Адамдын эс-тутуму табияттын укмуштуудай табылгасы. Эгер ал болбосо, биз бири-бирибизди тааный алмак эмеспиз. Ал гана эмес, өткөндөрдү эстей албай, жалаӊ жаӊы күн менен жашамакпыз. Бирок эс-тутумдун начарлап кетүүсү да белгилүү. Буга эмне себепкер жана аны кантип калыпка келтирүүгө болот?
МЭЭНИ АКТИВДҮҮ ИШТЕТПЕСЕ, ЭС-ТУТУМ БУЗУЛАТ
Мээ – башка органдарыбыз сыяктуу эле биздин кам көрүүбүзгө, активдүү абалда кармообузга муктаж.
Эс-тутуму начар дегенде эле улгайган адамдарды ойлойбуз. Буга да канчалык бир деӊгээлде негиз бар. Анткени алардын кээ бирлери буга чейин билгендерине топук кылып, ошолорду унутпай жүрсөм болду деп ойлошот. Турмуштук маселелер менен алаксып, жаӊы нерселерди билүүгө умтулушпайт. Эгер жаӊы нерсеге кызыкпаса, демек, мээнин иштеп туруусуна түрткү берген нерсе жок. Башкача айтканда, адам эс-тутумун өнүктүрүүнү токтотот. Иштебеген нерсе акырындан дат басып, керектен чыга берген сыяктуу эс-тутум да бузула баштайт. Бул процессти дарыгерлер барактагы жазуунун сыясынын өчүп баратканына салыштырышат.
Мээ булчуӊдарга окшош. Аны канчалык машыктырсаӊ, ошончолук жакшы иштейт. Мээни канчалык активдүү кармасаӊ, эс-тутум да, көӊүл буруу да ошончолук жакшырат. Ошондой эле карыганда алжып калбайсыӊ.
Адамдын эс-тутумунун орточо сыйымдуулугу 1000 терабайт
(1 терабайтта 1024 гигабайт бар). Салыштырып көрсөк, Улуу Британиянын Улуттук архиви 70 терабайтты түзөт.
КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮ ЖОЛДОРУ КАЙСЫЛАР?
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg