НУРГАЗЫ САРАЛАЕВден ТАМАША
«Тамашоунун» таланттары
“Юристтер” командасынын капитаны Нургазы келечекте депутат болгусу келет. Анткени ага Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаалар аябай жагат.
Жашы – 22 жыл, 14 күн, 2 саат, 3 мүнөт, 1,2,3,4,.. секунд
Бою – 175 сантиметр, эгер бийик така кийип алса
Салмагы – Бадыевадан 10 эсеге жеңил
Лакап аты – Темиштин кичүү уулу
Хоббиси – Өзүнүн жыртык байпактарын жамоо
Дежур сөзү – “Жол, жол! Фигура береги!”
Фобиясы – Аракты закускасыз ичкен бийкечтер
Жактырган тамагы – Беш бармак. Ошондуктан жакын досунун 5 бармагы жок.
Кумири – Наполеон. Анткени анын бою Нургазынын боюнан кичине
Өзүнө жаккан сапаты – Күзгүгө каранууга 2 эле саат короткону
Үй-бүлөлүк абалы – Бейонстун сүрөтүнө нике кыйдырып алган
Максаты – Көлдүктөрдү оштуктардай кылып бүт Кыргызстанга жайылтуу
Кыргыз балбандары жакында Афиныда өткөн эл аралык мелдештен 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло тиш алып келишти.
Тата Улан концерттердин биринде бет кабын чечип ырдаган. Бирок чогулган эл анын чыныгы жүзүн көрүп, бет кабын кайра кийүүсүн суранган.
Сенсация! Көрсө, кыргыз парашютчулары мелдештерге күнүмдүк турмушта кийип жүргөн үй-бүлөлүк парашюттары менен катышат экен.
Чочко тумоосунун айынан эми презервативдер да бет кабы менен чыга баштады.
Бир гана кыргыздын тойлорунда беш бармакты түнкү саат 12де беришет. Андан кийин торт берүүгө да жетишишет. Анысы аз келгенсип, коноктор тарагандан кийин үйүнө барып чай ичмейинче уктай алышпайт.
Баткендин тургуну 100 үйүн сатып, Бишкекке барып машина минип алды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
оштук болсо оштук баткендик болсо баткендик дейт, жаман чычаладынар го, колдукторду алкаштар наркомандар деп эле айта беришет (алкаши, наркоманы есть везде: и в оше и в нарыне) а биз чычалабайбыз. надо уметь смеяться над собой и это полезно.
Voopwe to "4yn 4y4alait" deit, balkim kimdir biroonun koonuno tiyip jatkandyr, owon u4un ar kaisyny suilop jatywkandary go...
Emi,bir tamawou4unun ayinan ozubuz-ozubuz menen tytywkanybyz ele jetiwpey jatat ele.Birdi jarim ozbek okup kalsa tabasyn,KIRGIZDAR i4-ara bolunup atat dep.Silerge janym kurman bolsun,biz bir butun elbiz.E4 kim ayira albayt.
аракетин бар бирок жылыш жок
Мага тамашаларынын бири да жаккан жок. Мунун тамашасына караганда биздин универдин балдарыныкы мин эсе сонун!
melek, кыйын болсон ушинтип газетага чыкпайсынбы хотя бы.
Айнура озунчо ле кыйын боло бербесен.MOON айткандай тамашасы да сага окшош экен, ха ха ха. Уят Нургазы уят, мындай тамашанын кыргыз элине кереги жок. Melek туура айтат мунун тамашасына караганда менин досторум суппер тамашалайт. Лажа Нургазы!
Jakshy tamasha eken, kulso bolot
Jakshy Nurgazy baike. Tamashalarynar abdan jakty. Ushintip ele CHOK-TALDY kotorup juro beriniz. nazar
owo prezirvativdegi betkapty betine kiiip korgon sungo a...
Бейонстун сүрөтүнө нике кыйдырып алган
Супер! бирок колдуктор чачырабай калды го, тан калам эмнеге Оштуктар, Баткендиктер оштук баткендик десе эле чычалай берет? жада калса каяктыксын деп сурап койсон Чуй же Токмоктукмун деп айтышат Например:Б.Бадыева баш болуп.
Тамаша сапату болсо, мынчалык каршы пикирлерди жаратпайт эле
tamashalary super i sapattuu