Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов интернет аркылуу кайрылуу жолдоду. Издөөдө жүргөн ал өзүнө карата козголгон кылмыш ишин "саясий куугунтук" атап, Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү курууда эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун билдирген.
«Эгерде тергөө адилет болсо, мен Кыргызстанга келип, сот аркылуу өз чындыгымды жана актыгымды далилдөөгө даярмын»,- дептир Оштун "экс-кожоюну".
Айта кетсек, Мелис Мырзакматов "Ош шаарынын мэри болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланып, «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Ош шаарынын жергиликтүү коомчулуктун уставы» мыйзамдарын бузуп, эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси жок аталган көпүрөнү каржылоого жана курууга Оштун жетекчилерине мыйзамсыз буйрук берген" деп айыпталып, издөөгө алынган.
Буга чейин "чет жерде дарыланат" деп камактан бошотулган экс-спикер Ахматбек Келдибеков дагы: «Акмын, мени унутпай тургула!» деген таризде интернет аркылуу салам жолдогон эле.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg