БАЙЛАНЫШСЫЗ КАЛБАЙМ ДЕСЕӉИЗ, SIM-КАРТАӉЫЗДЫ КАТТООДОН ӨТКӨРҮӉҮЗ!

Кыргыз Республикасынын «Жылуучу радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү» токтомуна ылайык, өлкөбүздүн бардык уюлдук байланыш компанияларынын ар бир абоненти өз SIM-карталарын милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүшү керек. Бул Кыргызстандагы мобилдик байланышты жакшыртуу иретинде жана бул жааттагы суроолорду жөнгө салуу үчүн жасалууда. Ал эми 2015-жылдын 8-мартына чейин өз байланыш оператору менен келишим түзбөгөн абоненттерге байланыш кызматтарын көрсөтүү токтотулмакчы.

ПЕРСОНИФИКАЦИЯЛОО ДЕГЕН ЭМНЕ?
Азыркы заманда бир күн байланышсыз өткөрүүнү элестетүү кыйын. Интернет, мобилдик технологиялардын өнүгүүсү менен аларды жөнгө салуу, ар түрдүү коркунучтардан коргоо үчүн адистер жаӊы ыкмаларды ойлоп таап жатышат. Алардын катарында учурдагы мобилдик байланыштардын ар бир абоненттеринин SIM-картасын жекелештирүү замандын талабы болууда.
Персонификациялоо – бул ар бир абоненттин өздүк SIM-картасын каттоого алуу, башкача айтканда, жекелештирүү.

ПЕРСОНИФИКАЦИЯЛООНУН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

  • Ишенимдүүлүк жана коопсуздук. Абоненттерди персонификациялоо аркылуу укук коргоо органдары мобилдик шылуундукка байланышкан мыйзамсыз аракеттердин алдын алат.
  • Өз номуру тууралуу толук маалымат алуу мүмкүнчүлүгү. Келишимдик форматка өткөн абонент өз эсебинин толук таржымалын алат. Ошондой эле жоголуп кеткен SIM-картасын ыкчам, оӊой эле калыбына келтире алат жана компания менен келишим түзгөн абоненттерге гана жеткиликтүү болгон кызматтарды кошо алат.
  • Кошумча артыкчылыктар. «Экинчи дем» кызматы боюнча берилүүчү насыянын көлөмүн көбөйтүү, персонификацияланган кызматтарга кошулуу.

SIM-КАРТАНЫ КАТТООГО 5 МҮНӨТКӨ ЖЕТПЕГЕН УБАКЫТ КЕТЕТ
Аталган мыйзам кабыл алынгандан бери SIM-картаны персонификациялоо тууралуу телевизор, радио жана маалымат каражаттары аркылуу уюлдук операторлор күн сайын эле какшап жатышканына карабай сиздерге кызмат кылган кабарчыӊыз да SIM-картаны каттоодон өткөрүү үчүн МegaCom компаниясынын сатуу жана тейлөө кеӊселеринин бирине эми араӊ баш бакты. Каныбызда барбы же менталитетибиз ушундайбы, аны билбедим, ишти өз убагында жасабай, бармак тиштеп калмай жайыбыз бар эмеспи.
Өзүмө ыӊгайлуу жерде жайгашкан сатуу жана тейлөө кеӊсесине баш багып, дароо эле андагы кардарлардын көптүгүнө көзүм түштү. Ырас, баарыбызга байланыш керек да. Кезек күткүчөктү жанымдагы кардар менен сүйлөшө да кеттим. Борбор калаабыздын тургуну Самалжан мырза эмне үчүн келгенин айтып өттү:
– SIM-картаны каттоо тууралуу токтом чыкпады беле. Мына мен дагы убакыт таап, SIM-картаны каттатууга келдим. Өкмөт кандай мыйзам же токтом чыгарбасын, эл аны аткаруусу керек болот. Ошондой эле каттатып алсак, телефонубузду уурдоо же башка мобилдик мыйзам бузуулар да кыйла азаят. Номурубузду жоготуп алсак, аны бат эле кайра калыбына келтирип коёт экен. Ал номурда өтө маанилүү маалыматтар болушу мүмкүн. Өз ишин бүтүрбөгөн өзгөнүкүн сагалайт болбой, мен да өз убактысында SIM-картамды каттатып алууну эп көрдүм.
Бул арада менин да кезегим келип, кардарларды тейлөө кызматкери Эмилия кабыл алды. Жылуу учурашкан соӊ SIM-картаны каттатууга келгенимди билдирдим. Ал иштин чоо-жайын мындай түшүндүрүп берди:
– SIM-картаны каттатуу ар бир абонент үчүн талап кылынат. Бул учурда мобилдик байланыш менен колдонуп жүргөндөргө да, жаӊыдан SIM-карта алып жаткандарга да тиешелүү. Алгач SIM-картаӊыз каттоодон өткөн-өтпөгөнүн мобилдик телефонуӊуздан *112# командасын терип биле аласыз. Номурду каттоо өздүгүӊүздү тастыктаган документ аркылуу жүргүзүлөт. Бул паспорт, аскердик билет же айдоочу күбөлүк болушу мүмкүн. Бул эреже чет элдик жарандарга да тиешелүү. Номурду каттоо МegaCom компаниясынын ар бир сатуу жана тейлөө борборунда же фирмалык кеӊселеринде акысыз жүргүзүлүүдө.

«КАТТООДОН ӨТКӨРҮҮ ТЕЗ ЖАНА АКЫСЫЗ ТУРБАЙБЫ»
Бардык талаптарды түшүндүрүп бүткүчө менин номурумду да каттап койгон аталган кызматкерге баа бердим. Жок дегенде жарым саат убакыт талап кылынат го деген ойдо элем. Мыкты кызматкердин колунун 5 мүнөткө жетпей жасап койгону сүйүндүрдү. Мени менен катар эле өз SIM-картасын каттатып алган Дамира айым буларга токтоло кетти:
– Мен 3 жылдан ашык убакыттан бери Мегакомдун абонентимин. Кандай иш-чара болбосун бардыгын профессионалдуу жасаганга аракет жасашат. Көп убакыттан бери мен да номурумду каттоодон өткөрүүнү ойлоп жүрсөм дагы, убактым болбой келе албай жүрдүм. Бул оӊой эле турбайбы, тез жана бекер экен. Биздикилердики белгилүү эмеспи, 1-2 күн калганда чуркап калышат. А мен азыр мүмкүнчүлүк барда каттатып койдум, эми санаам тынч. Дайым байланышта болом, телефонум өчүп калат деп да кооптонбойм.

МЕН ДА КАТТООДОН ӨТТҮМ, КЕЗЕК СИЗДЕРДИКИ
Андан ары эми көчөдөгү элдердин канчасы SIM-картасын каттатканы мага кызык болду. Фирмалык кеӊседен көп узабай алдымдан жолуккан адамга суроо салганга үлгүрдүм. Атын Эрик деп тааныштырган жаш жигит бул жаатта маалыматы аз экенин айтып, номурун сөзсүз каттатарын билдирди.
– Номурду каттатпаса ал SIM-карта өчүп каларын сизден угуп жатам. Буга анча маани бербей эле жүргөн турбаймынбы. Менин байланышсыз бир да күнүм өтпөйт. Ырас эскерттиӊиз, мен эми жакын арада номурумду сөзсүз каттоодон өткөрөм.
Мына эми мен да минтип өз SIM-картамды каттоодон өткөрдүм, эми кезек сиздердики.
Урматтуу окурман, сиз да номуруӊузду каттоодон өткөрө элек болсоӊуз, тезинен өзүӊүзгө жакын сатуу жана тейлөө борбору же фирмалык кеӊселерге кайрылыӊыз. Ал эми бул түйүндөр кайда экенин онлайн режиминде «Филиалдык түйүнүнүн жана каптоо аймагынын интерактивдүү 3G-картасы» сервиси аркылуу биле аласыз. Бул кызматты пайдалануу үчүн *500 командасы аркылуу же Мегакомдун расмий сайтынан «Филиалдык түйүнүнүн жана каптоо аймагынын интерактивдүү картасы» бөлүмүнө кирип, сатуу же тейлөө борборлорунун жана фирмалык кеӊселердин так дарегинен кабардар болосуз. Толук маалыматты *400 (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) номуруна чалуу аркылуу алууга болот.
Байланышта болгуӊуз келсе, тезинен SIM-картаӊызды каттоодон өткөрүӊүз!


Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 638, 23-январь-29-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан