АК ЧЫНЫНЫН ГҮЛҮ БАР, СИЗГЕ БЕРЧҮ СУРООМ БАР

Көптөн бери куржунга катып келген суроолорубуз бар эле. "Удобный, неудобный" аралаш суроолорубузду белгилүү адамдарга узатып, кызыктуу жооп ала алдык.

Кайсы ырчы кыздын келбетин идеалдуу деп эсептейсиз?
Тынай Алыбаев, ырчы:
– Биздин ырчы кыздарыбыздын ичинен идеалдуу фигурага ээ деп бирөөсүн да бөлүп айта албайм. Бетке айткан сөздүн заары жок. Кыздарыбыз таарынышпасын. Мисалы, дүйнө жылдыздарынан Бейонс менен Жесика Альбаны айтаар элем.

Жолдошуңуз менен бала үчүн урушкан күндөрүңүз болобу?
Неля, ырчы: – Эми майда-чүйдө чыр болуп кетет. Негизи, Урмат өтө эле баласаак. Нурэлге үзүлүп түшүп турат. Менин колум бошобой жатса, ыйлатпай карап отурганга жарайт. Өткөндө Урмат бир аз сасык тумоолоп калды эле, бир нече күнгө башка бөлмөгө бөлүп салдык. Ошондо баласын көрбөй куса болуп кетти.

Аялыңызга көп акча кетиресизби же машинаңызгабы?
Руслан Сыдыков, футболчу: – Мм-м... Аялыма көбүрөөк акча коротот окшойм. Жакында эле ага 8 миң сомго күмүш зер буюмдарынын топтомун сатып бердим. Ал эми машинама бузулганда эле акча коротпосом, анчалык деле көп акча жумшай бербейм.

Рэп ырчысында үн болбойт дегенге кошуласызбы?
Добр, ырчы: – Жо-ок, менин табият тартуулаган жагымдуу үнүм бар. Рэп ырчылары биринчи үнгө эмес, ырдын мазмунуна көңүл бурабыз. Ал эми үн экинчи орунга коюлат. Мен ырларымдын маанисин ата-энеме текшертип туруп анан элге ырдап чыгам.

Алтын балык кармап алсаңыз, алгач эмнени сурайт элеңиз?
Кундуз Канатбек кызы, ырчы: – Эмнени сурамакмын?.. Менин эң эле коркконум бул – картаюу. Биринчи эле карыбай, ушул бойдон калтырышын сурамакмын.

Курсагыңыздан уяласызбы?
Абдылда Иманкулов, куудул: – Эмнеге уялмак элем?! Меники Рахман Разыковдукунан калат, жетпейт да, ха-ха-ха... Бир нерсе эсиме түшүп кетти. Бир чал эшегине мине албай темселеп кетет да, “ай, карылык ...” деп кобуранып калат. Айланасын караса, эч ким жок. Анда чал өзүнө-өзү “жаш чагыңда эмне кылып кыйраттың эле?” дептир. Анын сыңарындай, жашымдан эле фигураны кармап, спорт менен машыгып же тамактан баш тартып көргөн эмесмин. Кээ бир кишилерге томпойгон курсагым жаман көрүнгөнү менен өз милдетин жакшы аткарып, мага кызмат кыла берсин, бечара.

Дене-мүчөңүздүн кайсы жери өзүңүзгө жакпайт?
Роза Шакирова, ырчы: – 11-классты бүтүргөнчө дене-мүчөмдөгү кемчиликтерди байкачу эмесмин. Институтта окуп жатканда саркеч шым алсам эле бели батпай калчу. Эмнеге белим мынча жоон деп апама ыйлактай берчүмүн. Бир жолу апам: “Семизмин дей берсең ооруп каласың",- деп катуу урушкан. Ошондон бери өзүмдү кандай болсом, ошондой кабыл алып жакшы көрөм.

Жолдошуңуз көзүңүзгө чөп салса, кантип жазалайт элеңиз?
Жанета, ырчы: – Кой ай, анын жү­зүн ары кылсын! Бирок жашоодо “жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт” дегендей, эгерде Денис менин көзүмө чөп салса, биринчисин ортобуздагы балдар үчүн кечирем. Бирок жөн гана кечирип койбой кичине жазаламакмын. Экинчи жолу кайталанса, анда унчукпастан чемоданын колуна карматам да, өз жолуна салам. Бирок өз көзүм менен көрмөйүнчө, ушакчылардын кептерине ишене бербейм.

Белгилүү көзү ачыктарга кайрылып көрдүңүз беле?
Бегалы Наргозуев, ЖКнын депутаты: – Акыркы учурда көзү ачыктар тууралуу көп угуп, кызыгуу пайда боло баштады. Буга айланамдагылардын да таасири тийди окшойт. Бирок өзүм бир да жолу барып көргөн эмесмин.

Байдын токолу болгонго макул болот белеңиз?
Нурзада Жолдошова, ди-джей: – Жок ай, “тең-теңи менен тезек кабы менен” деп коёт эмеспи. Бай болбосо да, колунан иш келген, өз курагыңдагы адам менен өмүр сүрүүгө эмне жетсин.

Өзүңүздү канчалык денгээлде сараң деп эсептейсиз?
Съездбек Искеналиев, ырчы: – Мурда таптакыр сараңдык эмне экенин билчү эмесмин. “Заманың түлкү болсо түлкү, бөрү болсо бөрү бол” дегендей, акыркы убакта сарамжалдуу болууну жакшы эле үйрөнүп баратам.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
bostonbrok
2009-12-08 01:24:54
mojno podumat, vse oni znayut kyrgyzskie poslovitzy, jurnalistter ayabai koshup salyshyptyr go. hotya bul dagy jakshy, belgiluu insandyn oozunan chykkan degensip, bizdin makal-lakaptar unutulbait, okugandardyn kulagynda singet, a eger jurnalist ozunun sozu menen jazsa kop konul burulmak emes.jakshy, podderjivayu, super-infonun jurnalistterin, hotya bashynda apyrtkanyna jinim kelip bashtagan.
0
bostonbrok
2009-12-08 01:26:12
bahiyana satylganova jazgan turbayby; ushintip kyrgyz tilinin ochposuno koshkon salymynga rahmat, bahiana, any men emi tushunup jatpayinby, kapa bolbo
0
Robingud
2009-12-08 21:29:52
Menin da tankalganim bul jooptordu jurnalistter toluktap,taktap koyobu,je belgiluulorubuz uwunday darajada KIRGIZ TILIN biliwebi.
0
jazka
2009-12-09 07:02:05
albette jurnalistter toluktap jazyshat da!!!
p.s.Тынай Алыбаев!Бизде деле толтура келбеттуу кыздар!!!Дуйно жылдыздарын тим эле коюнузчу,сураныч!!!Зато у нас естественная красота!!!
0
Ayzat
2009-12-10 14:15:16
Тынай байке тантыган го. Аялы да ошолордонбу э
0
upriamaia
2009-12-13 03:46:49
Тынай аке экинчи аялыныздын улуту ким?
0
№ 370, 4-10-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан