Жогорку Кеӊештин депутаттары Карганбек Самаков менен Каныбек Иманалиев мушташып кетишти. Бул жаӊылык 14-январда маалымат айдыӊында таркап, көӊүл чордонун ээледи. Окуядан кийин Каныбек Иманалиев SUPER.KG порталына: «Мушташкан жокпуз, залдан чыгып баратып түртүшүп кеттик. Дароо башка эл өкүлдөрү келип ажыратып калышты. Анчалык деле олуттуу себеп жок. Мени "Самаковду бетке муштады" деп жатышат, бирок аны бетке урган эмесмин»,- деп айтты. Ал арада Карганбек Самаков укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганы жатыптыр деген да маалыматтар таркады. Бирок Карганбек Самаковдун чөйрөсүндөгү жакын адамдарынын бири: «Бул инцидент өттү-кетти. Арыз жазылбайт. Эркектер арасында мындай боло берет»,- деди. Ал эми Регламент жана депутаттык этика боюнча комитет башчысы, депутат Айнуру Алтыбаева бул боюнча маалымат булактарына «билишимче, алар аябай жакшы дос болуп жүрүшкөн» деп билдирген.
Депутаттардын маселени муштум менен чечүүгө аракет кылганы биринчи жолу болуп отурган жок. Кезинде Камчыбек Ташиев фракциялашы Бахадыр Сулеймановду ур-токмокко алып жибергени маалым болгон. Аз өтпөй ошол эле Камчыбек Ташиев менен Алтынбек Сулайманов чарпыша кетип, арачага түшкөн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин бети канга боёлгон сүрөттөрү бүгүнкүгө дейре интернетте жайылып жүрөт. «Ата Мекенчи» Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Абдрахмановдун да жакалашып кеткени бар.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg