп дароо жетип бардым, ырдатып көрүп жактырышты. Бирок «ырчылыкка орун жок, сахна артында иштеп тур» дешип, көшөгөнү ачып-жаап, декорация ташый турган жумушка алышты. Ошол эле учурда театрдагы "Нарын" тобунда да ырдай баштадым. Үйгө келип, «почточу болуп жумушка кирдим» дедим. Апам «эмне кыласыӊ ар кимдин эшигин такылдатып, итке таланып?» деп кейиди. Күнүгө велосипедимди минип алып «кат таратам» деп театрга кетем. Бирок бул жумушка киргениме кийин өкүнүп калдым. Анткени декорация үчүн коюлчу жыгач, таш аябай оор эле. Бир жолу концертти жалдырап карап отуруп, көшөгөнү түшүрбөй унутуп калыптырмын. Анын айынан бөлүм башчы менен урушуп кеттим.
Көп өтпөй "Нарын" тобу концерт бермей болдук. Ага эл көзүнө түшө баштаган Күмөндөр Абылов катышмак. Ал кишини атам жакшы көрчү. Үйдөгүлөргө "куудулдун концерти болот" деп билет бердим. Ошондо 1-жолу чоӊ сахнага чыктым, ырдап жатып атам менен көзүм чагылыша түшүп өзүмдү жоготуп жибердим. Кечинде үйгө кире албай коркуп араӊ кирдим. Апам сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберди. Атам «көрдүм, болуптур, апаӊ экөөӊ менден жашырыптырсыӊар» деп басып кетти.

«СУЛУУ КИШИНИ КҮТҮП ТУРА БЕРИПТИРМИН»
– Аскерге чакырык алганда атам «сени алып кала албайм, алдагы узун чачыӊды жоготуп, ырчы болом деген оюӊдан кайтып келесиӊ» деген өкүмүн угузду. Чачымды "Долон"
("Нарын" тобу кийин "Долон" болгон) эстрадалык тобунда ырдап жүргөндө эле өстүрүп алгам. Кичине кезде устара менен кыра беришкенде «чоӊойгондо өстүрүп албасамбы» дечүмүн. Классташ кызым чачтарач болуп иштечү, «Мерген, тармалдатып алсаӊ сонун болот» деп салонго эч кимге көргөзбөй алып кирип тармалдатып берген. Леонтьевди туурады дей беришет, бирок анда өзүмдүн эле фантазиям иштеп кеткен. Баягы тармал чачымды кырышты, ыйлап аскерге кеттим.
Аскерден келгенде дагы деле ырчы болом деп театрга бардым. Барсам, мени менен чогуу иштеген Батма Качкынова, Роза Заитова эжелерим, Канат Усупов агайым Бишкекте «Таазим» тобунда иштеп жатышыптыр. Алар менен телефондон байланышсам, «филармониянын алдына келсеӊ сени топтун жетекчиси Марат (ред. Алыбаев) деген сулуу киши тосуп алат» дешти. Айтылган убакта келип күтүп жатам, жок. Бир киши келип «сен мени күтүп жатасыӊбы, Атыӊ Мергенби?» дейт, карасам өӊү сертирээк экен, "жок" деп койдум. Көрсө, ошол киши экен. Ырдатып көрүп мени ырчы кылып алышты. Карасам баягы эле ырчылар, сахнада колундагы гүлүн сол колу талыса оӊ колуна, оӊ колу талыса сол колуна кармап, телмирип, чайпалып эле ырдай беришет. Марат байкеге «келиӊиз өзгөртөбүз, жаӊылык киргизгим келет, аябай катуу секирип ырдайм» дедим. Марат байке «мен сага ыр жазып берем, бирок ашыкча бийлебейсиӊ, чектен ашсаӊ экөөбүздү филармониядан бир заматта кууп жиберишет» деди. «Сенин күнүӊ, менин сүйүүм. Таппай жүрөм, кайда үйүӊ?» деген саптары бар ыр жазып берди. Жаш балача сүйүнүп, репетиция учурунда тим эле укмуш бийлеп ырдадым. Анын артынан «Ак бантик», «Роза гүлү», «Айсулуу», «Жомоктогу кыз», «Астра гүлү» деген ырларды жазып берди. Ырларым биринин артынан бири хит болду. Ошентип ырчы катары элге таанылышыма Марат байкенин эмгеги өтө чоӊ болду.

«ЧОГУЛУШКА САЛЫП, ЖУМУШТАН ЧЫГАРЫШТЫ»
– «Таазим» тобунун бир жолку концертинде бир орус аял лосины сатып келиптир. «Мода болуп жатат» дегенинен карасын сатып алып, жашыл көйнөк менен сахнага кийип чыктым. Ал кезде жаӊылык киргизем деп эле ошонун үстүндө изденип калгам. Эл кошулуп ырдап, кол чаап ырларымды аябай жакшы кабыл алышты, лосиныны деле байкашкан жок. 3 күндөн кийин эле филармониянын жетекчилиги «тигил балаӊар эмне колготки кийип алган?» деп жыйналыш кылып, мени «тез келип кал» деп чакыртышыптыр. Келсем Марат байкени «сен каякты карап жүрөсүӊ, бул эмне деген шумдук?!» деп урушуп жатышыптыр. Аябай жаман болдум. «Агалар, аталар, кечирип койгула, мен жалгыз күнөөлүүмүн, лосины кийип чыгарымды Марат байкеге айткан эмесмин. Жумуштан мени кетиргиле. Балким, мен өз заманымдан эрте келип алгандырмын» дедим. Арыз жазып бердим, бошотушту, катуу сынып калдым. Эки күндөн кийин кайра чакыртышты. Көрсө, концертте эл «Мергенбек Ырсалиев деген жигит кана? Ошонун ырын уккубуз келет» деп суранышыптыр.
Концертте «кадимки эле филармониянын костюмдарын кийип ырда» деп көндүрүштү. Шалбыраган шым, чоӊ костюм менен өзүмдү ыӊгайсыз сезип, кысылдым. Ал кийим менен бийлей да албайт экенсиӊ. Экинчи чыгышымда өзүмдүн ак түстөгү формам бар эле, ошону кийип, үстүнөн баягы чоӊ форманы кийдим. Алып баруучу мени чакырганда үстүмдөгүнү алып ыргытып сахнага чыгып кеттим. Секирип бийлеп, чачымды тиякка-биякка силкип ырдадым, ямаха чертип жаткан Марат байкенин жанына келип «кечирип коюӊуз, кетирсе эми биротоло кетиришсин» деп шыбырадым. Ал оозун ачкан боюнча калды. Ал күнү министрликтен дагы кишилер келип концерт көрүшүптүр, ырдаганым аларга жагып, жумуштан айдалбай калгам. 1995-жылы Марат байкенин көзү өтүп кетти, ырларды өзүм жаза баштадым.
«Таазим» тобу тарап кеткенден кийин жеке ырчы болуп калдым. Кийин бир жолу куудул Абды Кадырматовдун концертине Алматыга барсам, казактар «биз менен келишимдик негизде иштеӊиз» деп калышты. Ошентип ал жакта да он жылдай эмгек сиӊирдим. Жубайымды таптым, балалуу болдум, Нурлан Абдуллин өӊдүү дос күттүм, Сулуучач Нурмухамедова сыяктуу белгилүүлөр менен чогуу иштедим, өзүмдү финансылык жактан камсыздадым дегендей. Азыр келинчегим Алматыда милиция кызматкери болуп иштейт, атасы оорулуу болуп калды, жалгыз кызы болгондон кийин караш керек экен. Балам болсо ошол жакта мектепке даярдоочу классына барат. Казакстандан келгенден кийин пародия жанрында иштеп, Алла Пугачёва, Верка Сердючка, София Ротарунун образдарын элге жеткирдим. Куудулдар сынагында Дыӊкы жеӊени ойлоп таптым. Учурда ырчылыктан сырткары фермерлик менен алектенем. Көгүчкөн, бөдөнө, тоок, кой багып сатам.

Бермет Ырсалиева, эжеси: «МЕРГЕН КОЗУ ООРУП КАЛСА ДЕЛЕ БООРУ ООРУЙ БЕРЕТ»
– Мерген бир туугандар арасында бирөөбүз ооруп калсак, кошо ооруп, кошо ыйлап алат. Аябай боорукер. Ал эле эмес, кой-козу ооруса да «ий, байкушум» деп моюнун, колу-бутун ороп кирет. Анан абдан ак көӊүл. Ак көӊүлдүгүнөн көптөр пайдаланып да кетишет. Кээде «ушундай болуп калды» деп капаланып отурганда "заманыӊ түлкү болсо түлкү бол, карышкыр болсо карышкыр бол" дешет, мүнөзүӊдү өзгөрт" деп урушам. "Ушундай төрөлүп калсам эмне кылайын?" дегенден башка жыйынтык жок.
Иним менен мактанам, сыймыктанам. Кээде ал жөнүндө маанайды түшүрө турган кептерди да угуп калам. Ага капа деле болбойм. Андай сөздөрдү Мергендей болуп кыздын кийимин кийип, аялдын образын жарата албаган, дегеле колунан эч нерсе келбегендер сүйлөп жатышат деп ойлойм.

Алина Жетигенова, ырчы: «ШЫПЫРГЫ ДЕЧҮМҮН»
– Мерген «Таазим» тобуна жаӊы келгенде филармониянын көркөм кеӊеши алты катышуучунун ичинен тандап алышкан. Ал такыр тынч туруп ырдай алчу эмес, жетекчилик «көп бийлебе» деп урушса, бир аз турат да, анан колонкага чейин чыгып ырдап кетчү. Биз «андай кылбай эле койчу, жумуштан кетирип жиберишет» деп сарсанаа боло берчүбүз. Мен аны шыпыргы деп койчумун. Сахнаны бир ыры менен эле баштан-аяк шыпырып кетчү. Канчалык талап коюшпасын Мергендин таланты, мен деген амбициясы жеӊип кетти. Анын каалоосун эч ким тыя алган жок.
Ырчылар чогулуп ашар концерт коюп, мага үй алып беришти. Ырчылардын көбү, анын ичинде Мерген да меникинде жашады. Бир жолу айылдан таенем келсе, даамдуу күлчөтай жасап бериптир. Таежем келип чай берейин десе, Мерген үйдөн чачын төбөсүнө түйүп жүрөт эле да, «Алинанын курбусу сонун тамак жасап берди» дептир. Аябай күлгөнбүз. Кийин ырчылар чогулуп Мергенге да үй алып бердик.

Батма Качкынова, ырчы: «МЕРГЕН ТАМАК ЖАСАЧУ, КИР ЖУУЧУ, БИЗДИ БОЁЧУ»
– Мен «Нарын» театрындагы «Долон» тобунда иштеп жүргөндө Мерген 9-класста болчу. Ошондо эле бизге келип ырдап жүрдү. Моюну, бели ичке бала эле. Анан борборго келип «Таазим» тобунда иштеп калдык. Гастролго чыкканда эртеӊ менен таӊ атпай туруп тамак жасачу, кирибизди жуучу, гримёр да болуп кетчү. Концерттен келип кийимибизди ар кайсы жерге ыргытып салсак, ар бирибиздикин өз-өзүнчө илип, үтүктөчүсүн үтүктөп койчу. Ошондон улам филармонияга штаттагы костюмер кылып алганбыз. Ал кезде тартип катуу эле, жетекчилер «Мергендин чачын кестиребиз, бул баланын жүргөн-турганы кандай?» деп калышты. Андай учурда жетекчибиз Марат Алыбаев «акырын сахнага чыгып кете бер» деп койчу.

Абды Кадырматов, куудул: «КЕТЕМ ДЕСЕ ИЧИМ КҮЙГӨН»
– 2000-жылы Казакстанга куудул катары жакшы эле таанылып калгам. Казак ырчылары менен биригип гастролдочумун. Бир жолу Мергенге «Казакстанга барып келели» десем «жок, барбайм, ал жакка өмүрү барган эмесмин» деп коркуп алыптыр. Анан эле бир күнү «барса барып келели» дейт. Ошентип Чымкентте концерт бердим. Мерген чыкканда эл күлүп, кызыктай кабыл алышты, ырдагандан кийин менин концертим эмес эле, Мергендин концерти болуп кетти. Эл кайра-кайра суранып туруп алышты. Бир казак досум «Мергенди колуӊдан чыгарба, концертиӊдин мотору экен» деди. Ошондо казак продюсеринен чогуу иштешүү сунушу түшүптүр. «Ушинтип казактар менен иштешмей болдум» десе, биздин топтон кетип жатканына бир чети жиним келсе, бир чети ичим күйгөн эле. Он жылга жакын иштеп келди.

“Аялым Жылдызай менден он жаш кичүү. Уулум Ханраат Алматыда мектепке даярдоочу класска барып жатат”.

"Чыгармачылыкта абдан жакшы досторду таптым. Менин үйүм убагында психологиялык жактан жабыркагандарды колдогон жай болчу. Ажырашкандар, таарынышкандар, батирден чыгып калгандар меникине келишчү".

“Ыраматылык Бакыт Букаев, Токтобүбү Черикчиева жана мен”.

“Апам Үмүт, кенже иним Казыбек жана мен. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын алтынчысымын”.

“Аскердик кызматымды 2 жыл Чехословакияда өтөп, улуу сержант болуп келдим“.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
Bakulya79
2015-01-20 12:26:32
Мага да жагат Мерген байке телеге чыкканда жарк дей эле тушот.анча-мынча эркектер минтип Мерген байкенин образын жарата албайт.Бул да болсо кудай берген талантта.Уй-булолук бакыт каалайм.
+5
merlin
2015-01-20 12:26:58
ой тобоо шумдугун кур дунуйо...ушунча да коро албастык кыласынарбы? Сонун адам, мыкты ата, таланттуу инсан...биринчи Мерген кылганды кылып,баскан жолун басып,ичкенин ичип,кадыр баркка ээ болуп анан суйлосонор жарашчудай!
+5
B.GULNARA
2015-01-20 13:10:30
ak konul, jurogu taza, ichinde kiri jok altyn adam dep, kop adamdardan ukkam. Demek oshondoi adam. Bar bolunuz Mergen baike. Anan da toilordu soonun alyp barat. Kyzga okshoshpu, chachy uzunbu al ozunun ishi.
+4
B.GULNARA
2015-01-20 13:12:20
anan da bergen maegi abdan jakty
+4
beknazar_81
2015-01-20 13:13:48
Жаш кезинде жакшынакай эле бала болгон экенго сулуу жигиттерден болуп азыркы журушу эмнеси ХХХ ХХХ ХХХ
-3
admin_superstan
2015-01-20 13:26:26
beknazar_81, мазактоого, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
+1
Merin
2015-01-20 14:33:45
таланттуу аябай, биздин корпоративкага келип аткарып бергенде, барына жаккан! ак конул жакшы киши экени корунуп эле туратго ))
+3
umka87
2015-01-20 16:32:55
Мергендей болуш кыйын коп сын тага бербегилечи
+4
kubzero
2015-01-21 11:43:58
Ээ бирок чын эле кыздай журот э? Таланты бар зынк да зынк
-1
vangolu
2015-01-21 13:05:32
Легенда кайталангыс талант!!!
+2
Sayragul
2015-01-21 13:19:57
Дынкы жене болгону аябай сонун аткарган. Кулуп отуруп ичин эзилет. Таланты кучтуу.
+2
N.mira
2015-01-22 04:17:05
Менин да бир эжеми Мерген Турган деп коет эле атам.Ал жогорку окуу жайга откондо узуун чачын кырктырып келген болчу.Корсо окшошуп калган экенда.:-)
0
saiko.r
2015-01-23 00:35:07
Okup elestetip abdan kuldum negizi ele bul kishini korsom kulkum kele beret tynchy jok adamgo. Komenterde abdan kulkuluu eken
0
naskakg
2015-01-23 03:50:39
окуп алып,элестетип,аябай кулдум:-) мага да жагат!
0
FSB
2015-01-23 04:36:33
Fenomen baike!!!
0
bayas.07
2015-01-25 21:33:14
Мерген брат Моголдор уруусунан деп уктум, чынбы экен а? Менда Моголмунда
0
№ 637, 16-январь-22-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан