9-январда Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев ушул жылдын февраль айынан тарта электр энергияга болгон баа арзандай тургандыгын билдирди. Тактап айтканда, 700 киловатт-сааттан жогору электр энергиясын керектеген калк үчүн тариф февралдан тартып 2 сом 5 тыйындан 1 сом 82 тыйынга түшөт. Ал эми өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр үчүн тарифтер 2 сом 19 тыйын эмес, 1 сом 97 тыйын болот.
14-январда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту. Анда министр: «Калкка февралдан тартып электр энергиясы 23 тыйынга арзан бериле баштайт. Айына электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин колдонгондор 70 тыйындан төлөшөт. Ал эми тоолуу аймактардагы эл 1000 киловатт-саатка чейинки электр энергиясын колдонгон учурда социалдык лимиттен ашкан 300 киловатт-саат үчүн өкмөт 62 тыйын компенсация төлөп турмакчы. Калган аймактарда 700 киловатт-сааттан ашыкча электр энергиясын пайдаланган абоненттер үчүн тариф 1 сом 82 тыйын болот»,- деп билдирди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg