Балдар, силер жакшы көргөн каарман, баатыр Жөргөмүш киши (Человек-паук) кантип пайда болгонун билесиӊерби? Көрсө, аны жаратып жатканда авторлор мынчалык дүйнө жүзүнө таанымал болуп кетет деп ойлошкон эмес экен. Жөргөмүш киши – бул ойдон чыгарылган каарман. Ата-энесинен айрылгандан кийин таяке, таажеӊесинин колунда өскөн өспүрүм Питер Паркер сабакта мыкты окучу. Бир жолу аны жөргөмүш чагып алат. Ошондон тарта баланын организминде өзгөрүүлөр болуп, сыйкырдуу күчкө ээ болуп баштайт. Ал оӊой эле шыпта басып, дубалда жөргөмүштөй жөрмөлөп, душмандарды, жаман кишилерди колундагы желесинин жардамы менен жазалайт. Кадимки эле адамдардай, бирок супер күчкө ээ болгон Жөргөмүш кишинин популярдуулугу күндөн-күнгө ашып келет. Силердин сүймөнчүгүӊөрдүн жаралганына 50 жылдан ашса да байма-бай ал жөнүндө кино, мультфильм тартылып, оюнчуктар чыгып келе жатат.
Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg