(Казак эл жомогу)
Илгери-илгери ит менен мышык дос болуп бир үйдө жашашчу дешет. Бир күнү алардын кожоюнунун булгаары баштыктагы алтыны жоголуп кетет. Ал баштык менен кошо үйдөн кут кетип, үй ээсинин тапканы эч нерсеге жетпей, кыйынчылык баштарына түшөт. Ошондо ит менен мышык ээсине жардам кылалы деп алтынды издеп жолго чыгышат. Жер жүзүн кыдырып таппаган экөөнүн үмүтү өчүп, ачка үйгө кайтышат. Бир маалда эле алардын жолунан тааныш жыт чыгып калбаспы. Алтынды эми табат экенбиз деп сүйүнгөнүнөн ит үрүп, мышык мыёолоп жиберет. Ит тумшугу менен жерди тытмалап жатып чычкандын ийининен баштыкты таап алат.
– Мынакей алтын!- деп кубанган ит баштыкты мышыкка ыргыта салат.
Ошону эле күтүп турган мышык баштыкты тиштеген боюнча артын карабай чуркап жөнөйт. Иттен мурун жетип келген мышык баштыкты кожоюнуна берип мактанат экен. Табылгага сүйүнгөн үй ээси аны сылап, ыраазы болот. Аӊгыча эле кир болуп чарчаган ит жетип келип үрүп, ээсине эркелеп кирет. Кожоюну аны "таба алган жоксуӊ" дегендей жактырбай, тээп жиберет. Мындай адилетсиздикке жини келген ит ошол жерден мышыкка асылып кириптир. Ошондо кожоюн аларды ажыратып, мышыкты үйгө алып кирип кеткен экен. Мына ошол күндөн баштап кожоюндар итти үйгө киргизбей калган дешет. Мышыктын чыккынчылыгынан кийин гана ит аны душман көрүп калыптыр.