СУУ КУЯР ОМОКТУУ ОЙ, ИДЕЯЛАР ДҮЙНӨСҮНДӨ ЖАШАЙТ (21-январь – 20-февраль аралыгында төрөлгөндөр)

Шаӊкылдаган шайыр компаниянын үнү кайдан чыгып жатса, ошол жерде жок дегенде бир суу куяр бар десе болот. Сыртынан алып-учуп ордунда турбаган адам көрүнгөндүктөн, «суу куярлардын табияты аба эмеспи» деп калсаӊыз керек. Бирок булардын айрымдары түмөндөгөн пландарды түзүп алып, ой басып, адамдардын тобунан бөлүнүп да калышат.
Кандай гана кесипти тандабасын, артыкчылыгын көрсөтө алышат. «Суу куяр ийгиликтин символу» дешет. Ушул себептен булардын жеткен ийгилигинин аркасына жашынып, пайда тапкандар да болот. Тагыраак айтканда, талаасын сугарган суу куярдын арыгынан чыккан майнап бир нече адамга пайдасын тийгизет.
Коомдук иштерге аралашып, активдүүлүгүн көрсөтүшөт. Алар буюмдарды коллекциялоо, живопись, бир нерсенин үлгүсүн жасоо, географиянын жана экономиканын тарыхы сыяктуу түрдүү нерселерге кызыгышат.
Ар качан адамдардын тобунун чок ортосунда жүргөнүнө карабай, кээде суу куярлар түшүнүксүз адам болуп өзгөрүп турушат. Ушул себептен булардын көбү жалгыз болушат. Суу куярлар унутчаак келишет, бирок бул алардын жашоосунда чоӊ көйгөй деле жаратпайт. Себеби билим алуу жаатында ыкчам келишет, аларга учуктун чымчый турган учу чыкса эле болду.
Мыкты сапаттары: оригиналдуу идеяларга бай, бат тил табышат, адамгерчиликтүү жана шайыр.
Кемчиликтери: өзүмчүл, орой, кенебес жана көк бет.

Шайкеш келген жылдыздар: кой, балык, эгиздер, тараза, жаачы жана текечер.
Жылдызы келишпегендер: букачар, чаян, арстан.
Мамиле курса болот: бөйөн, суу куяр, бийкеч.

Табияты – Аба
Колдогон планетасы – Уран, Сатурн
Ташы – Циркон, аквамарин, бирюза
Түсү – Күлгүн, күмүш жана чымкый көк

СУУ КУЯР – МЫРЗА
Суу куяр мырзалар менен турмуш жолуна бирге түшкөн айымдар үчүн бир түрдүүлүк менен зеригүү деген болбойт. Бул мырзалар кызганчаак эместиги менен кубандырышат. Ошондуктан тандаган айымынын өзүнө көӊүлдү көп бурдурууга аракет кылып тырышканын түшүнө албай кетет. Анткени алар бир гана адамды эмес, жалпы адамзатын жүрөгүнө батырып сүйө ала турган жандар. Табышмактуу айымдарга кызыгып, алардын жүрөгүн багындыруу үчүн ар түрдүү ыкмаларды ойлоп табууга жөндөмдүү келишет. Эгер мындай айымдар суу куяр мырзаларга ишеничин артып, өзүнүн табышмактуу сыры менен бөлүшүп койсо, алардын кызыгуусу көпкө созулбайт. Башкача айтканда, ойнолуп бүткөн оюнчукту таштап койгон балага окшоп, андан ары кызыгуусун улантпайт. Күчтүү сезимдерин билгизип, ырахат тартуулоо дегенди билишпейт. Ошондуктан өзгөчө деле көӊүл бурууну каалабаган жана көӊүл коштуктан иренжибеген айымдар суу куяр мырзалар менен узак жашай алышат.

СУУ КУЯР – АЙЫМ
Буларды табият колго жасагандай тыкан жана жагымдуу жараткан. Баары теӊ ажарлуу келишет дегенге кошулбасаӊыз, анда буларды өтө кызыктуу талкуу жаралган топтордон көрө аласыз. Суу куяр айымдардын көбүнө фантазия жана эӊ сонун табит мүнөздүү. Алар көп нерсени башкалардыкына окшоштурбай, өздөрүнө гана шарттап, өзгөртүп алууга жөндөмдүү келишет. Эӊ эле сүйлөбөгөн суу куяр айым дагы «аялдар психологиясын жатка билем» деген мырзаны жолдон адаштырып коё алат.
Суу куяр айымдар эч качан чала тааныш адам менен көз жумуп турмуш курушпайт. Колуна нике шакегин тагынгыча өмүрлүк жарын ийне-жибине чейин иликтөөгө аракет кылат. Бирок ушунчалык дыкат карап чыккан аракети деле суу куяр айымдардын көбүн нике жаатында бактылуу кыла бербейт. Мындай тагдыр алардын эркиндикти бардыгынан өйдө койгондуктан келип чыгат десек болот. Суу куярлар өмүрлүк жарын кадам сайын кызганып, кызыл чеке болуп араздаша тургандардан эмес. Бирок көзгө чөп салууга далил тапса, өмүрүнүн акырына чейин кечирбейт. Суу куяр айымдардын эмоциясы алдамчы келиши мүмкүн. Алар сизди оозеки сүйлөшүүдө бир нерсеге ишендирип турса, ичинен таптакыр башка нерсени ойлоп жатканында кепилдик бар десек болот.

СУУ КУЯР – НАРИСТЕ
Эгер наристеӊиз суу куяр жылдызынын алдында төрөлгөн болсо, анда анын кыял-жоругу чыга баштагандан тарта тыкыр изилдегенге аракет жасаӊыз. Көпчүлүгү ата-энесинин мамилеси оюндагысындай болбосо, конфликтке баруудан кайра тартышпайт. Бул учурда кылам деген нерсесине убактылуу уруксат берип, абалдан чыгып кеткен оӊ. Суу куярлар бала чагынан тартып жоро-жолдош, доско бай келишет. Мындан улам алар түстүү калем, кагаздардын жыйнагы жана пластилин сыяктуу буюмдарын баарына тарата берип, сизди окуу куралдарын кайра-кайра толуктап сатып берүүгө аргасыз кылат. Алар кичинесинен берешен жана ак көӊүл келишет. Мунун кесепетинен кийин айрым суу куярлар адам көӊүлүн кыя албагандыктан улам чечкинсиз болушса, кай бирлери ысырапкор болуп чыга келишет.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
sekelek96
2015-01-19 17:40:04
Воо,вообще чыктыго мына сагаа
0
gumi94
2015-01-19 21:16:06
Козерогдорду дагы жазып чыккылачыыыыы
0
admin_superstan
2015-01-20 16:32:23
gumi94, саламатсызбы! Ал ал жылдыз тууралуу жазылган: http://www.super.kg/article/?article=30431
0
NADUW
2015-01-20 03:03:21
,Меники точь в точь
0
aidinaernur
2015-01-20 05:53:58
Ой тооба менин кызымды точна жазып коюптур
0
Vodafone
2015-01-20 17:36:29
Меники да туура чыкты 90 %
0
Vodafone
2015-01-20 17:37:03
Бирок аз эле жазып коюпсуңар да
0
Leo.
2015-01-20 18:56:31
arstan jokbu?
0
admin_superstan
2015-01-21 11:28:40
Leo., саламатсызбы! http://www.super.kg/article/?article=28495
0
Sa9g_90
2015-01-22 02:02:28
Мага да 90% туура келип жатат
0
fanatkg
2015-01-22 20:22:14
Уулкан сени суйом.
0
aseelya
2015-01-24 03:50:29
Озум го озум
0
aksy.kg
2015-01-24 20:07:03
дал келет экен
0
askat.92
2015-01-25 19:28:40
jakshy jazylyptyr, dal keltirip ))
0
Aizurok
2015-01-26 15:37:50
Топ келди ой тообо , бирок бактылуумун ажрашуудан кудай сактасын
0
Peristem-koo
2015-02-16 10:43:51
А менин Суу куярым кызганчаак, чачынды жайба, боенбо, бийик така кийбе дей берчу.. Корсо чачымды жайып боенуп койсом сулуу болуп калат экенмин да, ошого ушинтип айтчу экен.. Озумчулдугу да дал келди, бирок ал адамм.н зерикпейсин..
0
terabait
2015-02-20 19:42:49
Менин эле белгилерими жазбай айтты го чиркин бир туура эмес жагы кок бет эмесмин
0
№ 637, 16-январь-22-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан