СЫР КАТКАН НАЗИКТИК – ОРХИДЕЯ

Азыр кино чөйрөсү улам өнүгүп жаткан мезгил. Бара-бара сандан сапатка өтүү керек дегендей, тасмалардын сапаты да артып баратканы кубандырат. Жакында гана кино чөйрөсүндө дагы бир эмгек жаралды.
Анын аталышы – «Орхидея». Элдин сынына коюлчу тасманын жаратуучулары бизге жаӊы эмгектери тууралуу кызык баян куруп беришти.

Жанры – Мелодрама
Режиссёру – Бакыт Мурат
Сценаристи – Абдулалим Мамадалиев
Оператору – Чыӊгыз Сулумбеков
Башкы ролдордо – Нишанбай Топчубаев, Айнура Бекбоева, Равшан уулу Амантур, Нурбакыт Абылкасымов
Узактыгы – 1 саат 10 мүнөт

– Саламатсыздарбы? Тасма­ӊыздардын аталышы бекеринен «Орхидея» деп аталбаса керек. Кепти тасманын аталышынан баштасаӊыздар...
Абдулалим: – Саламатчылык. Алгач мага кинонун сценарийин Бакыт Мурат алып келген. Аны окуп көрүп, идеясынын айрым жерлерин алдык. Сценарийди турмуштан алып эле жазып келиптир, бирок тасмада болгон окуяны болгондой кылып тартып салсаӊ да кызыктуу болбой калат. Ошондуктан өзөктү Бакыттын сценарийинен алдык. Ал эми калган окуяларды өзүбүз кошумчалап, кооздоп иштеп чыктык. Канчалык окуя түрдүү, кызыктуу болсо да баарын бириктирген бир нерсе болуш керек. Ал үчүн биз орхидея гүлүн танда­дык. Орхидея сүйүүнүн, назиктиктин символу катары эсептелинет эмеспи.
– Бул тасма менен эмнени берейин дедиӊиздер?
А.:
– Бул тасманы көрүп жатканда элде көп суроолор жаралышы мүм­күн. Аягында баарына жооп алышат. Тасма аркылуу биз адамдарды аруулукка чакыралы дегенбиз.
– Өзүӊүздөр бул чөйрөдө көптөн бери эмгектенип келесиздерби?
Нишанбай: – Менин тасма айдыӊында жүргөнүмө көп болду. Ушул кезге чейин баш-аягы 70тей тасмага тартылдым. Бирок «Орхидея» тасмасында башкы каарман катары дебюттук ролум десем болот.
Бакыт: – Мен учурда Б.Бей­шеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуйм. Буга чейин кыска метраждуу тасмалардын үстүнөн иштеп жүргөм. Режиссёр катары бул менин да дебюттук эмгегим.
А.: – А мен болсо буга чейин Зардалы тууралуу документалдуу тасма тарткам. Меники да толук метраждуу тасмада биринчи эмгегим десем болот.
– Баарыӊыздарда дебют болуп жатса, кыйынчылыктар көп эле болсо керек?
А.: – Биринчи эмгек баары бир биринчилигин кылат экен. Биз эки ай бою окуяны кубалап жүрүп тартканбыз. Эмгеги­бизди профессионалдарга баалаталы деп Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген ишмери Ракыя Шаршеновага монтаж жасаттык. Ал кемчиликтерибизди айтып, айрым жерлерин кайрадан тартуубузга туура келди. Андан сырткары деле жөнөкөй көрөрмандарга да, башка профессионалдарга да көрсөттүк. Жыйынтыгы өзү­бүзгө жакты.
– Анан да кызыктарсыз тартылбагандыр?
А.: – Кызыктар аябай эле көп болду. Бизди эӊ эле коркутканы, тасманын 70-80 пайызын тартып койгондо башкы каарман кызды ала качып кетишкени болду. Бир күнү эле Айнура съём­кага келбей калбас­пы. Ага чалсак жок, «мени ала качып кетиш­ти, Нарындамын» дейт. Эми элес­тетсеӊиз, дээрлик көпчүлүк бө­лүгү тартылып бүткөндө баш каармандын жок болуп жатканын. Бирок, чынында, актриса кызыбыз Нарынга конокко барса, аны менен чогуу жүргөн курбусун ала качышкан экен. Курбусун жалгыз алып кетпей, Айнураны да кошуп алышыптыр. Аны Нарындан алып келип кайра съёмкабызды улантканбыз.
Андан да кызыгы орхидея гүлүнө байланыштуу болду. Сценарий боюнча гүлдү жаш бала алып качыш керек эле. Орхидея аябай назик гүл эмеспи, бир эпизодду тартканда эле сынып калды. Аны кайра тартыш керек болуп, жаӊы сатып алдык. Ошентип ар жолкусунда жаӊыдан алып жатканбыз. Анан эле акыркы эпизодго келгенде шаардагы гүл дүкөндөрдөн бизге керектүү түстөгүсүн таппай калбадыкпы. Ишенсеӊиздер, гүлдү издегенге эле бир айдай убакыт кетти. Азыр үчөөбүз ал гүлдү алыстан таанып калдык.
– Тасма тартууга да оӊой каражат кетпейт. Каражат жагын канттиӊиздер?
Н.: – Режиссёр колдон келишинче акча тапканга аракет кылды. Ар кимибиз өзүбүзгө тиешелүү жумуштарды так аткарып, жыйынтыгы жаман болгон жок. Көӊүлдөгүдөй болду.

«Тасма аркылуу сүйүүнүн аруулугун бергибиз келди».

«Шаар боюнча бизге керектүү орхидея гүлүн бир айга жакын издедик».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
sumaya
2015-01-28 05:24:48
Коруш керек экен.
0
AMAH..
2015-01-30 01:49:19
"Эки айда тартып бүттүк" дейби,ия?
0
ALBIKA
2015-02-02 02:29:44
Кыргыз кинолорунун копчулугуно ичим чыкпайт.Каармандардын образын жакшы ача алышпайт,кыймыл аракетин бири туурап,экинчи бироо созун кайталап жаткандай сезиле берет.Мектепте интермедия же Бир пьесаларды аткарганда да кээ Бир кинолорго Караганда тузугуроок аткарчу элек.Кино коп тартылганы го жакшы бирок,саны эмес сапатына конул бурушса болмок.
0
№ 638, 23-январь-29-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан