ОППОЗИЦИЯ ЭМНЕНИ ПЛАНДАП ЖАТАТ?

2015-жыл Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Бул жылы күзүндө парламенттик шайлоо өтөт. Кыргызстандын жакынкы келечегин Жогорку Кеӊешке келүүчү күчтөр аныктайт. Кимдер парламентке келгени жатышат, кимдерде реалдуу мүмкүнчүлүк бар, кимдер жеӊишке жетпей калса Кыргызстандагы стабилдүүлүккө коркунуч келтирүүнү көксөп жатат?.. Саясатчылар, эксперттер, күч органдары, журналисттер... Мындай суроого жооп издегендер арбын. Орус тилдүү Дело № гезитинин 28-январда жарык көргөн санына мына ушул иштерге байланыштуу макала жарык көрдү. Оор ойлорго түрткөн бул макаланы окурмандарга сунуштоону чечтик.

КӨТӨРҮЛҮШ ЖАНА ТӨӉКӨРҮШ...
Равшан Жээнбеков баш болгон кыргыз оппозициясынын пландары ушундай. Максаты – өлкөдөгү абалды дестабилдештирүү.
Ишенимдүү булактардан белгилүү болгондой, өткөн жылдын 20-декабрында Бишкектеги
«La vita» кафесинде Р.Жээнбеков, К.Кадыров (бир кезде ИИМдин министринин орун басары болгон), У.Ботобеков (Бакиевдин администрациясынын мурунку кызматкери, «Улуттар биримдиги» партиясынын саясий кеӊешинин мүчөсү) жана Б.Асановдун (Жалал-Абад облусунун экс-губернатору, УОКтун мүчөсү) катышуусу менен кызыктуу бир жолугушуу болуп өттү. Анын жүрүшүндө 2015-жылдын жаз айларында «бүт республика боюнча чоӊ акцияларды өткөрүү» пландары талкууланганы билинди.
Алардын ою боюнча, электр энергиясынын, күйүүчү майдын кымбатташы, түштүктө жаратылыш газынын жоктугу жана башкалардын негизинде каршылык акцияларын өткөрүшүп, укук коргоо органдарынын каражаттары жана күчтөрүн чачыратып, акырында мамлекеттик төӊкөрүшкө алып келишмекчи.
Нарын облусу боюнча баш аламандыкты уюштурууга жооптуу Кубанычбек Кадыров (жергиликтүү активисттер Б.Жумабаева, К.Бердибаева, С.Усупбекова, Э.Асаналиевдин мүмкүнчүлүктөрү аркылуу). Каршылык акцияларынын темасы – электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү.
Ысык-Көл облусу боюнча – Садыр Жапаровдун бир туугандары (Саруу айылынын жаштар лидерлерин колдонуу менен). Тема – «Кумтөр».
Талас облусу боюнча Равшан Жээнбеков, тема – электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү, төө буурчакка болгон баанын түшүшү, кендерди иштетүүгө мораторий киргизүү.
Ош облусу боюнча Уран Ботобеков. Жалал-Абад облусу боюнча Б.Асанов. Тема – аймактык бөлүнүүчүлүктүн таасиринин күчөшү, Мырзакматовдун партиясынын шайлоодо ЖКга келүүгө умтулуусу, июнь окуяларынын
5 жылдыгына карата улуттар аралык маселе.
Дестабилизация боюнча планды ишке ашыруу башталды: 14-январда Таластын стадионунда 150гө жакын адамдын катышуусу менен митинг өттү. Негизги маселе катары электр энергиясынын тарифтеринин жогорулашы, кен байлыктарды иштетүүгө мораторий жана төө буурчактын баасынын түшүүсү айтылды.
Ошол эле күнү, 14-январда Нарын драма театрында электр энергиясынын бааларынын кымбатташына нааразы болгондордун Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Абалды чайпалтууга алы жетпеген, өз жеринде колдоого ээ болбогон оппозиционерлер АКШга жөнөп кетишти. Инструкция алып келели деп кетишти көрүнөт.

АЛАРГА ЖОН МАККЕЙН ЖАРДАМ БЕРЕБИ?
Кыргыз оппозициясынын түстүү революциялардын башкы демөөрчүсү АКШга болгон массалык сапары буга чейин мындай чуу жараткан эмес эле. Бул түшүнүктүү, мындай сапарлардан жакшылыкты күтүп кереги жок.
Делегациянын курамы бир топко чейин түзүлдү. Болгондо да аны Бишкектеги Американын элчилиги түздү. Алгач барчулардын тизмеси кеӊири эле, бирок Кыргызстандагы АКШ элчилигинин саясий-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Жеймс Морристин пикириндеги айрым перспективдүү эместерин тизмеден чийип салган. Алгач сапар 2014-жылдын ноябрь айына пландалып жаткан. Бирок ошол эле Жеймс Морристин демилгеси менен аны 2015-жылдын январына жылдырышкан.
«Перспективдүүлөрдүн америкалык тизмесине» ким киргени тууралуу кийинчерээк айталы. Ал эми ошол эле америкалык дипмиссиясынын өкүлдөрүнүн айтымында, алардын көпчүлүгүнүн артынан коррупциянын сасык жыты чыгып жатат.
Орусия жана Евразия боюнча NED директору, Орусия жана Түндүк Кавказ боюнча адис Мириам Ланская 2014-жылдын 10-июлунда саат 16:30да Равшан Жээнбековдун bashat.kg сайтында «Жаӊы муун» кыймылынын өкүлдөрү А.Турдукулов, М.Аспеков жана жаштар өкмөтү кыймылынын лидери М.Кунакунов менен (бакиевдик «Ак жол» партиясынын жаштар канатынын лидери) жолугушту.
2014-жылдын 25-сентябрында «Ванилла Скай» кофейнясында Равшан Жээнбеков, АКШнын элчилигинен Жеймс Моррис жана анын кесиптеши Кэролайн Мэри Бейкер жолугушту.
Сүйлөшүү учурунда Жээнбеков Кыргызстандагы демократияны өнүктүрүүдө колдоосун табуу максатында АКШнын Республикалык партиясынан сенатор Жон Маккейн менен жолугушуу ниетин билдирген.
Анын күткөнү боюнча, бул кышта энергетикалык каатчылык башталып, электр энергиясынын өчүрүлүшү калк арасында чоӊ нааразычылыктарга алып келет. «Күйүүчү майларга баанын көтөрүлүшү, тамак-аштын кымбатташы жана түштүктө газдын жоктугуна байланыштуу биз каршылык потенциалыбызды жогорулатышыбыз керек»,- деп айткан Р.Жээнбеков. Буга байланыштуу ал өзүнө пайдалуу (кыргызстандыктар үчүн чарасыз, айласыз) болгон абалды каршылык акцияларын уюштурууга пайдаланып калышты сунуштады. Анын айтымында, каршылык үчүн тема катары төмөнкү талаптар коюлушу керек: «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу, «Элдик ишенимдеги өкмөттү түзүү» жана анын катарына Жээнбековду, оппозиция мүчөлөрүн кошуу. Андан соӊ Равшан Жээнбеков өзүн колдогон саясий ишмерлерди санап өттү. Анын ичинде УОКтун мүчөлөрү: А.Бекназаров, М.Мырзакматов, У.Ботобеков, О.Суваналиев, К.Кадыров, Б.Наргозуев, ошондой эле депутаттар Д.Тербишалиев, А.Келдибеков, И.Исаков, Ө.Абдырахманов. Мындан тышкары Равшан Жээнбеков жаштардын «Жаӊы муун», «Кыргызстан Бажы биримдигине каршы» жана ЮСАИД каржылаган жаштар парламентинин негизинде түзүлгөн «Бир эл» жаштар кыймылын көзөмөлдөп жатканын да белгиледи. Анын айтымында, Адиль Турдукулов буларды жетектейт.
2014-жылдын 24-октябрында «Ванилла Скай» кофейнясында Жогорку Кеӊештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов АКШнын элчилигинин кызматкери Жеймс Моррис менен жолугушуп, республикадагы коомдук саясий процесстерди талкуулашкан. Абдырахманов өлкө президенти бир жактуу саясат жүргүзүп жатканын, Орусия менен экономикалык-саясий мамилени бекемдеп жатканын, Бажы биримдигине кирип,
НАТО аскерлерин "Манас" авиабазасынан чыгарып, «Кыргызгазды» 1 долларга «Газпромго» сатканын айтып өттү. Соӊунда Абдырахманов оппозиционерлердин Америкага сапарын уюштуруп берүүсүн өтүнүп, сенатор Жон Маккейн жана АКШнын мамдепартаментинин өкүлдөрү менен жолугушчулардын тизмесин берди. Расмий себеп – депутаттар Абдырахманов жана Жээнбеков иштеп чыккан «Кыргызстанды мамлекеттик башкаруу концепциясын» сунуштоо (чындыгында, бул концепция экономикалык илимдин доктору Төлөнбек Абдраев жана Кабай Карабеков тарабынан иштелип чыккан. Эмне үчүн бул концепцияны америкалыктарга сунушташ керектиги түшүнүксүз).
АКШга барчулардын алгачкы тизмеси кенен эле, бирок Жеймс Морристин демилгеси менен бул сапар 2014-жылдын ноябрынан 2015-жылдын январына жылдырылып, «келечеги жок» адамдар чийилип салынган. Ар бири өзү үчүн төлөйт, бирок айрымдарына АКШ элчилиги төлөп берет деген негиз ойлоп табышты. Ал эми 20-январда Жээнбеков жана Абдырахманов АКШ элчилигинин саясий-экономикалык бөлүмүнүн биринчи катчысы Кэролайн Бейкер жана анын жардамчысы Алла Оганесян менен жолугушкан.
Өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал туурасында отчёт берип келип, Жээнбеков финансылык кыйынчылыктарга даттанып, натыйжада А.Турдукулов АКШга бара албай калгандыгын кыстара кетет.
Ушуга байланыштуу америкалык элчиликтен финансы жагынан жардам берүүсүн суранды. Турдукуловдун 24кg маалымат агенттигине берген интервьюсуна караганда, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги ЭБК лидеринин өтүнүчүн аткарган.
Ошентип АКШга демократия үчүн аттанган кыргыз оппозиционерлеринин курамына ЖКнын депутаттары Р.Жээнбеков, Ө.Абдрахманов, К.Байболов (мурдагы башкы прокурор), К.Кадыров («Чындык» партиясынын лидери), У.Ботобеков («Улуттар биримдиги» партиясынын саясий кеӊешинин мүчөсү), А.Турдукулов («Жаӊы муун» жаштар кыймылынын лидери), С.Жунусбаев («Улуттар биримдиги» партиясынын жаштар канатынын лидери), Н.Турдалиева («Диалог молодежи» коомдук фондунун лидери),
А.Иминов («Улуттар биримдиги» партиясынан Ош шаардык кеӊешине шайланган депутат), М.Баязов («Демократиялык альянс» партиясынын лидери), бейөкмөтчүлөр М.Саматов, А.Султанбекова, А.Алжанбаев кошулду.
Булардын сапары туурасында жалпы Кыргызстан эли билгени менен, эмнегедир алар кутум жасаган адамдар жашыруун квартирадан кетип жаткансып, республикадан өз-өзүнчө учуп чыгышты...
Ошентип сапар башчылары – депутаттар Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов биринчи болуп 23-январда эртеӊ менен эрте «Манас» аэропортунан Бишкек-Стамбул-Лондон-Вашингтон каттамы менен учуп кетишти.
Айрымдар АКШга Казакстан аркылуу учушту. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү М.Баязов, Н.Турдалиева, А.Султанбекова, М.Саматов, А.Алжанбаев, С.Жунусбаев ошол эле күнү, 23-январда жалдап алган кичиавтобус менен Алматы-Амстердам-Вашингтон каттамы боюнча учуп кетиш үчүн Алматынын аэропортуна жөнөштү. Делегациянын дагы бир мүчөсүн – А.Турдукуловду (Алматыга өз алдынча жөнөгөн) «Ак жол» чек ара пунктунан Кыргызстандын аймагынан чыгарбай коюшту (бул туурасында кийинчерээк сөз болот).
Саясатчы-партиячылар К.Кадыров, У.Ботобеков жана А.Иминов дагы Штаттарга өзүнчө топ болуп жекшемби күнү, 25-январда «Манас» аэропортунан Бишкек-Стамбул-Вашингтон каттамы менен учуп кетишти. Ал эми К.Байболов АКШга европалык бир мамлекет аркылуу учуп кетти.
АКШга эмне максат менен баратышат? Сапардын бардык катышуучулары (тактап айтканда, «билинип калгандар») ММКларга берген комментарийлеринде «акча сурап» баратканын бир ооздон танып жатышты.
Мисалы, Жаштар лидери А.Турдукулов: «Мамлекеттик департаменттин, ЮСАИДдин, демократияны өнүктүрүү боюнча улуттук фонддун, Конгресстин сенаторлору, «Азаттык» радиосунун жетекчилери менен жолугушуу үчүн баратабыз»,- деди.
Депутат Ө.Абдрахманов өзүнө мүнөздүү ыкмада жондоп сүйлөдү: «Оппозиция батыш менен, тактап айтканда, Америка менен мамилелерди жөнгө салуу үчүн алар мурдагыдай эле өлкөбүздө демократиялык баалуулуктарды жана экономикабыздын өнүгүшүн колдоого алышы үчүн баратабыз».
Сапардын уюштуруучуларынын бири депутат Р.Жээнбеков «АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин бул сапарга эч кандай тиешеси жок, бул сапар менин жеке каналдарым аркылуу болуп жатат. Сапардын башкы максаттарынын бири – америкалыктарга «Кыргызстанды мамлекеттик башкаруу концепциясын» тааныштыруу» деп жатты.
Айтмакчы, интервьюларынын биринде Р.Жээнбеков бул программаны ишке ашыруу үчүн 1 миллиард доллар керек деп айтып алды.
Демек, депутат-бизнесмен Ө.Абдрахмановдун айткандарына карабастан, оппозициянын өкүлдөрү үчүн АКШда негизги маселе «кыргыз оппозициясынын аракеттерин каржылоо» болуп калмакчы. Оппозициянын ою боюнча, каржылоону эл аралык бейөкмөт уюмдары аркылуу ишке ашыруу пландаштырылууда.
Ойлонууга жем таштаган маалымат: Кыргызстандын Орусия менен интеграциялык процесстерге катышуу боюнча бекем позициясынан улам Вашингтон 2015-жылы ЮСАИДди каржылоону кыскартат. Келерки жылы «Гуманитардык жардам», «Чет элдик аскерлерди каржылоо» программалары толугу менен жабылат. «Экономикалык өнүгүү», «Баӊгизаттарды эл аралык көзөмөлдөө жана укук тартибин камсыз кылуу» долбоорлору кыйла кыскарат.
Ошол эле учурда саясий долбоорлорду каржылоо көбөйтүлөрү байкалууда. Тактап айтканда, «Калыс жана демократиялык башкаруу» программасынын бюджети 14 миллион 800 миӊ доллар болот, «Мыйзамдын жана адам укуктарынын артыкчылыктары» долбоору боюнча каржылоо 1 миллион 150 миӊ долларга көбөйтүлүп, «Саясий атаандаштыкты жана ынтымакты өнүктүрүү», «Жарандык коом» долбоорлору боюнча каржылоо 800 миӊ долларга көбөйтүлөт.

МИНСКТИН ЖАӉЫРЫГЫ...
2013-жылдын 7-октябрында Ысык-Көл облусунун губернаторун барымтага алуу менен коштолгон айтылуу окуялардан кийин 24kg маалымат агенттиги Садыр Жапаров 875-рейс менен Алматы-Москва каттамы боюнча учуп кетти деп билдирген. Ошол эле күнү кечинде ал Москвадан поезд менен Минскиге жөнөп кеткен.
2014-жылдын 19-февралында С.Жапаров Минскиде болгондугун ырастаган: «Өлкөдөн чыгып эӊ оболу биз Минскиге жөнөдүк. Эмне үчүн дейсизби? Шектенгендер дагы болду, бирок биз ал жерге биринчи жолу барган жерибиз жок. Акыркы жылдардын аралыгында биз бул шаарга бир нече ирет каттадык...» Минскиге байма-бай каттаган себебин С.Жапаров бир тууганынын ооруп жаткандыгы менен негиздеди...
Көпчүлүк кыргызстандыктар С.Жапаровдун Беларусияда узак жүргөндүгүнүн «жыйынтыгын» күткөн эле. Акыры күткөн күн да келди. Жыл бою ал тааныштарына «Европадамын, керектүү адамдар менен жолугушуп жатам, «Саясатта он жыл» китебин жазып жатам, жакында Кыргызстанга келем...» деп кат жөнөтүп турган.
Айтмакчы, ал китебинде Бакиев тууралуу бир дагы жаман сөз жок. Ошол эле учурда азыркы бийликтегилерди «өлө шыбаптыр»: Жапаровдун эч бир фактыга негизделбеген жомокторунда алар 3 тонна алтын уурдап кеткен, А.Бекназаровду аттырып салгылары келген, «Центерранын» дивиденддерин кымырып алышкан имиш. Максаты – белгилүү китеп эл арасында бүлүк салууга тийиш. Кыргызстандын оппозициясына революция үчүн себептер жетишпей турат.
С.Жапаров «цивилизациялуу Европада» эс алып келгенден кийин учурда саясаттын оюндарына баш-оту менен аралашкысы бар. Пикирлештери менен биригип, «Мекенчил» партиясын түзүп, каржылоодо. Балким, өзү унутса унутуп койгон чыгар, бирок биз Жапаров ара жолго таштап кеткен жыргалаӊдыктар туурасында, Бакиевдин тушунда – тарыхыбыздын эӊ татаал мезгилинде өзү коррупцияга каршы күрөшкөн «башкы комиссар болгондугун» унута элекпиз.

САХНАДА – «ООРУЛУУЛАР, АЛСЫЗДАР, ТААРЫНГАНДАР»
Өткөн жылдын 28-ноябрындагы токтому менен Ош шаардык соту Ош шаарынын мурдагы мэри М.Мырзакматовго 304-берене боюнча айып (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) тагып, ошого байланыштуу экс-мэрге издөө жарыяланды.
Бул жагдай Ош шаардык кеӊешинин «Улуттар биримдиги» фракциясынын депутаттарынын арасында катуу талкуу жаратты. Алар муну бийлик тарабынан куугунтук катары кабыл алышты. Заманбап кыргыз саясатчысы катары М.Мырзакматов кылмыш иши боюнча куугунтуктан чочулап, Кыргызстандан чет мамлекеттердин бирине чыга качты. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 15-январында ММКларга М.Мырзакматовдун видеокайрылуусу жарыяланды.
Өткөн жылдын 2-ноябрында «Ата Журт» фракциясынын парламенттеги депутаты А.Келдибеков Дубай шаарына келди, ал жакка Бишкектен 31-октябрда эле анын үй-бүлөсү учуп келген эле. Дубайдын аэропортунда А.Келдибековду «достошкон» «National Paints» компаниясынын өкүлдөрү (БАЭ «Шарджа» ЭЭАсынын филиалы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ак-Чий айылында катталган, лак сырдоочу продукция чыгарат) тосуп алышкан.
2014-жылдын 13-декабрында Стамбулдан Бишкекке А.Бекназаров авиарейс менен кайтып келет. Ал жакындарынын арасында бул табышмактуу сапары тууралуу айткысы келбейт. УОКтун мүчөсү А.Бекназаров 2014-жылдын 6-ноябрынан 14-декабрына чейин медициналык кароодон өтүп, дарылангандыгына байланыштуу Түркияда жүргөн. Дарылангандан кийин А.Бекназаров пикирлеши Р.Дырылдаев менен Түркиянын курортторунун биринде 10 күн эс алат. Дубайда А.Бекназаровдун А.Келдибеков жана Анапияев менен жашыруун жолугушуусу болгон деген божомол бар. Ошол жолугушуунун жүрүшүндө УОКтун республикада коомдук саясий кырдаалды дестабилдештирүү боюнча пландарына тоскоолдук кылбоо тууралуу макулдашууга жетишишкен.
Айрым маалыматтар боюнча «Ата Журт» фракциясынын ЖКдагы депутаты Садыр Жапаров, депутат Келдибеков жана «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери М.Мырзакматов иш-аракеттерин координациялап, март-апрель айларында Кыргызстанга кайтып келүүнү болжолдоп жатышат. Эгерде укук коргоо органдары аларды кармоого аракет жасаса, мындай аракеттерге каршылык көрсөтүү үчүн Мырзакматовдун тарапташтарынан, спортчулардан жана ОБОНдордон атайын каршылык көрсөтүү топторун түзүүгө ниеттенүүдө.
Ага чейин январь-февралда ар бир региондо «он башы» жана «жүз башылар» тарабынан каршылык көрсөтүү акциялары уюштурулууга тийиш. Андан тышкары пландаштырылган иш-чараларга Н.Түлеевдин туугандары жана тарапташтары дагы катышуусу боюнча маселе чечилип жатат.
Бул ойлор ишке ашса түштүктө жогоруда аталган адамдар каршылык көрсөтүү акцияларын жетектеп, республиканын региондорунан азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына нааразы болгон миӊдеген адамдарды тартып, акцияларды Бишкекке көчүрүүгө ниеттенет.
Алардын ою боюнча борбордо болжолдонгон митинг Украинанын Майданы сценарийи боюнча өткөрүлөт: Боз үйлөр тигилип, автомобиль дөӊгөлөктөрү өрттөлүп, укук коргоо органдарына күйүүчү майларды колдонуу менен каршылык көрсөтүлөт. Мындан тышкары болжолдонгон митингдердин уюштуруучулары митингдин катышуучуларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы снайпердик мылтыктарды колдонуу менен баш аламандык баштап, акыр аягында Кыргызстанда бийликти колго алууну ниеттенүүдө. Өлкө боюнча бийликти колго алуу аракети ишке ашпаса, М.Мырзакматов түштүк региондордо «көнгөн адаты боюнча» өзүн «хан» жарыялап, бийликти колго алууну пландаштырууда.
Айрым адистердин айтымында, мындай массалык курал-жарак колдонуу менен уюштурулган баш аламандыктар өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорунун ортосунда куралдуу кагылышууга алып келет. Мындай кырдаалды диний-экстремисттик жана террористтик уюмдар пайдаланышы толук ыктымал.
Көпчүлүк кыргызстандыктардан колдоо таппай калгандар учурда тынчтык орноп турган Кыргызстанда, ачыгын айталы, мына ушундай кандуу пландарды ийлеп, бышырып жатышат...

Жаштар парламенти 2011-жыл.

Р. Жээнбеков менен М.Ланскаянын кафедеги жолугушуусу.

Депутат Ө.Абдрахманов менен Жеймс Моррис.

Алла Оганесян Бейкер айымдын ассистенти.

Тимур Асанов
Дело № гезитинен которулду

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
iPad
2015-02-02 13:48:41
маалымат так кайдан алынды аны эчким билбейт жалган жала ишенип болбойт
0
jigit.paren
2015-02-02 14:36:21
иши кылып элибизде тынчтык эле болсо экен, экиге болунуп калбасак экен тундук туштук болуп Корея сыяктуу. Кудай озу сактасын.
0
aidartegin
2015-02-02 16:15:38
Булар АКШ менен биргеликте кыргызстанды...азыркы украина кылганы аткан го....
+2
admin_superstan
2015-02-02 16:16:00
tagokg, маалымат булагы көргөзүлгөн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Baky006
2015-02-02 19:17:56
жалган жалаа дейсинер кичине ойлонсонор боло...Украинадагыдай болсо Кыргызстанымдын шору катат го( Эмне силерге АКШ жардам бермек беле...жанакы чыккынчы депутаттар аларга АКШынын доллары Жана бийлик керек....митинг десе эле чыга бересинерби...бир нерсе кылаарда ойлонгула элдин тынчын албай(* СНБ эми жакшы иштеш керек прослушивание кылып аларды кармаш керек за попытку захвата властя.....Россия дагы жон карап тура бермек беле бийликти колдойт да. азыр Кыргызстанда эле эмес бут дуйнодо кризис....ж
0
Gema
2015-02-02 21:51:06
Baky006,тура,азыркы худой мирде реалист болуп ойлонолу ,болушат десе эле болуша бербей ар кимгд.Азыркы бийлик деле кыйраткан жок((.Кудай сактасын Украинанын кейпин кийгенден.
0
tairbek.
2015-02-03 00:25:57
бирин кайын бирин тал бирин олуп бирин кал
-1
ALIK-BRO
2015-02-03 01:05:35
Мен колдойм азаматсынар опазиция тамыры менен суруп салгыла омурбек менен азимбекти кошуп бизде созду келтиришет журналистер бул азыркы бийликтин даарат кагаздарынын созу. Алга. Жомокто реалду 21 кылымга.
+1
rashmoll
2015-02-03 04:58:59
Тимур Асанов куп которуптур Ванга кемпир жолдо калыптырго америкага кеткендерди билбейм бирок Мырзакматов андай жолго барбаса керек эгер андай нерсе оюнда болсо чогулган элди кайтарбайт болчу ай билбейм ай
0
kara_kulzha
2015-02-03 13:06:38
аягына чейин окуганым жок, себеби жанагы эле бийликтин кара пияры.
кандай болгон кундода Кыргызс Мамлекетибизде тынчтыкты сактайлы эч кандай митинг аркы берки чыкпайлы тууганадр.
0
kara_kulzha
2015-02-03 13:09:57
Мырзакматов жонундо караандай калп айтыптыр, эгер бийликти алгысы келсе былтыры 2014 январьдагы митингде эле алып алат болчу. бийликтин ыпылас иштери бул.
супер инфо силер жонундо айтпадым
+1
zaika94
2015-02-04 00:06:43
Uwul ele jetiwpei turdu ele, kyrgyz elim tyn4tykta jawaily4y, bawybyzdan bir emes 2 revolyuci9 otkorduk, revolyuci9nyn paidadan zy9ny kop, Ukrainanyn maidanynyn scenariyi boyun4a imiw, emne olkobuzdu ekin4i Ukraina kylgylary barby? Kaisy ekeni esimde jok bir oppozicionerdin Ukrainanyn maidanyn izildep KRda otkoruu tuuraluu oyu bar ekenin okugam, demek bul makalada ki4ine bolso da 4yndyk bar, wamal bolboso 4optun bawy kyimyldabait emespi
-1
kaniet
2015-02-05 00:33:04
Дело № ысссссыгын жептир,эл башына келе турган дал ошол дело № гезитинин башына келсин ылайым, ушуга окшогон элди дурботкон гезиттин кимге кереги бар!!!
+1
XAN-TORO
2015-02-05 03:20:05
Фантастика окугандай эле болдум. Баягы "3-шар" деген чыгарма жолдо эле калыптыр. Кино кылып тартсаңар корушум мумкун. Акырына чейин окубадым. Озу негизи оппозицияны да позициясын да өлкөдөн кетирип тыынч жашасак кантет?!
+1
bakyt_2015
2015-02-05 14:35:32
Ушулар бийликте иштеп деле журушту эле, ошондо эмне азыркы айткан акылдары менен иштешпеди экен. Буларга элин да жерин да бары бир, керт башынын кызыгын ойлогон афиристер. Ушуларды колдогондор да бар э кудай.
0
JaliwoodKG
2015-02-05 16:52:53
дело гезити атамбайевтин гезити
0
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан