Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев 2015-жылга карата пландалып жаткан айрым иштерди айтып берди. «Бул жылы айыл чарба тармагына дагы былтыркыдай эле 5 миллиард сомдон кем эмес жеӊилдетилген кредиттерди берүүнү пландаштырдык. 2014-жылы берилген кредиттер малдын санын кескин көбөйткөнгө түрткү болду. Мисалы, ири мүйүздүү малдын саны 2013-жылы 1 миллион 367 миӊ болсо, бүгүнкү күнгө алардын саны 1 миллион 426 миӊден ашат. Майда жандыктардын саны (кой, эчки) 5 миллион 423 миӊден 5 миллион 717 миӊге чейин көбөйдү. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянтын 4 миӊ гектарга көбөйтөбүз. Акыркы жылдары күнөсканаларды куруу жана иштетүү жакшы пайда алып келип жатат. Андыктан алардын санын 350дөн 500гө жеткирүү жана 1500 даана техниканы лизингге берүүнү пландадык»,- деди Сарпашев.
Ал эми тоо-кен тармагында 2015-жылы Жер-Үй (алтын), Бел-Алма (көмүр), Тегене (көмүр), Арым II (мрамор) жана Күрмөнтү (акиташ) кендерин иштетүүгө сынак жарыялана турган болду. «Учурда аталган объекттерди сынакка чыгаруу шарттары талкууланып жатат»,- деди биринчи вице-премьер.
Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен республика боюнча 63 объект курулган. Алардын ичинен 42си орто мектеп, 7 оорукана, 3 көп кабаттуу үй, 2 маданий жана спорт объектилери болгон. «Бул жылы дагы 70тен кем эмес орто мектеп, бала бакчалар жана ооруканаларды куруу пландаштырылды»,- деди Тайырбек мырза.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg