Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Өлбөгөн кулга жаз да келди. Эл кыштоодон күнгөй конуштарга чыгып конгон кез. Батышпай жаткан мал болбогон соӊ Теӊирберди жамагаты жаздоого чогуу чыгышкан. Нары да «данбагар” атыккан бул жамагаттын көрөр күнү жалгыз эле малга байланган эмес. Өзөн боюндагы түзөӊчөлөрдү ээликтешип, ыӊгайлуу жерлеринен арык кайрып, бирткеден дыйканчылык кылышат. Саратанда гана бөксө жайлоолорго барышып, көбүнчөсү эгин жайдан алысташпайт.
– А-ай, кара такыя!
Мындай каардуу үндөн Айзаа­да селт эте чочуп, жамап отурган көй­нөгүн таштай сала сыртка жө­нөдү. Кемпирдин заардуу көздөрү тирмейип тосуп алды аны:
– Ыя, кечинде шыйрагыбызды жагабызбы отко?! Күн кире электе бирдеме термелеп келбейсиӊби!
Баласынын күйүтүнөн кара кү­йүндү чычала болуп жүргөн кемпир «тез ке-ел!” деп артынан кыйкырып калды.
Келиндин жүрөгүнө ийне болуп кадала турган каргыш ушул «кара такыя”. Улам эрге тийсе, улам эри өлө берген зайыпты «кара такыялуу бейбак” деп атаган ишеним бар турбайбы. «Коюнумда жатып өлсө, кара такыя дешсе мейли эле го...” деп дайыма арманы башты оорутат. Ары барып, ойноп жаткан балдардын арасынан Болотту чакырды:
– Жүр, кичине бала, куурай терип келели.
– И-и... Жеӊе, кардым ачты-ы. Барбайм куурайыӊа-а...
– Оюндан кардыӊ тоёбу? Экөө­бүз талаадан куурай терип келели. Ошол куурайды жагып сүт бышырып берем, жүрөгой, кагылайын...
Темир шейит болгон жылы Болот тогузда эле. Мына, ыйлуу, муӊдуу үч жыл өттү. Быйыл кайнатасы уулуна аш берип, төр­күндөрүн чакыртып Айзааданын карасын алып, кааласа башын ачып уруксат кылышы ыктымал. Жаздан бери жесирдин оюнда ушулар. Бир кур чын эле ыйдан кутулуп, көӊүл, өмүр кубанчын башка жактан издеп кете тургандай. Ээнчиликте күзгүдөн өзүн тиктеп, көзүнүн алдындагы бырыштарын сылап, ичи куйкаланып кетет. Темир менен дал ушул көк өзөндүн боюнда жолуккан.
Таруу жаӊы корукка кирип, Теӊирберди баштаган данбагар­лар таранчылардан коруп, шаатыттын жанында бапыр-та­пыр болуп жатышканда коӊгу­роо­ло­рун шыӊгыратып көч өтүп калды.
– Кимдин көчү болду экен?
– Туусун карагылачы...
– Ай көрүнөт...
– Гм, ай тамгалуу баргылардын көчү тура...
Теӊирберди көч арасындагы эркектерге салам айтып, «түш­төнүп өткүлө” деп турду. Бул салт эрежеси.
– Суусун ичип өткүлө, бай акелер!
– Суусун болсо ичербиз... Нар бели талыбасын, биз ыраазы...
– Жолуӊар ачылсын, бай акелер!
– Айтканыӊыз келсин, кутман кары!
Теӊирберди ак сакалын жайкалтып, нуру өчө баштаган көз­дөрүн шалдырай ирмеп тиктеп турду.
Ушул элеттин күнү. Акырын сызылтып ышкырып коюп миӊ жылы көч айдагандыр. Көчү миӊ жылы ушинтип кылкылдап түздөн тоого, тоодон түзгө чубагандыр. Баш калкалаар бир боз үй, боз
үйдү көтөрө турган бир улоо, минерине ат, саанына бир уй, согумуна он жандык. Ушуну курап алса болду. Көч-көчтөн кабар келгенде сый кийимин кийгизип, катынын бээсине, кызын ардактап айгырына мингизип алып, үйүн артып чыйт ышкыра он жандыгын алдына салып көч катарына түшө бермей. Урган коргону, тиккен багы барбы? Бир додо кый, көө болгон үч тоголок таштан башка эмнеси калат көчүп кетсе журтунда? Дайыма кыймылдагы, бут чечпес көчмөн тирилигине будоо болсо, алтын да болсо буларга оор. Кылымдардын туман баскан арасында ыӊ-жыӊсыз боз адырда томпойгон бейитинен бөлөк бир белги, жарты таман из калтырбай, тоо шамалындай коргонсуз, баштоосуз жүргөн эл...
Көч жарымы ченде чапчактай кара бээ минген зайып, айрымач ээрлүү жорго тай минген жаш бала, артынан күмүш жабдыктуу тору кашка айгыр минген үйдүн бойго жеткен кызы көрүндү.
Бул ай тамгалуу баргы Жамгырдын бүлөсү болчу.
– Көз кургур кете баштаган экен го, өӊүӊ баятан бери жылуу учурап, эми тааныдым... Жабай аксакалдын баласы Жамгыр турбайсыӊбы? Кел, суусун ич!
«Эл арасында, көч карасында кыбырап жан баккан болуп жүрөбүз” деген Жамгыр кыйкырып калды:
– Ой, катын! Бир аз тизгин тарта туруп, балдарга суусун ичирип ал!
– Ал, Темир, суусунду ошоякка алпара койгула!- деди Теӊир­бер­ди жигиттерге. Эшим чанач толо кымызды шап ийинге салып, Темир кесени алып чуркады.
– Эсен болсоӊ болду, Жамгырым. Кай жайлоого тарттыӊар?
– Быйыл Миӊ-Бугуну жайлай турган болдук. Бийлер андан ары Таласка мал ашырып, Оулия-Атага орустан соодагерлер каттап жаткан имиш, ошолорго мал сатабыз дейт.
– А-а, орустан келген соодагерлер эмне алып келип жатышыптыр? Куралдыр, а?
– Жок, алар курал сатпай калыптыр эми. Тиги казактын чө­лү­нөн бери жер жайнап орустан көп аскер келаткан имиш. Соодагерлерин бакылайт имиш дейт. Бир даары жер ченейт имиш. Кудай
бетин көрсөтпө, эмне кыларын билбей, Кокондо кымгуут болуп жатыптыр...
– Суусун ичиӊиз, бийкеч...
Темир кыздын бир да сепкили жок, жумуртканын агындай найын жүзүнөн көз албай, жүрөгү алып учуп, дал болуп турду.
– Дан багабыз деп жүрүп журтчулукту унутуп калышыптыр, жанынан өтсөк иттен чыгарганга да жарашпады дешет. Көчтүн алдын тосуп түштөндүрмөй, түш­төнбөсө ат жалынан суу берип, оогон
жүгүн оӊдошуп, жериӊдин четинен узатып коюш бабадан калган салт, а ошондон кутулуп койгула...
Теӊирбердинин кебине Темир сүйүнүп кетти:
– Эшим экөөбүз узатып коёлу!
Темирге канат бүткөндөй, соорусу чаар, сары жоргону дуулдатып жел менен жарышчудай. Көздөрү жайнап, кан толкуган кызыл жүзүндө бир сабыркоо, бир үмүт калкып чыгып, көздөрү ай
тамгалуу көчтү коштоп бараткан ак тайлакты издейт.
– Тигине... Ак тайлак...
Ак тайлак энесинен калбай, бөйпөӊдөп логлоп басып, көч арасында кабатка кире калып, кайра кылактап көрүнүп баратты. Кыз артын бир кылчайып карабады. Темир дем тартпай көпкө
тиктеди.
Ошол сулуу кыз ушул Айзаада эле.
Ал кызыл жүздүү жигитти экинчи жолу Миӊ-Бугу жайлоосунда, бир кыз оюнда көрдү. Уккулуктуу үн менен бир кезде көч үстүнөн көргөн сулуу кыздын үрөйү оюнан кетпей, ошондон бери бир
көрмөккө зар болуп жүргөнүн сызылтып ырдады. «Издеген кишимди, арзыган кишимди ушул жерден таптым” деп айтып жиберет го деп Айзаада апкаарыды. Бирок эстүү жигит андан ары өтпөй, өзүнүн сырын түшүнүп, жүзүнө кан дүргүп отурган кызга ыраазы, урматтоосу артып, мырзалык көрсөттү. «Кара өзгөй адамдын иреӊи жыландай болот, ичиндеги киринин бардыгы күдүрөйүп бетинен чыгып турат. Дили таза адамдын жүзүнөн гүл көрүнүп, көзүнөн жылдыз жанып турат”... Бул былтыр өлгөн чоӊ энесинин дайым айтчу сөзү эле. Курдаш кызынын артына өтүп, кылтыйып кызыл жүздүү жигитти таамай карап, ачык жүзүнөн жан жылытар жылуулукту сезди, көздөрүнөн кумар отун көрдү. Так ошол учурда Темир анын көз карашын кармап калды. Бу сапар кыз көзүн ала кача албады...
Айзааданын кайыны бар экен. Кызыл-Жардан төмөн отурукташып, сарт атыгып кеткен карабагыш уругунан дейт. Оокаттуу, туугандуу жер имиш. Жыл сайын Жамгыр базарга түшкөндө мал
айдабай эле барып, ошол кудаларынан кызыл жабар базарлыгын кылып келет дейт. Айтымда, калыӊ көп өтүп калган сыяктуу. Темир баарына баш байлады.
Боз кыроо түшкөн кеч күздө Айзаада данбагарлардын босогосун аттады. Артынан Кулбатыр баш болгон жыйырма беш киши менен Жамгыр өзү кууп келди.
Бекназар кайталатып чакыртпай алдынан тосо чыкты.
– Сөйкөлүү эмес, башы ачык беш көкүл кызды зордоп ала качкан жигитке бир гана жаза, ал жаза – өлүм... Муну эч ким сурап жеӊилдете да албайт, оорлото да албайт. Үкем менен сырдашкан жок элем, акыл салбай, сүйлөшпөй капыстан алып кирип келип калды. Кокус уурдап келген болсо, ана, үкемди коргобойм, өзүм байлап берем! Сура. А эгер кыз өз көӊүлү менен качып келген болсо, акыйкат ошолордуку. Малы кетип артынан кууп келген малын алат, пулу кеткен пулун алат. Сура, Жаке...
Айзаада көшөгөдө эле.
– Айзаада, мен атаӊмын, коркпо, кагылайын, зордук көрдүӊбү, ала качып келдиби? Зордоп алып келген болсо түз эле айт!
Айзааданын титиреген үнү чыкты:
– Жок...
– Алдап алып келдиби?
– Жок...
– Көзү агып отурган шордуу апаӊа эмне деп айтып барайын, ыя?
– Батасын берсин...- деди чыйралган Айзааданын үнү. Жамгыр шалдырай түштү. Ушинтип Айзаа­да өз бактысын өзү тандаган эле.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 637, 16-январь-22-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан