Чолпон Дүйшөева, БААУнун алдындагы (ЖМА)нын административдик директору: «КЫРГЫЗСТАНДА ДАЯРДОО КУРСТАРЫНА СТИПЕНДИЯ БЕРГЕН БААУдан БАШКА ОКУУ ЖАЙ ЖОК»

– Академия өз тарбиялануучуларына окуу жактан да, адамдык өсүү жактан да көптү берип келе жатат. ЖМА тууралуу маалыматы жоктор үчүн айта кетсем, ЖМА –бул БААУнун алдындагы 1 жылдык окутуп даярдоочу программа. Анда англис тили гана эмес, математика, кыргыз жана орус тилдери боюнча да сабактар берилет. Бирок эӊ негизги басымды англис тилине жасайбыз. Биз орто жана жогорку билим берүүнүн ортосундагы секирик болуп саналабыз. Башкы максатыбыз – Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн ЖОЖдоруна мыкты студенттерди даярдоо. Академияда окутуу контракттык негизде жүргүзүлөт. Ушул тапта 1 жылдык окуу 3150 АКШ долларын түзөт. Ооба, мындай каражатты төлөө баарынын колунан келе бербейт. Кубаныч менен айта кетчү нерсе, академияга өткөндөр үчүн стипендиялык программа бар. Аталган программа академиянын өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Кыргызстанда окутуп даярдоо курстарына стипендия бөлүп берген башка окуу жай жок.
Жыл сайын Кыргызстан боюнча сынак жарыялап, 70 абитуриент тандап алабыз. Алар ЖМАнын толук стипендиясына ээ болушуп, Академияда бекер окуу укугун алышат. Ал окууга кеткен чыгымдарды гана эмес, ошондой эле жатаканадагы жашоосун, 3 маал тамактануусун да жабат.
Стипендиялык программанын уникалдуулугу – бул сапаттуу билим алууга умтулган, бирок ага шарты жок окуучулардын тандалып алынгандыгы. Биз мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдүн балдарына билим алууга, келечекте ЖОЖдорго окууга өтүүсүнө шарт түзүп беребиз. Албетте, үй-бүлөлүк шарты эске алынып тандалып алынган бала жакшы окуусу зарыл. ЖМАнын стипендиясына ээ болуу үчүн талапкерлердин үй-бүлөлүк шарты менен академиялык көрсөткүчтөрү бирдей каралат. Бир жылдык даярдоо программасын аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн БААУга тапшыруу үчүн даярдыгы жакшырат жана аларга көбүрөөк жеӊилдиктер берилет. 2014-жылдын ийгилиги катары айта кетели, быйылкы 70 стипендианттардын 49 бүтүрүүчүсү Борбордук Азиядагы Америка университетине ийгиликтүү окууга өтүшкөн.
Биз академияга Кыргызстандын бардык аймактарынан тандап кабыл алабыз. Болгондо да өлкөбүздүн эӊ алыскы айылдарынан окуучуларды кабыл алууну көздөйбүз. Ал жактарда билим берүүнүн деӊгээли төмөн экени маалым. ЖМА тууралуу маалыматтарды ММКлар аркылуу жайылтып, окуучулар, мугалимдер жана директорлор менен жолугушууларды өткөрүп келебиз. Тажрыйбабыз көрсөткөндөй, окуучуларга маалыматты жеткирүүнүн эӊ эффективдүү жолу – бул алар менен бетме-бет жолугушуу. Кыргызстандын ар бир мектебинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууну уюштуруу оӊой эмес. Мында башка тараптардын көмөгү абадай зарыл.



ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНА КИМДЕР ТАПШЫРСА БОЛОТ?
Тандоо талаптары:

• Кыргызстандын жараны жана билдирмени берген учурда өлкөнүн аймагында болуу;
• Англис тилинде жазуу жана оозеки түрүндө орто деӊгээлди көргөзүү;
• Материалдык абал боюнча туура келүү;
• Орто мектепти ийгиликтүү аяктоо же 11-класстын, колледж же институттардын бүтүрүүчүсү болуу абзел;
• Окуу жылынын башталышында академияда толук окуу программасын баштоого студент катары даяр болуу.

ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНА ТАПШЫРУУГА ЭМНЕ КЕРЕК?
1-баскыч: ЖМАнын стипендиясына тапшырууда атайын билдирменин бланкын жана башка керектүү документтерди тапшыруу;
ЖМА стипендиясын бөлүп берүүгө ылайыкталган билдирменин толтурулган формасы;
Максаты туурасындагы кыргыз, орус же англис тилдеринде жазылган дил баян. Анда сиз эмне үчүн ЖМАда окууну каалаганыӊыз туурасында жазышыӊыз керек;
Сизге англис тили сабагынан берген мугалимиӊиз тарабынан кол коюлган, сиздин канчалык деӊгээлде англис тилин билгендигиӊиз туурасында көргөзгөн сунуш кат (чапталган конвертте
берилет)
;
Арыздын формасында жана анын тиркемесинде көргөзүлгөн финансы документтеринин түп нускасы же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
Орто билим берүү окуу жайын, анын ичинде мектепти бүтүргөнүӊүздү тастыктаган документ жана сабактардан алган бааларыӊыздын тизмеги;
Өзүнчө сабактар боюнча дипломдордун же грамоталардын көчүрмөсү.
2-Баскыч: Англис тилден тестирлөө жана ЖМА өкүлдөрү менен маектешүү;
ЖМА стипендиясы сынагынын жарым финалчылары англис тилден тестирлөөгө жана ЖМАнын өкүлдөрү менен маектешүүгө чакырылат. Тестирлөө жана маектешүү Кыргызстандын бардык
аймактарында жана Бишкек шаарында өтөт. Стипендияны алуучулар тест жана маектешүүдөн өткөн жарым финалчылардын арасынан тандалып алынат.

МААНИЛҮҮ ДАТАЛАР:

• 2015-жылдын 1-январында билдирмелерди кабыл алуу башталат
• 2015-жылдын 10-апрели – билдирмелерди берүүнүн акыркы мөөнөтү
• 2015-жылдын апрель-май айлары – билдирмелерди кароо жана жарым финалчыларды тандоо
• 2015-жылдын июнь айы – жарым финалчылар үчүн англис тилинен тест алуу, маектешүү жана ЖМАнын стипендиясын тапшыруунун жыйынтыгын жарыялоо
• 2015-жылдын август айы – ЖМАда окуу жылдын башталышы

ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНА ЖИБЕРИЛЕ ТУРГАН БЛАНКТЫ КАЙСЫ ЖЕРДЕН АЛУУГА БОЛОТ?
ЖМАнын стипендиясына жибериле турган билдирменин бланкын ЖМАнын сайтынан (www.nga.auca.kg) жана ЖМАнын аймактардагы өнөктөштөрүнүн кеӊселеринен алууга болот.

Америка борбору, БАТКЕН шаары Баткен мамлекеттик университети, Юсупов көчөсү, 21 Тел.: (03622) 3-62-25, электрондук дарек: middin@mail.ru

Билим берүү кеӊеш борбору, ОШ шаары, Ош облусттук китепканасы, Курманжан датка көчөсү, 271Тел.: (03222) 5-66-62, электрондук дарек: educforall@rambler.ru

Америка борбору, ЖАЛАЛ-АБАД шаары, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ленин көчөсү, 57, 3-кабат, электрондук дарек: ordosujalalabad@gmail.com

Америка борбору, КАРАКОЛ шаары Ысык-Көл облусттук китепканасы, Коёнкөзов көчөсү, 35.Тел.: (03922) 4-09-94, электрондук дарек: samohinaolga@mail.ru

Америка борбору, НАРЫН шаары Нарын облусттук китепканасы, Ленин көчөсү, 33. Тел.: (03522) 5-18-83, электрондук дарек: narynac@gmail.com

Америка борбору, ТАЛАС шаары Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык бөлүмү, Ч.Айтматов көчөсү, 192. Тел.: (03422) 5-42-37, электрондук дарек: ackgtalas@gmail.com

ЭСКЕРТҮҮ!
Көрсөтүлгөн даректер аркылуу барып сиздер окууга тапшыруудагы билдирменин бланкын гана ала аласыздар.
Толтурулган документтерди төмөнкү дарекке жиберүү керек: 710040 Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 205, 323-бөлмө, ЖМАнын кабыл алуу боюнча кеӊсеси.
Байланышуу үчүн маалымат Веб-сайт: www.nga.auca.kg
Электрондук дарек: nga@mail.auca.kg
Тел.: + 996 (554) 55 09 39
Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!
American University of Central Asia – AUCA – NGA www.nga.auca.kg

Асел Мадиярбекова: «АКАДЕМИЯ ЖАШООМДУ ТҮП ТАМЫРЫНАН ӨЗГӨРТТҮ»
– 11-класста ар бир бүтүрүүчүдө болгондой эле, менин алдымда да «кайсы окууга тапшырам?» деген суроо пайда болду. Мектепти Таласта бүтүрүп жаткам. Университетти тандоо өмүрдү, тагдырды өзгөрткөн чечим. Борбордук Азиядагы Америка университети Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азия боюнча эӊ мыкты университет болгонун кичинемден бери билем, ошон үчүн ал жерде окуганды кыялданчумун. Бир жолу биздин мектепти бүтүргөн кызды жолуктуруп калдым. Ал мага Жаӊы муун академиясы жөнүндө айтып берди. Өзү да бул программаны окуп бүтүрүптүр. Анын сөзүн уккандан кийин ЖМА гана кыялымды орундата аларына, БААУга тапшырууга жардам бере аларына ишендим.
Документтерди чогултуу жана дил баян жазуу кыйынчылык жараткан жок. Тандоо турунан өтүп, экинчи турга аттаганымды билгенде кубанычым койнума батпай кеткен. Экинчи этаптын жыйынтыктары да күттүрбөдү. Акыры кыялым ишке ашты.
ЖМА кам санабай окуу үчүн бардык шарттарды түзүп берет. Жатакана, китепкана, акысыз интернет кошулган компьютердик бөлмө, анан да күн сайын үч жолу ысык тамак берилет. БААУ китепканасынан жатаканага чейин автобус жеткирип турат.
Мектепти бүтүрүп ЖМАга тапшыргысы келген улан-кыздарга айтарым, эч нерседен коркпогула. Колуӊардан бардыгы келет. Бул мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жибербегиле. Өз келечегиӊерди, өз жашооӊорду куруу өз колуӊарда. Бардыгы жакшы болот, башкысы ишти баштагыла!

Аймээрим Шүкүрбекова: «ЭЛГЕ ПАЙДАМ ТИЙСЕ, ӨЗҮМДҮ БАКТЫЛУУ СЕЗЕМ»
Аймээрим Шүкүрбекова Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенти. Ош шаарынан келген. Азыр Эл аралык мамиле жана бизнес укугу багыты боюнча билим алууда. Аймээрим алгач Жаӊы муун академиясында окуган.
– Аймээрим, эмне үчүн укук коргоочу болгуӊ келди?
– Мен коомдук тармакта иштегим жана элге жардам бергим келет, ошондуктан бул адистикти өзүм тандагам. Укук коргоочу болуп иштөө менен бирге эле башкаларга жардам берүүнү жана көйгөйлүү маселелерди чечүүнү айкалыштыруу мүмкүн деп эсептейм.
– Алдыда кандай пландарыӊ бар?
– Азыркы учурда өз келечегимдин пайдубалын куруу баскычында турам. Элге пайдам тийсе, өзүмдү абдан бактылуу сезем, ошондуктан сөзсүз түрдө коомдук жумушта иштейм. Кыргызстанда калып же чет өлкөлөргө барып иштөө боюнча бир чечимге келүү мага оор болду. Мен бул экөөнү теӊ бирге алып жүрүүнү чечтим. Магистратураны чет өлкөдө окууну пландаштырып жатам. 10 жылдай чет өлкөдө иштесем, андан кийин Кыргызстанга кайтып, жыйнап алган тажрыйбам менен мекениме кызмат кылайын деген оюм бар.
Бүгүнкү күнгө чейинки бардык жетишкендиктерим ЖМАда башталган. Ошондуктан мен бул программага, окутуучуларга жана кызматкерлерге чоӊ ыраазычылыгымды билдиргим келет. ЖМАда окуган ар бир студент берилген стипендия, акысыз 4 жыл окуу мүмкүнчүлүгү үчүн гана эмес, өздөрүнүн келечеги үчүн чоӊ жоопкерчиликти сезет.

Айдай Карабекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
nightman
2015-01-19 16:59:53
Aiabai jakwy Universitet ekenine soz jok, birok daiardoo kursunda stipendia bergen bawka okuu jailary da bar. anchalik apyrtuuga kajettin keregi jok dep oiloim. Iygilik!!!
+1
Aika92j
2015-01-19 23:58:22
Мен татыктуу билим берген бирден бир окуу жайы деп эсептейм. Бутуруучулорду ушундай мумкунчулуктон пайдаланып, аракет кылгыла демекчимин.
-1
Erniet
2015-01-20 04:08:18
Орто окуган окуучуларга да шарт тузгуло
0
Han
2015-01-21 12:28:42
Кесиптик билим берүү лицейлеринде бекер + стипендия жатакана менен камсыз болуп окуса болот жана азыркы учурдагы эң маанилүү керектүү кесиптин (техникалык) ээси болуп чыкса болот. Ал эми жогоруда айтып өткөн билимди китепканадан, интернеттен таап (акча кетирбей эле) өз алдынча окуп үйрөнүп алса болот
0
mulatka.94
2015-01-21 21:50:02
Асель аябай чон кыз болуп калыпсынго........молодец окууна ийгилик..
0
№ 637, 16-январь-22-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан