Каныбек Осмоналиев: «КЫРГЫЗДЫ ЧЫГААН УУЛ-КЫЗДАРЫ ЖАСАГАН ЭМГЕГИ МЕНЕН ДҮЙНӨГӨ ДАӉАЗАЛАГАН»

Каныбек Осмоналиев материалдык дүйнөгө караганда руханий дүйнөнү жогору баалаган, бийиктиктерди багынтса да эл арасында жөнөкөйлүгү жана мекенчилдиги менен көп адамдардан айырмаланган адискөй адам. Ал өзүнүн талыкпаган эмгегинин аркасында жетишкен ийгиликтери менен туубузду желбиретип, элинин сый-урматына татыган кыргыздын чыгаан уулдарынын бири. Арийне, коомчулук анын саясаттын ар кандай оюндарына аралашпаган таза инсан экенин билет. Учурда Кыргызстандын саясат айдыӊында спорт тармагына өз салымын кошуу максатында «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясын тандады. Эмесе, окурмандарга 1980-жылдагы Москвада өткөн олимпиаданын алтын медалынын ээси, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев менен болгон маекти сунуштайбыз.

– Каныбек мырза, сиз спорттун туу чокусуна жеттиӊиз, эми саясатка аттандыӊыз, себеби эмнеде, кандай максаттарды коюп жатасыз?
– Мени "депутат болбойсуӊбу, саясатка аралашпайсыӊбы?" деп мурда эле үндөп келишкен. Бирок мен жаштарга, элге жакын болоюн деген максатта саясаттан баш тартып келгем. Азыр мындай оюм менен жаӊылышып жатканымды түшүндүм. Саясатка аралашып, зарыл болгон мыйзамдарды кайра иштеп чыгып, аны элге жеткирип, элдин, жаштардын турмуш шартынын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүш керек экен. Анткени ар бир мыйзамды жазууда ошол тармакты жакындан билип, жакшы түшүнгөн адистер керек.
4 жыл мурда «Ак шумкар» партиясына чакырган, аларга барбаганым менен, колумдан келген жардамымды бердим, бирок кийин такыр байланышпай калдык. Ошол кездерде кеминдик жаштар «талапкерлигиӊизди коё турган мезгил келди» деп айтышкан. Айткан күндө да "Ак шумкар" партиясында эч кандай иш жасалбагандыктан ишенбей калгам. Анан «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясын сунушташканда алгач программасы менен толук таанышып чыктым. Бул партия башкалардан айырмаланып, өзүн иш менен көрсөтүп жатат. Башка партиялар убадаларды бергени менен, элдин кызыкчылыгы, мүдөөлөрү аткарылбай калууда. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын эки жылдан бери жасап жаткан ишин көрүп ынандым. Айыл жергесин өнүктүрүү, медицина, спорт, билим берүү жаатында көптөгөн маселелерди коюп, өнүгүшүн бир күндүк эмес, туруктуу кылып жатат. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын азыркы жасап жаткан ишине, алдыга койгон максатына карап туруп макулдугумду бердим.
– Сиз буга чейин бир партияга ишеним артып кошулуп, бирок көӊүлүӊүз калган экен. Ошондуктан бул партияны аябай талдаган көрүнөсүз...
– Эӊ башкысы, азыркы жасап жаткан иштери бир күндүк эмес, келечектүү. Элдин, жаштардын спортко болгон мүдөөсүн унутта калтырбай, бул багытта жаштар саясатын жүргүзүшүүдө. Сөз менен эле мактанбастан, жаштарды эмгекке, өнүгүүгө үндөп, чечилбей жаткан маселесин чечүүгө жардам берип, көмөктөшүп биримдикте өнүгүүгө жол көрсөтүп жатат. Мен дагы аймактарды кыдырып, жаштар арасында тарбия иштерин жүргүзүп келем.
Бизге эмне керек? Бизге ден соолугу чыӊ, ою таза, максат коё билген, чет жерге барса элдин намысын бийик койгон балдар-кыздар керек. Биздин өӊүбүз кимдикиндей десек, Ч.Айтматов, Ч.Базарбаев, Б.Миӊжылкиев, С.Чокморов, К.Сартбаеванын өӊүндөй. Кыргызды чыгаан уул-кыздары жасаган эмгеги менен дүйнөгө даӊазалаган. Ар бир кыргыз ушулардай болууга умтулуш керек. Колунан келген ишин үй-бүлөсүнөн, элинен аябаш керек. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын багыт берип, жол көрсөтүп, жакындан жардам берип жатканын жогору бааладым. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы менен бирге элдин, жаштардын арасында ишке ашпай жаткан иштерин чогуу алып кетип, өнүгүп кетели деген эле максат. Жаштар биригиш керек, жакшыны издеген, жасайм деген адам өнүгөт.
– Оор атлетика боюнча Дүйнөнүн 4-жолку чемпиону болууга жетиштиӊиз, олимпиаданын чемпиону болдуӊуз. Убагында Кыргызстанды дүйнөлүк деӊгээлге чыгардыӊыз.
Бирок бул Совет мезгилинде болду. Азыркы шартта Кыргызстанды дүйнөлүк деӊгээлге чыгаруу мүмкүнбү, болсо кантип?
– Биз спортчулар оптимист калк келебиз. Ою түз, ички дүйнөсү таза, эмгекти сүйгөн, алдына максат койгон, адамгерчиликтүү, ата-энесин, элин сыйлаган адам гана бийиктикке жете алат. Анча-мынча бийиктикке жетип алып дардаӊдап кеткендер толтура.
– Демек, спортту өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте адамдын сапаттарын оӊдош керек экен да?
– Ансыз спорт өсүп-өнүкпөйт. Эгерде мен жетим өспөсөм спортчу болбой калышым мүмкүн эле. Жетиштүү турмушта жашаган адам көп нерсени ойлонбойт, жетишпей турган адам ойлонот. Ачка адам изденип, бир нерсе кылайын дейт, а курсагы ток адам көп нерседен бейкапар.
– Төрагага бааӊыз?
– Бакыт Эргешевичтин ар кандай адамдар менен сөз табыша билген мүнөзү, иш билгилиги жагат. Жеке эле өзүн эмес, элди ойлогон, ички дүйнөсү таза, дүйнө таанымы кенен адам. Жарды ойлогон адам өзүн эле ойлойт, кенен ойлонгон адам гана элдин камын көрөт. Биздин идеология кыргыз элин өнүктүрүү. Ошондуктан «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы менен бирге иштешейин деп чечтим. Эне тилибиз, тарыхыбыз бир. Депутат болбой калсам дагы чогуу болушум керек деп ойлойм.

Вера Беделбек кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jypar.i
2015-01-26 22:11:38
СССРди гана эмес, бүт дүйнөнү дүңгүрөткөн бул мырзаны азыркылар билбей деле калгандай сезилет. Башка мамлекетте жашаган болсо аты дайыма дүңгүрөп турмак. Замандашым көп жашаңыз,көп баланын (анык санын билбейт экем) атасы экениңизди уккам. Ошолордун урматын, небер-чөбөрөлөрдүн жыргалын корүңүз байбичеңиз менен .
0
№ 638, 23-январь-29-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан