Корей тасмалары менен "ооругандар" үчүн табышмак: "Кыш. Аппак кар. Аруу махабат..." Туура таптыӊыз, жандырмагы – "Кышкы соната". Ал эми көз айнек тагынып, кабаттап шарф оронуп, тасманын көркүн ачкан баш каарман Кан Жун Сан болсо бүгүн да бийкечтердин акыл-эсинен, өӊ-түшүнөн кете элек мырза. Актёрдун жашыруун кармаган жашоосун ачыкка чыгарып көрүүгө аракет кылдык.
КЫРКТЫН КЫРЫН АШКАН БОЙДОК
Аты-жөнү – Пэ Ён Жун
Лакап аты – "Ёнсама", япон тилинен "ханзаада Ён" деп которулат
Туулган жылы, күнү – 1972-жыл, 29-августта
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары
Кесиби – Актёр
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Бою, салмагы – 180 сантиметр, 75 килограмм
Хоббиси – Гольф, компьютердик оюндар, оор атлетика, балык уулоо
Фильмографиясы – "Биринчи сүйүү", "Мейманкана кожоюну", "Кышкы соната", "Уламыш" жана башка сериалдары, "Жашыруун дүрбөлөӊ", "Апрель айындагы кар" жана башка тасмалары
ОКУУСУН КИНОДОН ЖОГОРУ КОЙГОН СТУДЕНТ
Пэ Ён Жундун карьерасынын тушоосу 1994-жылы кесилип, ошол жылы ал бир фильмге жана эки сериалга тартылган. «Жаштыктын күн тийген жагы» деген сериалдагы экинчи катардагы ролу кино сынчылардын купулуна толуп, Пэ ушундан тарта режиссёрлордун көзүнө илине баштайт. Кийинки «Биринчи сүйүү» деп аталган сериалдагы табышмактуу тагдыры бар жаш жана акылдуу жигиттин ролу Пэ Ён Жунду көрүнүктүү актёрго айлантат. Атагы эми чыгып келе жатканына карабай актёр 1999-жылы тасма талаасынан четтей турууну чечип, Сонгюнгван университетинде фильм, телевидение жана мультимедиа боюнча окуусун улантат.
Атактуулардан интервью алып жүргөн журналисттер Пэ Ён Жунду «маек берүүсү эӊ оор 3 жылдыздын» катарына киргизген. Ал буга «Мен бир жаӊылык компаниясына интервью берсем, анда башкалары таарынат. Баарыӊыздарга маек бере албаганым үчүн бардык журналисттерден баш тарттым» деп жооп берген. Ошондуктан да каарманыбыз тууралуу маалымат өтө аз. Үй-бүлөсү ата-энеси жана бир тууган карындашынан турат.
КАН ЖУН САНДЫН РОЛУНА КИШЕНДЕЛГЕН АКТЁР
Пэ 2001-жылы экранга «Мейманкана кожоюну» аттуу сериал менен кайтып келет. 2002-жылы «Кышкы соната» сериалына тартылып, андан бери арадан 12 жыл өтсө да, актёр ушул Кан Жун Сандын ролу менен калып калгандай туюлат. «Кышкы соната» Түштүк Кореяда көрсөтүлгөн учурда өлкө ичинде суу жана электр энергияны керектөө көлөмү кадимкидей ылдыйлап, жолдо кыймыл токтоп турган. Сериал эфирге кеткен мезгил аралыгында телефон чалган адамды да жактырышчу эмес. Ошол жылы «Кышкы сонатаны» ар бир экинчи корей көргөн, учурда бул тасманы көрбөгөн корей дээрлик жокко эсе. Бул сериалды бекеринен маданий феномен же «корей толкуну» дешпейт. Пэ Ён Жун туулуп-өскөн мекенинен тышкары Япония менен Кытайда атактуу, айрыкча орто жана улуу муундун кумири болуп саналат. 2004-жылы актёрду Токионун аэропортунан кыштын суугунда эшикте түнөгөн 5 миӊден ашуун күйөрмандары тосуп алган. Анда Пэ Ён Жундун коопсуздугун 350 полиция кызматкери менен атайын багыттагы 70 аскер камсыз кылган.
АТАК, АКЧА ЖАНА КЫЗДАР...
Каарманыбыз өлкөсүнүн эӊ кымбат актёру болуп эсептелет. 2007-жылы тартылган «Уламыш» деген сериалдын ар бир сериясы үчүн Пэ Ён Жун 250 миӊ доллардан турган гонорар алган. Бирок соӊку серияларында актёр аттан кулап түшүп, бүгүнкү күнгө чейин чет өлкөлөрдө дарылануудан өтүп келет. 2013-жылдын ноябрь айында «Розасы жок гүл дүкөнү» деген тасмадагы ролго талапкер катары каралып жатканы маалымдалган. Пэ тартылып калса, бул анын 7 жылдан кийинки биринчи ролу болмокчу.
Анын жарнамага тартылуусунун ставкасы 710 миӊ доллар. «Money today» жаӊылыктар сайты Пэ Ён Жунду эӊ чоӊ акча төлөнгөн 7 атактуунун ичине киргизген.
Атактуу жана акчалуу болгону менен, 42 жаштагы Пэ үй-бүлө кура элек. 2015-жылдын башында каарманыбыз сүйлөшкөн кызы бар экендиги тууралуу маалыматты тастыктаган. Анын сүйлөшкөн кызы Гу Со Хи белгилүү эмес, бирок миллиардердин кызы. АКШдан жогорку билим алган карт бойдокту чаап алган ал Пэ Ён Жундан 14 жашка кичүү. Ата-энеси да кызынын атактуу адамга турмушка чыгуусуна каршы эмес. Айрым маалыматтарга караганда, экөөнүн тою ушул жылдын жаз айларынын биринде болуп өтөт.
Эльвира Караева
star@super.kg