КЫЗАМЫК ӨТҮШҮП КЕТСЕ ӨЛҮМГӨ ЖЕТКИРЕТ

Кызамык (корь) – дүйнөдөгү эӊ кеӊири жайылган жугуштуу оору. Мисалы, 2013-жылы андан дүйнө жүзү боюнча 145 700 адам (көпчүлүгү балдар) көз жумган. Ушундай коркунучтуу оору учурда өлкөдө жайылып жаткан кези. Андыктан кызамык тууралуу маалымат алуу үчүн Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 9-бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Жаркынбаевага кайрылдык.

КЫЗАМЫК ТУУРАЛУУ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮ КЕРЕК?
Жугуу жолу
– аба аркылуу (чүчкүрүү, жөтөлүү, сүйлөшүү).
Оорунун козгогучу – PHK-вирусу (морбилливирустар түрүнө кирет).

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

  1. Дене табы көтөрүлөт (38-40 градуска чейин).
  2. Мурун жана үн бүтөт.
  3. Күрсүлдөп жөтөлөт.
  4. Көз кызарып, чылпактайт. Жарыкты карай албай калат.
  5. Таӊдайда кызыл тактар пайда болот.
  6. Моюн бездери чоӊоёт.
  7. Көӊүл айнып, уйку бузулат. Тамакка табит жоголот.
  8. Денеге кызыл бүдүрчөлөр чыгат.

ДАРЫЛОО, ТАМАК-АШ...

  1. Төшөккө жатуу
  2. Бөлмөнү 3-4 маал жууп, желдетүү
  3. Көздү кайнатылган жылуу суу же соданын 2 пайыздуу аралашмасы менен жуу
  4. Мүнөздөп тамактануу (диета) сунушталат.
    Болбойт: Ачуу, туздуу, ышталган, ошондой эле аллергия чакыра турган азыктар (жумуртка, балык, бал, цитрус жемиштери, тоок эти, малина).
    Болот: Шире (өзгөчө сабиз, алма ширеси), компот, сүт жана сүт азыктары (быштак, йогурт, айран), сүт ботко, алма пюреси, банан, суюк тамактар жана башкалар.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

  • Балдарга кызамыкка каршы эмдөө 2 жолу жүргүзүлөт: 1 жашында жана 6 жашында.
  • Эмдөөдөн өткөн балага кызамык жуккан учурда оору жеӊил өтүп, бала кыйналбайт.
  • Кичине кезинде эмдөө албагандар жаш курагына карабай эмдөөдөн өтө берсе болот.
  • Кош бойлуу кезде эмделүүгө болбойт!

СТАТИСТИКА
Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын маалыматы:

  • 2014-жылдын декабрь айында кызамык менен 254 адам жатып дарыланган (мунун 139у балдар).
  • 2015-жылдын 1-январынан 21-январына чейин кызамык менен 710 адам жатып дарыланган (мунун 406сы балдар).
    Ооругандардын көбү мурун кызамыкка каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр.

БҮДҮРЧӨЛӨР АЛГАЧ БЕТКЕ, МОЮНГА ЧЫГАТ
– Кызамыкты кызылча (краснуха) оорусу менен алмаштырбоо кажет. Кызамыкка кышында көп чалдыгышат. Буга суукта бөлмөлөрдүн көп желдетилбей, жылуу бойдон турушу себепкер. Анткени мындай абал вирустун жашап кетишине шарт түзөт. Ооруга көбүнчө жаӊы төрөлгөндөн 5 жашка чейинки балдар, анан эмдөө албагандар, кызамык менен ооруй электер кабылышат. Оору эпидемияга айланып турган кезде баланы эл көп жүрүүчү жерлерге (дүкөн, базар) жана конокко алып барбаш керек. Бала бакчага, мектепке алып баруу же алып барбоону кырдаалга жараша чечиӊиз.
Вирус организмге киргенден тартып анын жашыруун көбөйүү мезгили 9-21 күндү түзөт. Оору белгилери (дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл жана башкалар) 3-4 күнгө созулат. 3-4 күндөн соӊ дене табы түшүп, кайра көтөрүлөт. Андан кийинки 1-күнү кулактын артында, моюнда, бетте кызыл бүдүрчөлөр пайда болот. 2-күнү кызыл бүдүрчөлөр баланын денесине, колуна чыгат. 3-күнү бүдүрчөлөр буттарына тарайт. Бүдүрчөлөр бири-бирине кошулуп чоӊ аймакты ээлеп калышы да мүмкүн. 4-күндөн баштап тактардын өӊү өчүп, бүдүрчөлөр кете баштайт да, баланын абалы жеӊилдейт.
7 айлык Жасмина Бишкектин тургуну. Апасынын айтуусуна караганда, Жасминага кызамык оорусу ооруканадан жуккан. Ал жерде аны 10 күн бою бронхиттен дарылашкан. Бирок наристе бир оорусунан айыкканы менен, экинчи дартты жуктуруп чыккан.

БАЛА БАКЧАДА КЫЗАМЫК КАТТАЛСА, ЭМДЕЛБЕГЕН БАЛДАРГА ГАММА-ГЛОБУЛИН САЙЫЛАТ
– Кызамыктын белгилери билинсе «Тез жардамды» чакырыӊыз. Балага антибиотик бербеӊиз. Ал кызамыктын вирусун өлтүрө албайт. Кокус оору кабылдап баратса, дарыгер гана дары-дармектерди сунуштайт. Эгер бала кызамыктын жеӊил түрү менен ооруса, дарыгердин көрсөтмөсү менен үйдө кароого болот. Эгер бала бакчада кызамык катталса, анда андагы эмдөөдөн өтпөгөн балдарга гамма-глобулин сайылат. Муну алган балдарда оору жеӊил өтүп, бат айыгып кетет.
Кызамык баланын иммунитетин өтө начарлатып салгандыктан, түрдүү ооруга чалдыгуу коркунучу туулат. Андыктан бул оору менен ооруп айыккан баланы 1 айга чейин башка балдарга кошпой, эл көп топтолгон жерлерге алып барбай, жакшылап кароо кажет.

ӨТҮШҮП КЕТСЕ, ӨПКӨ, БАШ МЭЭ ДА ЖАБЫРКАЙТ
– Оору өтүшүп кетсе бронхит, пневмония, менингоэнцефалит (баш мээнин жана жүлүндүн сырткы кабыгынын сезгениши), отит (кулактын сезгенүүсү) жана башка оорулар келип чыгышы мүмкүн.
Кокус кызамыктын вирусуна башка бактериялар келип кошулса, анда баланын тамагы шишип, дем ала албай муунуп, чарчап калуусу да ыктымал. Андыктан кызамыктын оор түрү менен ооруган баланы сөзсүз ооруканага жаткырыӊыз. Бала 7-10 күндө айыгып чыгат.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргызстанда кызамык илдети күч алууда
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
SweetLady
2015-01-26 11:26:00
урматтуу админ тактап берип коюңузчу сураныч ветрянка, корь, краснуха кандай айырмалары бар? Кыргызчасы ветрянка-кызамык, корь-суу чечек (же жөн эле чечек), краснуха-кызылча болсо керек эле
0
admin_superstan
2015-01-26 11:40:32
SweetLady, саламатсызбы!
Кызамык жана суу чечек оорусу тууралуу:
http://www.super.kg/article/?article=3843
Ал эми кызамык тууралуу ушул макаладан маалымат ала аласыз. Дагы кенен маалымат жарыялоого аракет кылабыз.
0
Kalin466
2015-01-26 19:43:47
SweetLady, чечек оспа деп которулат.
0
N.mira
2015-01-26 13:25:17
Кызамык(корь).кызылча оорусу(краснуха).суу чечек(ветрянка)
0
insap
2015-01-26 15:52:41
Кудай өзү сактасын, бул дагы кооптуу оору екен го?!...
0
Pozitiff
2015-01-27 11:18:07
INailia Сиздин тушунугунузго окшогон адамдардын айынан ушундай оорунун саны кобоюп жатат да, прививка созсуз алынышы керек. Сактанганды Кудай сактайт деген соз бар, жон эле Кудай сактасын деп аракет кылбай отура берсениз болбойт!!!
0
Pozitiff
2015-01-27 11:19:32
Негизи эле азыркы диний сабаттуулугу томон динчилер балдарына прививка кылдырбайт экен, дал ошолордун балдары кобуроок ооруп жатышат, менин билишимче.
+1
beva63
2015-01-27 17:50:16
Кудай сактасын негизи балдарды киши коп жерге апарбаш керек. Базарга барсан 3айлык бобокторду которуп жургонун коросун
0
Nargiz1985
2015-01-27 19:00:12
Кызамыкка каршы привывканын аты Кандай экен,сураныч жазып койгулачы?
0
kagan77
2015-02-06 16:19:41
Nargiz1985,КПК (корь, паротит, краснуха) уч ооруга бир вакцина сайылат.
0
Jude_72
2015-01-27 20:20:01
кызамык деген корь эмес,корь бул кызылча а кызамык ветрянная оспа же ветрянка деп коюшат
+1
AIZAD
2015-01-29 16:03:53
Jude_72, а краснуха - деген кандай которулат?
0
Ajar.
2015-01-30 01:24:52
SweetLady,

Кызамык - краснуха, кызылча - корь, суу чечек -ветрянка, ветряная оспа.
0
jypawra
2015-01-30 08:16:08
Мынчалык тушунугу жоктор кайдан топтолуп алышкан.кичине мээсин иштетишсе кайсыл оору кандай которулушун тушунушмок. Кайран чала кыргыздар баары даярга конуп калышпадыбы
0
Oceana
2015-01-30 18:16:12
Бизденда 2 адам оорулу болуп табылды ушул оору м.н.
0
demo009
2015-02-01 00:36:30
кудай озу сактасын оорулардан
0
№ 638, 23-январь-29-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан