Бакыт Осмонканов, актёр: «БИРТУУГАНЧИК» тууралуу жаман пикир укпадым

Режиссёрлору – Асхат Табалдиев, Данияр Болотбеков
Оператору – Жоомарт Эгем
Тартылган жерлери – Бишкек жана Каракол шаарлары
Негизги ролдордо – Бакыт Осмонканов, Жеӊиш Майрамбек уулу
Бюджети – 35 000 доллар
Тасманын узактыгы – 1 саат 35 мүнөт

2015-жылдын алгачкы күнүнөн тартып борбор калаабыздын кинотеатрларында көрсөтүлө баштаган «Биртууганчик» тасмасы тууралуу кеп кылууну чечтик. Чындыгында эле тасма ушунчалык кызыктуу экенине өз көзүм менен күбө болгон соӊ ынандым. Бизди жана сизди кызыктырган суроолорго тасмадагы негизги каармандардын биринин образын жараткан Бакыт Осмонканов жооп берет.

– Бакыт мырза, тасмага тартылууга ким сунуш киргизди?
– Сунушту «Азия Микс» КВН командасынын өкүлдөрү Асхат Табалдиев менен Данияр Болотбеков киргизишкен. Алар тасма тартууну ойлошуп, өз­дө­рүнүн сценарийин сунушташты. Жеӊиш (Майрамбек уулу) экөөбүз алардын идеясын байкап көрүп, биз дагы оюбузду сунуштап көрүүнү чечтик. Жыйынтыгында мага өгөй бир туугандар тууралуу идея келди. Аны айтсак жигиттер жактырышып, Жеӊиш экөөбүз сценарийдин үс­түнөн 1 ай иштедик. Аскат менен Данияр бүт чыгымдарды өз моюнуна алышты, биз тараптан сценарий менен жакшы аткарып берүү болду.
– Бир учурда сценарист жана актёрдун кызматын аткаруу оор болсо керек?
– Айтпаӊыз, мындан кийин өзүбүздү мынчалык кыйнабайбыз деп чечтик (күлүп). Уйку
тууралуу кыялданып гана калдык окшойт. Бирок эмгегибиздин жыйынтыгы жаман эмес.
– Фильмди тартуу учурундагы эӊ чоӊ кыйынчылык эмне болду?
– Тамашалуу тасма болгондуктан, баары шайыр маанайда өтүп жатты. Жеӊиш уйкучулугунун азабын тартты окшойт. Бирок ушунчалык өзүн колго алып, жоопкерчиликтүү болууга умтулду. Уйкучулуктан да арылууга аз калды окшойт.
– Тасма аркылуу көрөрмандарга эмнени жеткизейин дедиӊиздер?
– Биз сценарийди жазып жатканда көрөрмандар тууралуу көп ойлондук. Негизги максатыбыз – үй-бүлө менен чогуу отуруп көрө турган кино жаратуу болчу. Анан, албетте, тамашаларга көӊүл бурганбыз. Жадакалса тамашаларыбыз дагы бардык муунга жеткиликтүү, аша чаап жиберген эмеспиз. Анан бул тасма көпчүлүккө сабак болуусу керек. Себеби азыр адамдар бири-бирине мээрим төгүүнү, чын жүрөктөн мамиле жасоону унутушту. Бул чыныгы жашоодо кездеше турган окуялардан куралган, маанайды көтөрчү жакшы комедия болду. Максатыбызга жеттик.
– Фильмдин жабык эшик артында көрсөтүүсүнө мен да бардым. Келген адамдардын баары жаратуучуларды мактап жатышты. Сын уктуӊузбу?
– Чынын айтсам, эч кимдин сындаганын уга элекмин. Баары эле мактап жатышат. Биз «эми сындап киришет го» деп ойлоп, коркуп жатканбыз. Бирок андай болбоду. Ошондуктан бардык тамаша сүйүүчүлөрдү үй-бүлөсү менен чогуу бул фильмди көрүп кетүүгө чакырат элем.

"Бул тасманын көркүн Жеӊиштен башка эч ким чыгара алмак эмес".

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Бир тууганчик” үй-бүлөлүк кинокомедиясы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Asanovna1805
2015-01-19 14:17:23
Кино мага аябай жакты. Азаматтар!!!
0
Asanovna1805
2015-01-19 14:17:58
Ишинерге ийгилик
0
Aiperi.edil
2015-01-19 17:04:01
Супер инфо жуктоп коюнузчу эртерээк. кыргызтанда болгондо бармакбыз. Алыста болгондуктан суранып жатавыз. Рахмаат
0
admin_superstan
2015-01-19 17:38:18
Aiperi.edil, саламатсызбы! Тасма кинотеатрларда көрсөтүлүп бүткөн соң биздин порталга жүктөлөт.
0
Pantherka
2015-01-19 17:24:18
Инетке чыгып калыптыр го уже.
0
naya
2015-01-26 01:41:05
Pantherka, кайсыл сайтта?
0
zaika94
2015-01-19 17:54:23
Maga Bakyttyn atkargany jakkan jok, jasalma atkargany bilinip kalyptyr
0
Han
2015-01-21 12:36:45
Аскат деген неме соо элеби? 4:20 минут
0
Nur45
2015-01-22 18:25:59
аа жашкы элге кызмат кыла бергиле
0
№ 637, 16-январь-22-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан