ТҮШТҮК КОРЕЯ: ӨЗГӨГӨ ЭМЕС, ӨЗҮӉӨ ГАНА ТАЯН

Өнүккөн өлкөлөрдү сүрөт-видеодон көрүп калганда, же өзүбүз ошондой жактарга барып келгенден кийин сөзүбүз жомок болуп, тамшанып айтып бүтө албай калат эмеспизби. «Кыргызстан качан өнүгөт? Биз качан көр тириликтин артынан кубалабай калабыз?» деп кыял кура баштайбыз. Былтыркы жылы өлкөбүз биринчи жолу эӊ төмөн кирешелүү мамлекеттердин катарынан чыгып, кийинки тепкичке секирик жасады. Бул да жеӊиш. Ажобуз быйылкы жылды «Улуттук экономиканы чыӊдоо жылы» деп жарыялады. Бул да сөздөн иш-аракетке өтүүгө болгон чакырык.
Кызыктуу макалалардын жаӊы сериясы менен «экономикалык кереметтин» жаратмандарын баяндап берүүнү туура көрдүк. Кыска убакыттын ичинде жакыр өлкөлөр өнүккөн дөө-шаа державалардын жанынан кантип орун таба алышты?


Ишенүү кыйын, бирок Корея Республикасында азыркы асман тиреген имараттардын ордунда мындан 50 жылдай мурун бир дагы көп кабаттуу үй болгон эмес. Электр энергиясы ири шаарларда да белгилүү саатка гана бериле турган. Африкалык өлкөлөрдөн эч бир айырмасы жок, дүйнөдөгү эӊ жакыр Түштүк Корея бүгүнкү ийгиликке кантип жетти?

КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРДЫН КЕСИЛИШИНЕН ҮЗҮР КӨРҮҮ
Түштүк Кореянын «экономикалык керемети» генерал Пак Чон Хинин 1961-жылы төӊкөрүш аркылуу президенттикке келиши менен башталган. «Кызматка киришкенимде өзүмдү банкрот болгон фирмага башчы болгондой сезип жүрдүм»,- деп эскерген жайы бар генералдын.
Ал кезде аталган өлкөнүн ишенгени айыл чарба тармагы болгон. Кен байлык жагынан Түштүк Корея кур жалак мамлекет. Бирок анын лотереядан утуп чыккан жолдуу билети – бул АКШ менен СССРдин геосаясий кызыкчылыктарынын ортосунда калып калганы болуп саналат. Ийгиликтүү кызматташуунун үлгүсүн жаратуу үчүн АКШ Түштүк Кореянын экономикасын өнүктүрүүнү колго алган. Инвестиция, кредит, технология, адистердин тажрыйбасы Сеулду көздөй дайрадай эле агылган.

«ТЕМИР КОЛ» КӨБҮН КОРКУТКАН
Пак Чон Хи чү дегенде эле өлкөнүн багытын өнөр жайга буруудан, тагыраагы, ишин экспортту өнүктүрүү керек дегенден баштаган. Өкмөт товарын сыртка чыгара турган ишканаларга жеӊилдетилген кредит берүүгө киришет, аларды салыктардан бошотот. Эӊ алгач арзан баадагы, бирок сапаттуу кийим-кечек, бижутерия, кийме чач, оюнчуктар экспорттоло баштаган. Таӊ калычтуу угулар, өз жеринде чыгарылган телевизорлор менен компьютерлер тууралуу корейлер кабарсыз калып, анын баары экспортко чыгарылып кетчү. Бүгүнкү күндө Корея Республикасы дүйнөдөгү бардык кемелердин 50 пайызын чыгарууга жетишип, уюлдук телефондорду чыгаруу боюнча дүйнөдө экинчи, автоунааларды чыгаруу боюнча дүйнөдө бешинчи орунду ээлейт.
Президент Түштүк Кореяда гана жашап кеткен системди иш жүзүнө ашырган. Бул – улуттук-менчик бизнес модели. Дал ушул үлгү менен Samsung, Hyundai, Daewoo, LG деген ири холдингдер өсүп чыккан. Бийлик бизнести көзөмөлгө алууга жеӊил болсун деп, карыз жагынан жардам берүүдө бир чоӊ компанияны тандап алууну киргизген. Ал компания ондогон чакан ишканалардан турган. Бийлик менен келишим түзгөн чоӊ компаниянын кожоюнун «чеболь» деп коюшат.
Ири жана оӊой келген акча Түштүк Кореяда коррупцияны гүлдөтүп жиберген. Пак Чон Хи катардагы президент эмес, согушту башынан өткөргөн генерал да болгондуктан, коррупцияга каршы катаал репрессиялар менен өлүм жазаларын баштаган. Бул көрүнүш 1979-жылы резиденцияда Пак Чон Хинин көзүн тазалоо менен аяктаган. Кол салуу учурунда президент жамалган дамбалчан болгон делет жана анын эч бир кыймылсыз мүлкү болгон эмес.

ЧАРЧОО ДЕГЕН ЭМНЕ?
«Ханган дарыясынын боюндагы керемет» деп атыккан укмуштуудай өсүштө акчадан мурун корейлердин эмгекчилдиги маанилүү орунду ээлеген. Түштүк Кореянын 1960-жылдары колунда кармап тутканы анын эли болгон. Ал кезде корейлер бир кеселик күрүч үчүн иштөөгө даяр эле. Азыр да корейлер ашыкча эмгектенишет. Иш убактысы аяктагандан кийин кызматкерлердин түнгө чейин жумуш ордунда калуусу көнүмүш. Көпчүлүгү эмгек өргүүгө чыгуу керек дегенди бүгүн да жакшы аш кыла алышпайт.
Жалгыз ресурс болгон калктын билимдүү болушу да орчундуу. Окутуунун узактыгы боюнча Түштүк Корея Азияда биринчи орунда турат. Орто билимдин программасына ылайык, окуучуларга көбүрөөк сабак бөлүнгөн жана алар андан тышкары репетиторлордон да сабак алышат. Мындай жүрүш менен дүйнөнүн лидери болчу күн деле алыс эместей.

Пак Чон Хи кызы,азыркы учурдагы Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе менен.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
aruuzat88
2015-01-26 10:35:45
Мына ушундай адамды президент деп атоого болот.
+3
Bella-life
2015-01-26 18:18:36
Аларда 18 дей президент алмашкан, бир шайланган президент экинчи ирээт шайланбайт, бул да болсо каррупцига жол ачылбастын белгиси.
Дуйно жузундо Европа. АКШга коральдарды жазап сатып байышкан дешет. Анткени ошол жылдары корабль жазоо боюнча алдыга эч кимди салдырышкан эмес.
Ал олко м.н Кыргызстанды салыштыруу али эрте...
0
Ayperi94
2015-01-27 13:13:12
Мага эмгекчилдиги жакты...
0
mairamkan2011
2015-01-30 01:15:28
Биздин президент да ушундай нерселерди кылса,дыйкандарга арзан пайыз кредит студенттерге ылайыктуу жумуш,айта берсем тугонбойт
+2
Oceana
2015-01-30 18:28:58
Корейага жетиш учун охоо,койгула айтпай эле койойлу.
Канчалаган кыйынчылыктарды коргонго булар.тарыхынан корсок болот. Биз коргон къйынчылыктар булар у-н эч нерсе эмес.
+1
tariel01
2015-02-01 23:49:02
Бизде суунун башында туруп жакшы электр ир энергия ала албасак, өзүбүздүн кен байлыктарыбызды иштете албасак (Кумтөргө окшоп) каякка онукмөк элек. Бир сөз менен айтканда kg ХХХ. Депутат, президент карга карганын козун чукубайт болуп отурушат. Эх, ушуларды ойлоп жаман болом
+2
admin_superstan
2015-02-02 12:12:40
tariel01, этика нормаларын сактаңыз!
+1
Alfiya
2015-02-02 11:23:11
Мага ушулардын улуу кичууго кылган ыйбаа, ызаты аябай жагат да...
+2
jypar.i
2015-05-15 22:44:59
Бизде ар ким аракет кылыш керекго.Өз жерибиздин,тилибиздин баркын билбейбиз.Мына экономикасы күчтүү Гонгконгго таза сууну сатып алып келет экен. Бизде суу десең суу, көл десең көл, тоо,жер да бар.Бирок бизде же иштегендерди жөн иштетпейт,кайра-кайра текшерүү келип.Же тескерисинче иштебей эле оңой акча табайын дегендер.Көчөлөрдө тартип-тазалыкты сактайын,ушул биздин жерибиз-дебей калды көп жаштар.Чет жактан окуп келгендер көрүштү го,башка жакта тартип кандай экенин
0
Zarijun
2015-09-22 21:19:18
Бизде баардык жумуштар акча менен бутот. Кореяда закон менен бутот.
0
№ 638, 23-январь-29-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан