Гезитибиздин өткөн санында «Non-Stop» дуэтинин «Кыргызстаным» аттуу ыры тууралуу сөз кылганбыз. «Ушул ырдын автору менмин. Бирок алар автор катары менин атымды атабай ырдап жүрүшөт»,- деп нааразы болгон Данияр Абдижалиев аттуу окурманыбыздын баянын жарыялаганбыз. Гезит жарыкка чыгары менен бизге «ал ырдын автору менмин» деп акын Жыргалбек Акматалиев кайрылды. Ал:
– Данияр деген жигит «ырдын авторумун» деп калп айтат. Эптеп бирөөлөрдүн аркасы менен элге көрүнөйүн дедиби же «Non-Stop» дуэтинен акча өндүргүсү келдиби, айтор, менин калемиме таандык «Ата Мекен» деген ырды уялбай талашыптыр. Ал «ырды 2005-жылы жазгам» дептир. А мен бул ырды 1994-жылы студент кезимде жазып, 1998-жылы чыккан «Жан дүйнө жаӊырыктары» жана 2001-жылы жарык көргөн «Жаш кыял» деген китебиме басып чыгаргам. Ал убакта Данияр 3-4-класста окуп жаткан болуп калат. Анан да ыр Данияр айткандай 3 куплеттен эмес, 4 куплеттен турат.
«Non-Stop» дуэти ырды менден уруксат алып аткарышкан, аларга дооматым жок. Жок жерден менин намысыма шек келтирген Данияр аттуу жигит менен мыйзам чегинде сүйлөшөйүн деп жатам,- деп билдирди.
Бул окуя боюнча Данияр Абдижалиевге кайрылганыбызда, "мен эч кимден көчүрүп жазган эмесмин, ал кишинин ысымын биринчи жолу угуп жатам, жөн эле төп келип калышы мүмкүн. Окшош ыр жазып алып талашып жүргөндөр толтура. Бирок Жыргалбек Акматалиев деген улуу эле киши экен, андан ыр талашпайм, улуулугун сыйлап, ошол ырды бердим, ала берсин, андан башка ырларым толтура»,- деген жообун уктук.