Ош шаарынын Мухамедсадыр аттуу 21 жаштагы тургуну көпчүлүк жаштардай эле чет жерге, тагыраак айтканда, Түркиянын Стамбул шаарына иштегени кеткен. Ал жактан Сириядагы согушка катышууга үндөгөн жарандардын тобуна кошулган. Маалыматтарга караганда, ал чөйрөдө Мухамедсадыр Хамза ысымын алып, Кыргызстандан барган 60 жаранды Сириядагы согушка жөнөтүүгө көмөктөшкөн. Ал мекендештерин өзү жашаган батирде тосуп алып, кийин Сирияга чектешкен Кайнаржы деген жерге чейин алып барып турган. Андан ары аларды автобустар менен белгисиз адамдар Сирияга алып кетип турушкан. 21 жаштагы Мухамедсадырдын жасап жаткан иштери Кыргызстандын коопсуздук кызматына маалым болуп, аны атасы Түркиядан алып келген соӊ суракка алынып баштаган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов: «Учурда Стамбулдан алып келинген Мухамедсадыр аттуу адам суралууда. Ал отставкадагы аскер кызматкеринин уулу экен. Мухамедсадыр кошулган топто дагы кыргызстандыктардын бар-жоктугу текшерилип жатат»,- деп билдирди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg