ЮРИСТ КЕӉЕШ БЕРЕТ

Көпчүлүк жарандар түрдүү себептерден жапа тартып, адистин кеӊешине абадай муктаж болушат. Бул ирет окурмандардын укуктук мыйзам, талаптар боюнча суроолоруна орун бердик. Суроолорго "Фемида" юридикалык компаниясынын жетекчиси Азиз Токтосунов жооп берет.

«КАНТИП ФОНД АЧСАМ БОЛОТ?»
– Жеке тарбия фондун ачып, жаштар үчүн тарбиялык иш алып барсам деп ойлоп жаткам. Жеке фонд ачуу үчүн кандай документтер керек? Ачсам болобу?

Фарида, Бишкек

-Коммерциялык эмес уюмдар үчүн мыйзамдын негизинде жеке жана юридикалык тарап канча бир мөөнөткө фонд ача алат. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 11-беренесинин 4-пунктуна (филиалдар, мамлекеттик каттоо жана юридикалык тарап) ылайык, фонд түзүүчү, каттоочу органдарга төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү абзел:
  • Өкмөт тарабынан бекитилген талапка ылайык каттоо арызы;
  • Коммерциялык эмес уюмдун куралышы, уставдын бекитилиши жана коммерциялык уюмду башкаруучу органдардын түзүлүшү боюнча чечими;
  • Коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин колу коюлган уставдын эки нускасы;
  • Коммерциялык эмес уюмдун башкаруучу мүчөлөрүнүн аты-жөнү жазылган тизмеси;
  • Коммерциялык уюмду түзгөндөрдүн тизмеси.

«Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеӊештерге муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.

Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
nuru95kg
2015-01-27 09:18:22
Тобо 200 000 сом сураган жери кызык экен!
0
Bekish-kg
2015-01-27 13:20:47
Российский паспортум бар,аны жоготбой кыргызстандын паспортун алсам болобу?
+1
admin_superstan
2015-01-27 14:49:52
Bekish-kg, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүп, сурооңузду калтырсаңыз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=115
0
toocool
2015-01-27 14:26:53
Salamatsyzby super.kg menin sunushum Aizada Kasymalieva (yngaisyz suroolor)dan intervyu alsanyz abdan soonun bolot ele,rahmat
0
admin_superstan
2015-01-27 14:50:15
toocool, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Kanimika
2015-01-27 20:25:28
Саламатсыздарбы мен юриске кантип суроо берсем болот качка жазышым керек алдын ала рахмат
0
admin_superstan
2015-01-28 10:23:51
Kanimika, саламатсызбы!
kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.
0
Kiska
2015-01-31 16:01:57
Саламатсыздарбы,азыр орусиядагы иммигранттардан медицинский страховой полис сурап жатышат аны оз мамлекетибизден алабызбы же бул жактан алсак жаратышабы?так маалымат жок болуп жатат.
0
admin_superstan
2015-02-02 12:25:12
Kiska, саламатсызбы!
Сурооңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Дагы суроолоруңуз бар болсо, kenesh@super.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.
0
angelochka_90
2015-02-18 22:02:35
саламатсыздарбы!мен Казакстанда уйдо торогом балам 1жаш болуп калды эч кандай документтери жок.кыргызстанга алып чыгып кетишим учун кимге кайсыл жерге кайрылышым керек жооп берип коюнуздарчы
0
admin_superstan
2015-02-19 11:19:35
angelochka_90, саламатсызбы!
Жооп алып берүүгө аракет кылабыз.
0
№ 638, 23-январь-29-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан