Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууда Жол-кайгуул кызматкерлеринин ишинин сапаты оӊолбой жатканын сынга алды.
"Жол-кайгуул кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкан учурлары боюнча коомчулукта нааразычылыктар күч. Врачтар, милиция кызматкерлери жана мугалимдер – булар мамлекеттик бийлик жөнүндө пикир түзүүчүлөр. Жол-кайгуул кызматынын ишин тартипке келтирүү зарыл. Коомдук көзөмөлдү күчөтүү максатында жарандарга жана журналисттерге кайрылам, Жол-кайгуул кызматкерлеринин ишин видеого жана сүрөткө тартып, аларды эфирге чыгаруу керек",- дейт Оторбаев.
Жол-кайгуул кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерин видеого тартып, анын айынан кызматкер ишинен бошотулган фактылар катталып келген болчу. Бирок Жол-кайгуул кызматкерлерине андай окуялар канчалык сабак болгону белгисиз.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg