ИЛЕӉ-САЛАӉ ИРЛАНДИЯНЫ НАМЫС ОЙГОТКОНБУ?

Өнүккөн өлкөлөрдү сүрөт-видеодон көрүп калганда, же өзүбүз ошондой жактарга барып келгенден кийин сөзүбүз жомок болуп, тамшанып айтып бүтө албай калат эмеспизби. «Кыргызстан качан өнүгөт? Биз качан көр тириликтин артынан кубалабай калабыз?» деп кыял кура баштайбыз. Былтыркы жылы өлкөбүз биринчи жолу эӊ төмөн кирешелүү мамлекеттердин катарынан чыгып, кийинки тепкичке секирик жасады. Бул да жеӊиш. Ажобуз быйылкы жылды «Улуттук экономиканы чыӊдоо жылы» деп жарыялады. Бул да сөздөн иш-аракетке өтүүгө болгон чакырык.
Кызыктуу макалалардын жаӊы сериясы менен «экономикалык кереметтин» жаратмандарын баяндап берүүнү туура көрдүк. Кыска убакыттын ичинде жакыр өлкөлөр өнүккөн дөө-шаа державалардын жанынан кантип орун таба алышты?

Ирландияны коӊшулары «Европанын оорукчаны, байлардын арасында эӊ жакыр, анын келечеги да күмөн» деп мазактай турган. 1990-2000-жылдар аралыгындагы он жыл... Бул убакыт кичинекей аралга, бийлик менен калкка намыстан ойгонууга жана тездик менен бутка турууга жетишерлик болду.

БИР МИЛЛИОНДОЙ АДАМДЫН ӨМҮРҮН ЖАЛМАГАН АЧКАЧЫЛЫК
1840-жылдардагы «улуу ачарчылык» кезинде башталган жер которуу 1950-жылдарга чейин уланган. Өз мекенинде курсагын тойгуза албай калгандар АКШ, Австралия, Улуу Британия жана Канадага сапар тартып, бүгүнкү күндө кошмо штаттарда эле 40 миллиондон ашуун теги ирландиялык америкалыктар жашайт. АКШнын президенттери болуп турган Рональд Рейган, Жон Кеннеди, керек болсо Билл Клинтондун дагы ата теги дал ушул Ирландиядан болушат. Массалык миграциялык агымга экономиканын чабал болгондугу себеп. Кен байлыктарга кедей Ирландия эки жүз жыл бою мал чарбачылыкка, айрыкча сүт өндүрүүгө таянган өлкө болгон. Аралга Улуу Британиянын колониячыл саясаты да кедергисин тийгизген.

Ирландиянын «экономикалык кереметин» жаратууда өкмөт башчы Патрик Бартоломью Ахерндин эмгеги мол болгон дешет. Ал аталган өлкөнүн министрлер кабинетин 1997-2008-жылдар аралыгында башкарып турган.


МАЛЧЫЛАР САРАЙДАН ОКУУ ЖАЙГА ЖӨНӨШКӨН
1960-жылдарда аталган өлкөнүн бийлиги билекти бекем түрүп, чоӊ реформаларга киришкен. Орто билимди алуу милдеттүү деп жарыяланып, акы төлөп окуу жоюлган. Өкмөт бюджеттин тартыштыгына карабай жыл өткөн сайын кесиптик-техникалык окуу жайларга бөлүнгөн каражатты көбөйтүп турган. Билим берүүдө өнөр жай жана компьютердик технологияга артыкчылык берилген. Ал кезде ар бир онунчу окуучу гана университетке тапшырса, азыр ирландиялык окуучулардын дээрлик бири калбай дипломдуу болуу дымагын ишке ашырат. Квалификациялуу кадрларды даярдоо менен өкмөт өлкөдөгү жол, көпүрө, портторду оӊдоодон өткөрүп же жаӊысын кура баштаган. Реформанын негизги бөлүгү салыктарды кескин кыскартуу менен капиталды өлкөгө алып келүүдөгү административдик тоскоолдуктарды жоюуга да багытталат. Бизнес ачуу үчүн керектелген процедуралар өтө жөнөкөйлөтүлгөн. Инвесторлорду тосуп алууга кулач кенен жайылат.

ИРИ КОМПАНИЯЛАРДЫН БОРБОРУНА АЙЛАНУУ
Чет жердеги ири компаниялар күттүргөн эмес. Биринчи болуп АКШнын фармацевттик компаниялары менен IT-гиганттар көчүп келишкен. Microsoft, Google, Apple, Dell, Intel, IBM, Panasonic, Fujitsu, Motorola – бул Ирландияда ишин алып барууну чечкен 300дөн ашуун ишканалардын чети гана. Анын артынан 400дөй дүйнөлүк банк өз өкүлчүлүктөрүн ачышкан. Мунун баары миӊдеген жаӊы жумуш орундарын түзүүгө жол ачкан. Иш издеген мигранттар да келе баштап, 2007-жылы аралдагы ар бир онунчу киши сырттан келгенин айткан.
«Кельт жолборсу» деп атыккан Ирландияны «экономикалык керемети» жогорку технология продукциясын экспорттогон эӊ ири мамлекеттердин бирине айлантты. Мисалы, Европада сатылган
компьютерлердин ар бир үчүнчүсү Ирландиядан чыгат. 2000-жылы аталган өлкө ички дүӊ өндүрүмүнүн көлөмү боюнча, Улуу Британия менен Германияны чаӊында калтырган.
Бирок 2008-жылкы дүйнөлүк каржылык каатчылыкта Ирландия чоӊ зыян тарткан. Ошентсе да акырындык менен аталган өлкөнүн экономикасы Европалык союздун жардамы менен өз калыбына келип жатат. Эӊ башкысы, аянты жагынан Кыргызстандан үч эсе кичинекей Ирландия кыска убакыттын ичинде дүйнөгө өзүн жар сала алды.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
knk
2015-01-26 09:13:28
Бизге да ушундай мамлекет, окмот башчылар жетишпей турат
+2
Begim8678
2015-01-26 09:40:51
Акаев да Патриктей саясатын жургузуп баштады эле.... Жаштар билимдуу бололу. Билими бар минди жыгат дегендей.
0
tairbek.
2015-01-27 14:31:20
Begim8678, Акаев бардыгын сатып жесе каяктагы саясатын жургузот, биздеги чечилбей жаткан бардык проблемалардын фундаменттин Акаев тузуп кеткен!
+1
jypar.i
2015-05-15 22:51:50
Begim8678,ооба. А.А жакшы баштап,бирок жаман таштап койбодубу
0
Maxx
2015-01-26 16:19:36
Билим-байлыктын булагы.Жаны муунга жакшы,сапаттуу билим берсе биздин олко да онугот.
+1
tolik
2015-01-26 22:22:07
Кандай гана олко болбосун,саясий эрк кучтуу болсо ошол олко онугууго толук мумкун.
+1
alisherkgkg3
2015-01-27 00:27:40
Биздин олкодон коррупция тамыр алып алган аны кыркып салып, инвесторлорго жол ачыш керек.
+1
admin_superstan
2015-01-27 16:19:02
youngyoung, саламатсызбы!
Ката оңдолду, рахмат!
0
SULUU-KYZ
2015-01-27 23:00:13
Бизде кекиртегин тыя албаган чондор кетип,ордуна таза,билимдуу жаштар келсе онугобуз Кудай буюруса.
+1
Erniet
2015-01-28 03:03:28
Биз диплому кызыл эмес мээси кызылдарды иштетсек өнүгөбүз
+3
Seitbek.93
2015-01-28 19:06:36
айланайн алтындарым Кыргызстан буйруса 1000жылда онолот,мага ишенип койгула.
-1
zloy
2015-01-30 19:05:12
Seitbek.93 сен кайдан билип койдуң? ойлонуп сүйлөсөң
0
Abdyrawit
2015-02-08 03:15:30
Ирландия кичинекей болсо дагы...учурда компютердик оюундарда озулорунун туусун которуп журушот...мисалыга алсак онлайн гонкада ...80 % ирландиянын картасында ойногонду жактырат...
0
Abdyrawit
2015-02-08 03:26:25
Биздикилер 2011 жылдан бери кыргыз тилин google киргизе албай журушот...Казак же Озбекке тенелбей эле койолу...бизден кийин аракет кылган Тажиктер уже толук киргизип болду....

муну айтканымдын себеби :Биз соз менен аябай чон иш баштайбыз ..бирок аягында да соз менен буторуп коебуз..башкача айтканда коробойбуз...Биз дагы иш жузуно ашырып онугуп кетсек жакшы болмок
+1
jypar.i
2015-05-15 22:52:37
Abdyrawit,эң туура сөз
0
A_l_i_b_e_k
2015-08-05 01:29:44
Ирландия 'Виски' экспорттоо жагынан да 2-орунда турат. Молодцы Ирланцы!
0
№ 638, 23-январь-29-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан