Төкмө акын Аалы Туткучев 10-январда кырк жылкылуу болуп, кызына Мөлтүр деген ысым ыйгарган. Минтип кубанып бүтө электе ага ийгилик кушу жылмайып, 15-январда Эстебес Турсуналиев атындагы «Эл ырчысы Эстебес» фольклордук тобунун жетекчилигине дайындалды. Айта кетсек, бул топту
Аалыга чейин Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуржамал Табалдиева жетектеп келген.
Ал эми ырчы Эмил Балтагулов үй-бүлөсү менен Жалал-Абад облусуна көчүп барып, чыгармачылыгын улантып жатканына 2 жылдын жүзү болду. Ал ортодо "Сезим" эстрадалык тобун да жетектеп келген. Ырчыны жыл башында эле ийгилик коштоп, Жалал-Абад облусунун филармониясынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Жаш жетекчилердин ишине ийгилик, чыгармачылык эргүү каалайбыз!