КОҢУРУК ЭМНЕСИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ?

Коңуруктан Жер шарынын калкынын 3 пайызы жабыр тартат. Көбүнчө бул ооруга ашыкча салмакка ээ 30-60 жаштар аралыгындагы адамдар кабылат. Коңурукту убагында дарылабаса, түрдүү ооруларга алып келиши мүмкүн.

КОҢУРУК КАНДАЙ ООРУЛАРГА ЖЕТКИЗЕТ?
Коңурук тарткан адамдын эртең менен башы ооруп, жүрөгү айланып, бир нерселерге бат ачууланат. Тез ойлоно да, бир нерселерди бат эстей да албайт. Анткени түндө дем алуунун бузулуусунан улам организмге, анын ичинде мээге аба жетишерлик деңгээлде барбай, мээнин иштеши бузулган болот.
Ошондуктан эгер коңурук тартуу өнөкөткө айланып, бир нече жылга созулуп кетсе, анда кабыл алуу менен эс тутум жоголо баштайт. Жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болот. Автокырсыкка кабылуунун да саны өсөт. Коңурук кээ бирөөлөрдү үй-бүлөсүнөн ажыроого дейре жеткирет. Баш мээге аба жетпегендиктен, түнкүсүн коңурук тартуучулардын уйкусу бөлүнөт. Тактап айтсак, 7 саат уктоо мезгилинде абанын жетишпестигинен улам 10-30 жолу ойгонушат. Жаман түштөр көп кирет. Андыктан күндүзү уйкусурап, жакшы иштей албай кыйналышат.
Коңурук тарткан балдар башкаларга салыштырмалуу китеп окууну 3,5 эсе, математиканы 3,6 эсе начар өздөштүрүшөрүн да айта кетели. Кээде коңурук тартпаган адам деле катуу чарчаганда коңурук тартат. Мындай учурда аны чалкасынан эмес, капталынан жаткырып коюу керек.

СЕБЕПТЕРИ:

  • Мурун сөөгүнүн кыйшайышы;
  • Мурундун бүтүшү;
  • Мурун көңдөйлөрүнүн сезгениши;
  • Семирүү (моюндагы май дем алуу жолдорун кысып калат);
  • Богок;
  • Мурундун ичине эт өсүп кетүү;
  • Таңдайдагы кичине тилдин тубаса узундугу;
  • Ангина (алкым бездери чоңоюп, дем алуу жолдорун кысат);
  • Тамеки тартуу (бронхторду, аба өтүүчү каналдарды сезгентип, шишитип жиберет).

ДАРЫЛАНУУ
Коңурук тарткан адам сөзсүз ЛОР-врачка кайрылып, дарылануусу кажет. Эгер коңуруктун себепкери болгон оору кайсы экени такталып, дарылоо жүргүзүлсө, анда адам өзү тарткан кыйынчылыктан кутулат.
Семиз адамдар арыктоого тийиш. Андыктан аларга диетологдун кызматы керектелет. Кээ бирлерге диагнозуна жараша хирургиялык операциялар жасалат. Мисалы, адам ангинадан улам коңурук тартса, анда операция жасоо менен алкым бездери алынып салынат. Мурду сынса, түздөтүлөт. Тамеки тартып, ичкилик ичкендер мындай жаман адаттарынан баш тартуулары абзел.
Коңурук тартууга каршы атайын аппарат бар. Андай аппаратты ЛОР-врач тандап берет. Кыскасы, дарыланууну көздөгөндөрдүн түрдүү ыкма жана жолдор менен коңуруктан арылууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

ЭРКЕКТИ ТӨШӨКТӨ АЛСЫЗ КЫЛАТ
Окумуштуулардын изилдөө­сүнө таянсак, коңурук эркектерди акырындык менен жыныстык жактан шалдыкка жеткизет. Себеби жогоруда айткандай, аба менен аз камсыз болгон организмдин иштөө жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Демек, бул жыныстык катнаштын сейрек болуусуна, бел суунун эрте түшүп калышына, уруктуктун сапатынын начарлашына жеткирет. Башкача айтканда, коңурук – эркектердин душманы десек жарашчудай. Демек, дарылануу керек.

КОҢУРУКТАН АРЫЛТУУЧУ КӨНҮГҮҮЛӨР
Медиктер сунуштаган төмөнкүдөй көнүгүүлөрдү жасоо менен адатка айлана элек коңурукту калтырууга болот:

  • Оозду жаап, тилди мүмкүн болушунча түбүнөн артка тартып, ушундай абалда дем алуу кажет. Таңдайда муздактык сезилгенден кийин кадимки абалга келүү керек. Көнүгүүнү күнүнө 3-6 маал кайталоо зарыл.
  • Күнүгө 3 маал тамак ичкенге чейин “и” тыбышын 30 жолу күч менен айтуу керек. Көнүгүүнү 1 ай жасоо сунушталат.
  • Ошондой эле уктаар алдында балдардын упчусун 30-40 мүнөткө чейин соруу оң натыйжасын берет.


СЕМИЧКЕ ЧАГУУ ПАЙДАБЫ ЖЕ ЗЫЯНБЫ?

Семичке чагуу зыяндуу жана жаман адат катары каралат. Сокур ичегиге жеткизет дечүлөр да бар. Ал эми медицина буга кандай баа берет? Чечмелеп көрөлү.

Пайдасы барбы?
Күн карама даны пайдалуу. Анткени ал, биринчиден, каныкпаган май кислоталарына бай. Мындай кислоталар кандагы холестериндин деңгээлин азайтуу менен жүрөктү жана кан тамырларды оорулардан сактайт. Экинчиден, күн карама витаминдерге бай.

  • Е витамини – эрте түшүүчү бырыштардан жана жүрөк ооруларынан сактайт.
  • А витамини – териге жана көзгө керектүү витамин болуп саналат.
  • В витаминисиз чачыбызды какач, бетибизди безетки басмак.
  • Д витамини – сөөктүн бекем болуусу жана организм кальцийди өздөштүрүүсү үчүн керек.
  • Цинк – мунсуз бетибиз көркүнө чыкпайт, чачыбыз кулпурбайт, тырмагыбыз бекем болбойт.
  • Магний – булчуңдардын өсүүсүнө жардам берет, артериялдык кан басымды калыптандырат.

Кызыгы, тамекини таштоону пландагандарга күн караманын данын чагуу сунушталат. Анткени семичке тамеки тартууга болгон каалоону басат.

Зыяны
Биринчиден, албетте, тишке зыян. Тиштин эмалынын жабыркашы турган кеп. Мындай болгон күндө кариеске жол ачылат. Калориялуулугу жогору болгондуктан, арыктоону самагандарга чакканга болбойт. Анан дагы 1 стакан күн карама данын чаккандар 1 чарчы метр полду тили менен жалагандай болот. Анткени күн карама даны кир.

Жыйынтык
Күн карама данын дайыма болбосо да, анда-санда чагуу керек. Болгону, катуу куурулганын албоо керек. Сатып алган соң мата үстүнө төгүп, кол аарчы менен чаңы кеткидей кылып аарчуу кажет. Анан дагы тиш менен эмес, кол менен чагууга үйрөнүү зарыл. Же дароо эле чагылып, кагаз баштыкка салынып коюлган даярын сатып алуу кажет.

Кызыктуу

  • 100 грамм күн карама данында 520 килокалорий бар. Башкача айтканда, бул кубаттуулугу жагынан жарым батонго же 1 шишкебекке тең.
  • 50 грамм күн карама данынын калориялуулугу 2 порция кайнатылган күрүчкө же 1 шоколадга барабар.


Элдик медицинадан

КОҢУРУКТАН АРЫЛУУНУ КААЛАСАҢЫЗ...

  • Бир стакан капуста ширесин бир аш кашык балга аралаштырып, уктаар алдында ичүү керек. Дарылануу курсу 1 ай.
  • Уктаарга 4 саат калганда ар бир таноого чычырканак майынан 2 тамчыдан тамызуу кажет. Дарылануу курсу 2 апта.
  • Уктаар алдында тамакты зайтун майы (оливка) менен чайкоо керек. Мындан тамактагы сезгенүүлөр азайып, туруп калган тамеки чайырлары жуулат. Андыктан бул ыкма көбүнчө тамеки тартуучуларга тиешелүү.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 370, 4-10-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан