«Өлгөн аял түшүмө кирип муунта берип кыйналып кеттим. Мындай кылмышка барууга шеригим үндөдү, кылганыма өкүнөм»,- дейт маркум таксист Гүлчехра Мамадалиеванын өлүмүнө күнөөлөнүп кармалган Жакшылык Эргешов. Анда кандуу окуяга кененирээк токтололу.
«АШУУДА КАРГА КӨМҮЛГӨН ДЕНЕНИ ТАПТЫК»
Нариман Өсөров, Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен РИИБинин жетекчиси:
– Бизге 30-декабрда Ноокен районунун тургуну Жакшылык Эргешовдун киши өлтүрүүгө катыштыгы болушу мүмкүн экендиги туурасында маалымат түшкөн. Аны ошол эле күнү кармап суракка алганыбызда, чын эле киши өлтүргөндүгүн моюнуна алды. 15-декабрда Ош-Бишкек жолунун Үч-Там участкасында Оштон Бишкекке бара жаткан Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаанын ээсин кыйнап өлтүрүп, жансыз денени Өтмөк ашуусуна карга көмүп коюшкан экен. Кылмышка шектүү Жакшылыктын айтуусу боюнча, Өтмөк ашуусуна барып, аял кишиге таандык жансыз денени таптык. Этин карышкыр жеп, куштар чокуп салыптыр. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Аны менен кошо киши өлтүрүүгө башка адам да катышкандыгы билинди. Жыйынтыгында бул кылмышка шектелип, Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылынын 1992-жылкы тургуну Сүйүналы уулу Бекалы Ош шаарындагы батирлердин биринен кармалды. Экөө теӊ кылмыштарын толугу менен моюндарына алышты. Сүйүналы уулу Бекалынын буга чейин да башка кылмыштарга барып жүргөнү ачыкка чыгууда, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
«КЫЛМЫШКА АТАЙЫН ДАЯРДАНЫШКАН»
– Кылмышка шектүүлөр кармалганы менен, маркумдун өздүгүн аныктоо кыйын болду. Ал аял Оштон Бишкекке, андан ары Орусия, Казакстанга жүргүнчү ташып иштечү экен. Таксисттер менен мамилеси жок болгондуктан, аны тааныгандар да жок экен. Маркумдун өздүгү аныкталып, ал Ош облусунун Араван районунун 1970-жылы туулган тургуну Гүлчехра Мамадалиева болуп чыкты. Жумушу боюнча талаада көп жүргөндүктөн, туугандары да аны жолдо жүрөт деп ойлошуп, милицияга кайрылышкан эмес.
Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Сүйүналы уулу Бекалы Ош шаарынан өзүнө тааныш шериги Жакшылык Эргешов менен таксисттердин унаасын тартып алып, пайда көрүүнү максат кылышкан. Сүйүналы уулу Бекалы өзүнүн «Байкал» үлгүсүндөгү травматикалык тапанчасын даярдап, атайын кишини муунтуу үчүн базардан кур сатып алган. Андан соӊ Ош шаарынан Бишкекке жөнөөчү таксилерге барып, таксист Гүлчехра Мамадалиевага туш болушат. Алар «Эки кишибиз, Ноокенден дагы эки кыз чыгат. Жол киресине 4500 сом берели» деп сүйлөшүшөт. Ошол күнү, тактап айтканда, 15-декабрда кечки саат 20:00дөр чамасында жолго чыгышкан.
«4 БАЛАМ БАР, ӨЛТҮРБӨГҮЛӨ ДЕДИ»
Кылмышка шектелип кармалган Сүйүналы уулу Бекалы:
– Майлы-Суу шаарына жеткенде бирөөгө телефон чалымыш болуп айдоочуга «кыздар барбай турган болушту. Жол кирени өзүбүз төлөйбүз, айдай бериӊиз» дедик. Алдын ала сүйлөшкөнүбүз боюнча Жакшылык мага «башта» деген белги берип түрткүлөдү. Айдоочуга «машинаны жолдун четине токтото туруӊузчу» дедим. Унаа токтогондо Жакшылык курду аялдын моюнуна салып, муунтуп кирди. Мен тапанча менен эки жолу башына чаап, аялды машинанын арткы орундугуна тартып алдык. Рулга мен отурдум, тигил аял «Өлтүрбөгүлө, 4 балам бар. Эмне сурасаӊар берейин» деди. Жакшылык ага карабай тапанчанын сабы менен ургулады эле, аялдын үнү чыкпай калды. Андан соӊ аны Таластын Өтмөк ашуусуна алып барып, карга көмүп койдук. Унаанын ичинде көз айнектин кутучасында жоон алтын чынжырча, билерик, сөйкө, 2 шакек жана бермет шуру бар экен. Берметтен башкасын Жакшылык күрөөканага алып барып,
80 миӊ сомго сатып жиберди. Андан соӊ базарга барып мага ушул кийип турган шым менен куртканы алып берди. Анан анын сүйлөшкөн кызы иштеген ресторанга бардык. Бермет шуруну ал кызга белекке берип, ал жерден тамактанып, майрамдадык.
«ИЧИНДЕГИ КАНДЫ КӨРҮП МАШИНАНЫ ЭЧ КИМ АЛБАЙ КОЙДУ»
Жакшылык Эргешов, кылмышка шектүү:
– Шаарга кирип келгенде эле унааны унаа жуучу жайга киргиздик. Ал жерде иштеген бала «унаанын ичи эмнеге кан?» деп сураганда, ага «жол кырсыгы болуптур, оор жараат алгандарды ооруканага жеткирдик» деп койдук. Саткан зер буюмдардын акчасы түгөнгөндөн кийин машинаны саталы деп унаа базарга алып бардык. Кардар таап келсек, машинанын ичи чала жуулган экен, канды көрүп албай кетип калды. «Кудайберген» базарына алып барып, 4700 сомго төрт дөӊгөлөгүн сатып, машинаны ошол жерге таштап, үйлөрүбүзгө тарап кеттик. Мен Ноокенде калдым, Бекалы Ошко кеткен.
«ЭЖЕМ 4 УУЛУН ЖАЛГЫЗ БАКЧУ»
Авазбек Мамадалиев, маркумдун иниси:
– 6 бир тууган элек, Гүлчехра үчүнчүбүз болчу. Атамдын Урал үлгүсүндөгү мотоцикли бар эле, аны Гүлчехра 3-классында айдап үйрөнгөн. Кийин 6-классында эле унаа айдаганды үйрөнүп, Жигулибиз бар болчу, ошону экөөбүз талашып айдап калчубуз. Эжемдин 4 уулу бар, эки уулу чоӊоюп, өз оокаттарын өздөрү таап калышкан. Ал эми кичинелери 1-3-класстарда окушат. Жолдошу менен эки ача жолго түшүп, балдарын өзү бакчу. Бизге да көз каранды болбой, көп эркектердин колунан келбеген ишти жасап, Орусия, Казакстанга чейин жүргүнчү ташып кетип калар эле. Анын көп убакыт жолдо жүргөнүнө биз да көнүп калганбыз. Алыста болсо да телефон чалып турчу. Бул жолкусунда телефон да чалбады, ошондуктан чочулап өз алдыбызча издеп, тынчсызданып жатканбыз. Бирок оюбузда жаман нерсе болбогондуктан, милицияга кабар берген эмеспиз.
Эжемди аябай кыйнап өлтүрүшүптүр. Айла канча, кан жутуп, сыздап кала бердик. Анын денесин ит-куш жеп, жазга чейин сөөгү калып, ким экени аныкталбай калмак экен. Кылмышкерлерди кармаган милиция кызматкерлерине рахмат. Мындай мыкаачылыкка барган кылмышкерлерге Жараткан да, сот да тийиштүү жазаларын берсин.
«ЭКӨӨНӨ КҮЧҮ ЖЕТПЕЙ КАЛЫПТЫР»
Барно Мамадалиева, маркумдун эжеси:
– Биз Гуля менен эгиз өстүк. Ал мага караганда кайраттуу, эркек мүнөз, чыйрак эле. Аялга тиешелүү конок күтүү, ашкана жумуштарына тыӊ болчу. Ар бир нерсени тактык менен кылганды жактырчу. Эки уулунан кийин «кыз төрөйм» деп аракет кылып жүрдү. Бирок үчүнчү, төртүнчүлөрү да уул болуп калганда жолдошу экөөнүн ортосунда келишпестик пайда болуп, ажырашып кетишкен. Ошентсе да кайын журтун аябай сыйлачу. Улуу баласын үйлөп, кыз неберелүү болгон. «Кызым жок» деп небересин да өзү багып жаткан. «Балдарын өзүбүз эле карайбыз» десек, кайненеси менен жолдошу «биз алабыз» деп жатышат. Күчтүү аял эле, тигил эки балага күчү жетпей калыптыр да, кургурум. Ак эмгек менен гана нан таап жечү, Кудайым эми бейиштен орун берсин.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg