КРнын Маданият агенттигинин директору Султан Раев: «УШАКЧЫ ГЕЗИТТЕРДИН ЖАЗГАНЫНА МААНИ БЕРБЕЙМ»

Бейне

Учурда Маданият агенттигинин директору Султан Раевди кыргыз журтчулугу жакшы тааныйт. Бирок анын “Күн кармаган бала” повести нечен тилге которулуп, атүгүл Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIге чейин жеткенин, ал эми “Акыркы керээз” спектакли “Жети мыкты драма” антологиясына киргизилгенин баары биле беришпейт.

ТАБИТИҢИЗ КАНДАЙ?
МузыкаКлассика.
АвтоЖолдон бузулбай каалаган жериңе аман-эсен жеткирген унаа.
Кийинүү стилиЫңгайлуу кийимдердин баары.
Ашкана Түрдөп тамак жегенди эмес, түрдөп тамак жасаганды жактырам.
Аялзаты Аял – бул ааламдын асылзаты. Кандай шартта болбосун, аял өзүнүн назын жоготпосо дейм.
Эс алууЭч ким тынчымды албаса, жалгыздыкта өз ойлорум менен өзүм эс алууну жактырам.
Кино Грузиндерде Тенгиз Абуладзе деген режиссёр бар. Ошонун “Покаяние” тасмасын баалайм.
АдабиятЖазуучулардан Герман Гессе, Достоевский, акындардан испан тилдүү Унамунонун ырларын рахаттануу менен окуйм.
Жыл мезгилиКайсы бир жыл мезгилин баса белгилей албайм. Бирок жамгыр себелеп же кар кыламык жаап турган учурларды жакшы көрөм.
ИнтерьерЭң негизги талабым – ыңгайлуулук.

МААНИЛҮҮ
– Султан мырза, Маданият министрлигинин агенттик болуп кайра түзүлүшүнө маданият ишмерлеринин көпчүлүгү нааразы болушууда. Алардын айрымдары: “Жетекчибиз министрликтин кызыкчылыгын коргой албады”,- деп да чыгышты. Сиз эмне дейсиз?
– Бүгүнкү экономикалык, каржылык, энергетикалык кризис дүйнөдө эми эле пайда болгон жок да. Андай кыйынчылыктардан адамзаты жолун таап чыгып да келген. Бирок баарынан жаманы – руханий кризис. Ошондуктан бүгүн каржылык кризис коркунучтуу деп эле маданиятты экинчи планга жылдырууну мен катардагы атуул катары туура көргөн жокмун. Структуралык реформа болору тууралуу кеп болгондо, Маданият министрлигине тийишпесе керек деген ишеним болгон. Ошентсе да комиссия ушундай жыйынтыкка келди, бир дагы министрлик “биз мындай болушубуз керек” деп жеке кызыкчылыкты көздөп, комиссиянын ишине кийлигишкен жокпуз.
«Эгер жетекчибиз министрликтин кызыкчылыгын коргой алганда агенттик болуп калбайт элек» деп да чыгышпадыбы. Бул боюнча журналисттер ар нерсени жазышты. “Таарынып Кытайга кетип калыптыр” дегенге чейин барышты. Аларды окуп күлкүң келет.
– Азыр жаш эстрада ырчыларына “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги байма-бай берилип жатат. Ал эми Күмөндөр Абылов сыяктуу таланттарга Эл артисти наамы берилбей келет. Ошондон улам наамдар сатылабы же тааныш-билиштик роль ойнойбу деген суроо жаралат...
– Ушул наам, сыйлык деген нерсе бизге совет доорунан калып, биротоло сиңип калган да. Дүйнөгө белгилүү таланттар, алалы, Чарли Чаплин АКШнын Эл артисти же Хемингуэй АКШнын Эл жазуучусу деген наам алышты беле? Ал наамы жок эле дүйнө эли аларды сыйлап, талантына таазим кылып келишет. Дегеним, бизде наам десе жантыгынан жата калчулар бар. Жыл сайын 2-ноябрь жакындаганда телефонду тындырбай, кабылдамадан кетпей, мага наам бербесеңер өзүмдү өрттөп жиберем дегенге чейин баргандар болот. Менимче, чыныгы талантты мамлекеттен мурун эл талдап, өзүнүн наамын ыйгарып алат.
Ал эми төш белгилер боюнча айтсам, анча-мынча татыксыз адамдарга берилип кетип жатса жаткандыр. Ошентсе да жаш таланттардын келечегине жөлөк, стимул болсун деген ойдо бул иштерди жасап жатабыз.

ҮЙ-БҮЛӨ
– Сизди алгач журналист-жазуучу катары билсек, эми мамлекеттик кызматкер катары тааный баштадык. Ал эми балалыкта кандай элеңиз?
– Өзүмдүн кыздарымды карап, менин балалыгым алардыкына таптакыр окшобогонун ойлоп кетем. Мен өзүм Кара-Суунун Жоош айылынан болом. Атам катардагы эле колхозчу, апам өмүр бою колхоздун пахтасында иштеген адам. Үй-бүлөдө жети бир тууганбыз. Мен экинчисимин. Айтор, урук-тууганыбызда эч ким чоң болгон эмес. Тек гана кыргыздын карапайым адамдарынанбыз.
– Үйдө кандай бала, кандай күйөө, кандай атасыз?
– Чиновникпи же катардагы кызматкер боломбу, баары бир апам менен атама уулу Султан болуп кала берем. Менин министрликте аткарган иштериме караганда, аларды ден соолугум, учурунда тамактанып, учурунда уктап жатамбы, ошолор кызыктырса керек. Мен дагы атамдай эле кыздарыма мээримдүү ата, аялыма татыктуу күйөө болууга аракет кылам. Үч кызым бар. Улуу кызым Санкт-Петербургдагы Финансы-экономикалык университетти бүтүрдү. Ортончу кызым учурда Сеулдагы Ион-Сей университетинде докторантурада, кичүү кызым болсо кытай тилин тереңдетип үйрөнүү аракетинде жүрөт.

ЖАШТЫК
– Жаштык күндөрдү эстесеңиз өзгөчө эмнени же кимди сагынасыз?
– Азыр силер жашсыңар. Мындай учурда адам өзүн өмүр бою эле жаш бойдон кала берчүдөй сезет. А мен кайсы бир адамды же бир күндү эмес, жаштыктын өзүн сагынам. Бир жаман жери, канча сагынып куса болбо, ал күндөр баары бир кайтпайт.
– Биринчи ийгилигим деп кайсы окуяны айтасыз?
– Ойлонуп көрөйүнчү... “Күн кармаган бала” аттуу повестим 1989-жылы “Ала-Тоо” журналына басылып чыккан. Ошол менин алгачкы ийгилигим болгон. Жарык көрөрү менен ал кытай тилине, андан соң дүйнөнүн бир нече тилине которулду. 2002-жылы Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Букингем сарайына чакырган. 2007-жылы «Акыркы керээз» аттуу пьесам англис тилинде БиБиСиде коюлду. Кийин ал атактуу каналдын тандоосу менен “Жети мыкты драма” антологиясына кирди. Ушул окуяларды да өмүрүмдүн өзгөчө барагы катары кабыл алам.

ДОСТОР
– “Узакка созулган достук болбойт, эки тараптуу кызыкчылык болот” дешет. Достук сиз үчүн эмне?
– Кызыкчылык үчүн дос болбойм. Мамилең, мүнөзүң туура келсе, бири-бириңе кыйынчылыкта жардам бере алсаң, анан доссуң да. Менин досторумдун катарында айылда жашаган карапайым адамдар көп. Зарыл учурда чиновниктин мааракесин таштап, айылдагы досторго жөнөп кетишим мүмкүн.

АКЧА
– Акча сиз үчүн...
– Акчага сыйынбайм. Ал мен үчүн жашоодо керектелүүчү каражат.

УЛУТ
– Чет жерге барып же башка улуттун өкүлдөрү менен сүйлөшүп калдыңыз дейли. Өзүңүздүн кыргыз экениңизди кантип далилдейсиз?
– Ушул суроодон улам Букингем сарайындагы окуя эсиме түшүп кетти. Ханышанын кабыл алуусу катаал протоколдун негизинде жүргүзүлөт. Протоколдо “конок сөзсүз түрдө смокинг кийиши керек” деген жери бар экен. Ошонун эле астында “конокторго улуттук кийим менен кирүүгө уруксат” деп жазылыптыр. Ага чейин калпак кийчү эмесмин. Ошондо бакай калпак, саймалуу чепкен менен ханышага кирдим. Ханыша биздин кийимге аябай кызыгып, сурап жатты.

ЖУРНАЛИСТИКА
– Өзүңүз тууралуу чындыкка туура келбеген маалымат окуп, нааразы болгон, соттошом деген учурлар болду беле?
– Өзүм журналистмин. Мен деле далай макала, материалдарды даярдагам. Бирок аныгына жетип, такталбаган чала макаланы чыгарган эмесмин. Азыркы журналисттердин катарында ойго келгенди оттой бергендер көп эле. Жазгандарын окуп алып жакаңды карманасың. Бирок алар менен соттошуу эч оюма келген эмес. Кудай алдында акмынбы, болду, актанып жооп жазууну туура көрбөйм. Ошондуктан ушакчы гезиттер жазган макалаларга маани да бербейм.

КАЙРЫМДУУЛУК
– Кайрымдуулук салык сыяктуу эле мыйзамдуу түрдө жашоого кирсе, кимдерге жардам көрсөтөр элеңиз?
– Мыйзам болуп кирбесе деле жол-белде кайыр сурагандарга кайрылып, дайыма садага берем. Таң калычтуусу, жолдон жүз адам өтсө ошолордун токсон тогузуна барбай, дал мага келип сурашат. Сыртымдан садага берерим көрүнүп турат окшойбу. Буга сүйүнүп эле коём. Атүгүл жумушка жардам сурап кайрылгандарга деле колдон келген көмөгүмдү көрсөтөм.

ДЕН СООЛУК
– Чочко тумоосунан өзүңүздү жана үй-бүлөңүздү кантип сактап жатасыз?
– Кудай сактанганды сактайм дейт. Ошондуктан Кудай сактасын деп коюп эле жүрөбүз.
– Маегиңизге рахмат, оорубаңыз, ишиңизде ийгиликтер болсун.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 370, 4-10-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан