ПРОДЮСЕРЛЕР ПАРАДЫ

Жылдыздар турмушунан

Кино жааты жакшы өнүгө элек болгондуктан, кыргызда продюсер десе жалаң ырчылардын продюсерлери көз алдыга тартылат. Биздеги түшүнүк менен айтканда продюсер ырчынын чыгармачылыктагы атасы же апасы. Учурдагы жана учурундагы продюсерлер парадына назар салыңыз, окурман.

КАНАТТЫН ЧОРОЛОРУ
“О, туулган жер” деп созгон Темир Назаров сахнада пайда болуп, анан эле Темирдин продюсери Канат Култаев деп билип калганбыз. Жакшынакай иштешип бараткан аке-үкенин ортосун кара мышык аралады да калды. Канат кийин Мирбек Атабековду таптай баштады. Мирбек менен 2 жыл иштешкен соң 2х2 деген аталыштагы Мирбектин жеке концертин беришкен. “Эмне үчүн 2Х2?” деп суроо узатсак, “биз 2 жыл жакшы иштештик, эми иштешпейбиз” дешкен. Ал гана эмес Култаевдин “шоу-бизнес кир экен. Ар кандай бут тосуулардан, ушактардан көңүлүм калып продюсерликти таштайын дедим” деп да айтканы бар. Бирок ошол кир дүйнөнү Мирбектин чыныгы таланты жана Канаттын эмгеги жууп салды көрүнөт. Мирбектен сырткары Култаев “балдары” Даниель менен Алиханды да канатына калкалап келет.

ЭСЕНГУЛОВАНЫН ЭРКЕТАЙЛАРЫ
Султан Садыралиев менен Кайрат Примбердиевдин продюсери Динара Эсенгулова болчу. Убагында Султан менен продюсеринин ортосунда чагылган чартылдап, бороон-чапкын болгон эле. Төгүп өткөн мөндүр бат эле унутулуп, экөө кайра жарашып Султандын концерттерин удаама удаа өткөрүп дегендей... Бир убакта эле Кайрат үйлөндү. Султан сүйүү азабына кабылды. Акыры келишим бүтүп бул эки ырчы менен иштешпей калды. Азыр Эсенгулованын эркетайлары экөө. Айдин Шер жана Бегимай Эсенгулова. Эл ичинде “Бегимай эжесинин арты менен ырчы болуп жүрөт” деген да кептер бар. Ушундан улам болсо керек, акыркы күндөрү Бегимай кыз “эмгегимди эл баалабаганы өкүндүрөт” деп капаланып калчу болду.

АССОЛДУН АРТИСТТЕРИ
Расмий продюсерликти Ассоль Молдокматова баштап берди. Ассоль айым КТРде иштеп жүргөндө чет жерге барып тажрыйба үйрөнүп келип, чымыны барларды сахнага чыгара баштады. Алайда колунан гитарасын түшүрбөгөн Алексти, КТРде музыкалык долбоордун алпаруучусу Урмат Усеновду ырчыга айлантты. Мындан сырткары кыргызча жакшы сүйлөй албаган Айяны кыргызча ырдатып, Мелис Абдрашитовду, Айжан Газиеваны шоу дүйнөгө жетеледи. Арадан убакыт өтүп булар продюсери менен иштешпей калганы менен, алдыңкы артисттерге айланышты. Иштешпей калганынын себебин баары сыр кылып айтпай келишет. Сыягы, Ассолдун ички мыйзамы ушундай окшобойбу.

НАЗГҮЛДӨ ҮЧТӨН БИРИ
Аида Кулуева, Эрмек Маматов, Карлыгач аттуу ырчыларга продюсерлик милдетти Назгүл Насиева аркалачу. Аида менен продюсердин ортосундагы келишпестиктин жыйынтыгы экөөнү эки жакка ажыратты. Карлыгач да ырдабай калды. Эрмек Маматовдун бир клибин көрүп, 3-4 ырын угуп калганыбыз болбосо, Эрмекти сахнадан көп көрө бербейбиз. Муну биз гана эмес, күйөр­ман­дары да айтып жүрүшөт. Эмнеси болсо да Эрмектен жаңы ырларды күтүп калабыз.

ӨЗҮН ПРОДЮСЕР АТАГЫСЫ КЕЛБЕЙТ, БИРОК...
Бек Борбиевди продюсер деп билбейбиз. Бирок азыркы көп ырчылардын багын ачкан Берадор мырза эмеспи. Мисалы, Асел Турдалиеваны, Нуриза Апазованы, Маяны, Назмини, Санжар Бердибековду сахнага сүйрөгөн ушул инсан.

ИЛЬЯЗДЫН БАЙ АКЕСИ
Продюсерлердин арасынан көп көрүнбөгөн, бирок көмүскөдө жүрүп Ильязга жөлөк болгон Баяке аттуу мырза бар. Баяке Чааров Ильяз Абдыразаковдун продюсери. Ал Ильязга продюсер гана эмес, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон бир тууган агасындай эле.

АСЫЛДЫН “АСЫЛДАРЫ”
Асылдын асылдары дегенибиздин жөнү бар. Анткени Асыл Апасова айым продюсерлердин ичинен балдарына сөз жолоткусу келбеген, жаманын жаап-жашырган, жакшысын ашырып, дегеле балдарына чаң жугузбаган адам. Учурда продюсердин Ирлан Таалайбеков менен келишими бүтүп, Мирбек Иманбеков менен Бегимай Карабаеваны көзөмөлдөп келет.

Мындан сырткары Мамасадык Багышев – Каныкейдин, Канат Кадыржан – Дайырдын, Миргүл Эсеналиева – Арсен менен Максат Бегалиевдин,Тынчтыкбек Кожобеков – Жаным Айзаттын, Алексей Филатов – Алькамилдин, Айчүрөк Иманалиева – Анжеликанын продюсери. Ал эми Урмат Усенов, Неля менен иштешип келаткан Рысбек Жабиров Султан Садыралиев менен жаңыдан тандем түздү. Бирок кийген кийимине, баскан-турганына кийлигишпеген негизде.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aiana
2009-12-08 23:04:53
wow net slov
0
Robingud
2009-12-09 14:43:34
Emnesi bolso da atry kayirduu bolsun
0
№ 370, 4-10-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан