Сахна, үй-бүлө, бизнести бирге алып кетүү көпчүлүктүн колунан келе бербейт. Бул жаатта Анжелика эч кимди алдына салбасы бышык. Бүгүнкү коногубуз чыгармачылыгы, устаты менен болгон мамилеси жана үй-бүлөсүндөгү кызыктар менен кенен бөлүшүп өттү.
– Салам, Анжелика, биздин гезит жакында эле жыл жыйынтыгын чыгарып, сен «Жылдын сахна ажары» аталдыӊ, «Супер ырчы айымды» албай калдым деп капа болгон жоксуӊбу?
– Кандайсыздар? Мен «Супер-Инфонун» «Жылдын супер ырчы айымы» наамын 2005-жылы эле алып койгом. Эстесем, ошол жылы алгачкы концертимди берип, андан башка да көп ийгиликтерди жаратыптырмын. Чыгармачылыкта өзү бир чокуга чыккан жыл болот эмеспи. Менин чокуга чыккан жылдарым 2005-жылдарга туура келиптир. Анан өтүп кеткен 2014-жыл мен үчүн жемиштүү болду. Оюмдагыдай концерт берип, 35 ырым камтылган ырлар жыйнагымды чыгардым. Кыргызстандагы көптөгөн гезит-журналдар жыл жыйынтыгын чыгарып, мени «Мыкты ырчы айым» деп табышты.
– Былтыркы жыл сен үчүн устатыӊ Айчүрөк Иманалиева менен таарынычты жойгон да жыл болду окшойт?
– Ооба, былтыр устатым Айчүрөк эжекем экөөбүз ортобуздагы мамилени бекемдеп алдык. Айчүрөк Асылбековна менин устатым, аны унутканга акым жок. Анын «бул жылы жакшы иштедиӊ, «Мыкты ырчы айым» болууга татыктуусуӊ» деп кубаттаган сөзү бардык ала турган сыйлыктардан да артык болду. Негизи ортобузда таарына турган деле эч нерсе жок болчу. «Эжени мен эмне кылып таарынтып алдым?» деп көп ойлондум. Күйөөгө чыккандан кийин деле экөөбүз мурункудай иштеше беребиз деп ойлогом. Бирок үй-бүлөлүү болгондон кийин баары бир баштагыдай ээн-эркин жүрө албай, жолдошуӊ менен кеӊешкенге туура келет экен. Чындыгында, эже «мен сени ушунча эрте турмушка чыгат деп ойлогон эмесмин» деп таарынып жүрдү. Анжелика деген аттын элге сиӊишине бул адамдын эмгеги зор, аны танбайм.
– Нурлан Насиптин концертинде машинеӊди уурулар талкалап, баалуу буюмдарды алып кетишти эле. Ал иштин жыйынтыгы эмне болду?
– Ал окуя ошол бойдон калды, милицияга арыз жазган жокмун. Көрсө, андай окуя Спорт Ордосунун айланасында көп катталат экен. Мага чейин деле көптөгөн ырчылардын машинесин талкалап, баалуу буюмдарын уурдап жүрүшүптүр.
– "Анжелика атактуулугунун артынан бизнесин жөнгө салып алган" деген кептерге көз карашыӊ кандай?
– Балким, бизнесимдин түптөлүшүнө атактуулугумдун таасири тийгендир, бирок толугу менен деп айта албайм. Бизнесимди жолго салып алганыма аракетим көбүрөөк сарпталган. Эгер атымды пайдалангым келсе, салондорумду, дүкөндөрдү Анжелика деп атап алмакмын. Бизнесте мен башка аталыштарды колдондум.
– Маектериӊде апаӊ тууралуу көп айтасыӊ. Негедир атаӊ жөнүндө кеп козгобойсуӊ, мунун бир себеби бардыр?
– «Атактуулуктун жүгү оор» деп коюшат. Белгилүү болгондон кийин өзүӊ тууралуу жакшы да, жаман да сөздөрдү угат экенсиӊ. Турмушка чыкканда да мен жөнүндө көп талкуу болуп, ушак сөздөрдүн аягы тыйылган жок. Элге чындыкты айтпасаӊ, ушак-айыӊдарга ишенип жүрө беришет экен.
Атам тууралуу өзүмдүн чындыгым бар. Ал аскер адамы, учурда полковник, он жылдан ашуун ушул кызматта иштеп, өзү тууралуу массалык маалымат каражаттарына айтуумду каалачу эмес. Мен апамдын 26 жашында Кудайдан тилеп алган тун наристесимин. Анткени ошол мезгилде апамды «балалуу боло албайсыӊ» деп айтышкан экен. Атам – менин аска зоом, сыймыгым. Бир жолу бутумду аары чагып алып, атам аарынын уусун оозу менен соруп чыгарганы эсимде. Анан да кызым деп мени өзгөчө жакшы көрөт. Атам Ысык-Көлдүн Тоӊ районунун Ак-Сай айылынан, апам Таластын Ак-Сайынан (азыркы Манас айылы). Ошон үчүн да мен дайыма өзүмдү көлдүкмүн деп айтам.
– Сулуу айымдардын ортосунда бири-бирин көрө албастык күчтүү, сен ушундай учурларга туш болгонсуӊбу?
– Бул нерсе айымдардан эмес, адамдын дээринен болуш керек. Сулуу эмес айым болбойт, эгер өзүн караса баары татынакай. Өзүн караган айымдарга башкалар суктанышат, ал эми өзүн карабаган айымдар шылтоо, себеп издешет. Мисалы, кээ бирлер "салонум болсо мен деле кечке сулууланып отурмакмын. Күйөөсү бай да, ошон үчүн салондон салон ачып жүрөт, сулуулугу менен эле сахнада жүрөт" деп айтышат. Ошол кептерге арданбай, кулак сыртынан кетирип коюп эле жүрөм. Балким, аны айткан адам кыялдарын ишке ашыра албай, күнөөнү башкадан издеп жаткандыр.
– Сага журналисттер берген эӊ ыӊгайсыз суроо?
– «Намаз окуйсузбу, Кудайга ишенесизби?» деген суроолорго жооп берген жакпайт. Себеби мен намаз окуганымды жарыялагым келбейт. Анан ырдап калсаӊ социалдык тармактардан «намаз окуган кыз узун кийчү, жоолугун чечпечү эле» деген талкуулар кетет. Биздин чөйрөдөгү чыгармачыл адамдардын көбү намаз окушат. Алардын катарында болгондон кийин, албетте, ал нерсе өзүнө тартат.
– Чыгармачыл адамдар жан дүйнөсүн азыктандырып турбаса буулугуп кетишет, сен эмне менен азыктандырасыӊ?
– Клип тартып, ыр жаздырып, телекөрсөтүүлөргө тартылып, гезиттерге маек берип жан дүйнөмдү азыктандырам. Кичине башкача болсо эле жан дүйнөм бөксөрө түшкөндөй сезиле берет. Сүйгөн жумушуӊду жасап, ал пайда алып келсе, адамга эки эсе ырахат тартуулайт эмеспи. Анан досторум, үй-бүлөм менен чогуу эс алам, мына ушундан өткөн жан дүйнө азыгы жок болсо керек.
– Жолдошуӊ өзүӊдөн 12 жаш улуу экенин билебиз, сиз деп кайрыласыӊбы же сен деппи?
– Жолдошум мага сөйкө салып кеткенде эле Урмат деп баштагам. Ага чейин Урмат байке дечүмүн. Анын жубайы болгуча ал мен үчүн жөн эле жакшы сырдаш агалардан болчу. Өзүм теӊдүү жигиттер мени жолугушууга чакырганда «Урмат байке, Анжелика менен киного барып келеличи» деп уруксат сураганда жибербей, "строгий" байке болуп койчу. Көрсө, өзү сүйүп, эч кимди жолотпой жүрүптүр да. Анын жолдошум болуп калары үч уктасам түшүмө кирген эмес. Тагдыр экен, минтип 8 жыл түтүн булатып, эки чырактай кыздын ата-энеси болуп калдык. Башында менин курбу кыздарым Урматка сен деп кайрыла албай көпкө кыйналышкан, кийин көнүп кетишти. Тааныштарыбыз жолдошума «Урмат брат», "сиз" деп кайрылышат.
– Үйүӊөрдө бул жылы толуктоо болобу? Эки кызыӊа кошуп, балким, эркек балалуу болгуӊ келет?
– Мен экинчи кызымды төрөгөндө катуу кыйналган элем. Ошондо жолдошум «болду, Анжела, ушул эки кызга ыраазымын» деген. «Кыздарым жок кантип жашап жүрдүм экен?» деп азыркыга чейин айта берет. Бирок туугандар «экөө аз, дагы балалуу болгула» деп жатышат. Жолдошум деле «ден соолугуӊа карап, өзүӊ даяр болсоӊ төрөй бер» дейт. Калганы Кудайдын буйругунан да.
Лунара Бекиева
star@super.kg