(Башталышы өткөн сандарда)
Мага чын эле эч бир адам жардам бере алмак эмес. Жүрөгүмдү бир гана Эмир дарыламак, анын жылмайганы, жылуу сүйлөгөнү жылытмак. Бирок ал адам меники эмес эле. Аны сезгенимде Баянды эч кимди жек көрбөгөндөй жек көрчүмүн. Мен кем таалай болгонум үчүн Баян күнөөлүүдөй, менин бактысыздыгым үчүн ал дагы бактысыз болууга тийиштей сезилчү. Бир күнү Назик менен skype`тан сүйлөшүп жатып анын сөздөрүнө шектене түштүм.
– Жанара, Баянга ушунчалык суктандым.
– Эмнеге, суктана турган нерсе болдубу?
– Мен мурун Дастанга анчалык көӊүл бурчу эмесмин. Көрсө, мыкты жигит экен.
– Хи-хи-хи, качан антип көзүӊ ачылды?
– Азаматтан көӊүл калгандан кийин.
– Эми Дастанга көзүӊ түшүп калдыбы?
– Көз түшө турган адам экен.
– Эй, эсиӊди жый, ал Баяндыкы, алар бактылуу үй-бүлө.
Назик үн каткан жок. Бирок менин көӊүлүмө күдүк түшүп калды. Акырындап Назиктен такып сурап жатып, экөөнүн ортосунда бир нерсе болгонун билдим.
– Жанара, мен акмакчылык кылдым. Бирок бул эркимден тышкары болуп кетти. Оюмда эч жамандык жок эле. Бирок Дастанды аэропорттон көргөнүмдө жүрөгүм солк этти. Келбеттүү, ишенимдүү, мээримдүү адам. А менин Азаматым чочкодой оонап, ой-максатынын баары баӊги болуп, мени маӊдайымдан сылап койгонго алы келбей калган учурда ал мага идеалдуу көрүндү. Мейманканага өзүм бардым. Ой-боюна койбой асылдым. Керемет түн болду. Эртеӊ менен Дастандын кучагында ойгонуп, өзүмдү ушунчалык кичине кыздай сезип, коргоочусун тапкан секелектей сүйүндүм. Көзүмдү көтөрүп Дастандын жүзүн карай албадым. Аны карасам эле Баян көз алдыма тартылчудай сезилди. Дастан да үн каткан жок, унчукпастан кетип калды. Эми ошол түн эсимден чыкпай, канчалык унутуп салайын десем да, унута албай кыйналып жатам.
– Анда Кыргызстанга кел,- дедим бейкапар.
– Жанара, жинди болдуӊбу? Баяндын жүзүн кантип карайм?
– Баян менден Эмирди тартып кеткенде менин жүзүмдү кантип карады эле? Ошондой эле карайсыӊ.
– Аны менен муну салыштырба. Эмир Баянды өзү сүйгөн, ал эми Дастан эки баланын атасы, Баян ал үчүн...
– Эй, «жардам бер» деп ызылдайсыӊ, жардам берейин деген адамдын кайра жинине тиесиӊ.
Интернеттен чыгып кеттим. Бир аз убакыттан кийин Назик кайра байланышка чыгып, Кыргызстанга келерин айтты. Ошентип, бул каргашалуу окуя менин айымдан башталып кетти. Мага баары бир эле, жеӊсе жеӊиш Назиктики, жеӊбей калса Баяндыкы. Бирок опурталдуу оюнум дүрт эткен оттой өрт алып кетерин билбеген элем. Бир үй-бүлөнүн каргышына калып, наристелердин көз жашына каларымды билбептирмин. Кудай акы, мен ал учурда эмне кылып жатканымды билген эмесмин. Кийин аябай өкүндүм. Бирок өкүнүч эч нерсени оӊдобойт экен, жадакалса күйүп-жанып жаткан көкүрөккө бир тамчы суу чачкандай болбойт тура. Анан эмне болду? Дастан эки оттун ортосунда калды, Баян менен Назик экөө теӊ кош бойлуу болуп калышты. Баянды намысы менен көӊүл калуусу өрттөп жатса, Назикти абийири менен сүйүүсү өрттөп жатты. А мен ошол өрттү тиктеп турган көрөрманга айландым.
Ушуну менен көкүрөгүмдү кыйнаган нерседен кутула алдымбы? Ушуну менен тынчып кала алдымбы? Жок! Кайрадан эки эсе мыкчылып, алар сыяктуу эле жаным кыйналып жатты. Сыртымдан «сооп болот, булар да адамдын жан дүйнөсү кантип ооруганын билсин» деп табалаганым менен, тээ жүрөгүмдүн бир бурчунда бир сезим мени мыжыгып жатты.
Ошол учурда капысынан Эмирди кезиктирдим. Жумуштан чыгып машинеме май куюп алайын деп кезекте туруп ойлонуп кеткен экенмин, артымдан бирөө катуу сигнал берди. Жиним келип артыма карай берип, көргөн көзүмө ишенбей туруп калдым. Алдымда Эмир турган эле.
– Жанара...
– Келдиӊби?
Көзүмдөн кусалыктын жашы чыгып кетти. Экөөбүз обочого чыгып бир кафеде отурдук.
– Жашоо кандай анан?- деди ал кадимкисиндей күлүмсүрөп.
– Жакшы, өзүӊ көрүп тургандай.
– Жанара, мен бүгүн сени көрүп чын дилимден сүйүндүм. Билесиӊ го, өзүӊ уюштуруп Баян экөөбүздү ажыратыш үчүн куру жалаа менен түрмөгө кесилип кеткенимде сени чын эле аябай жек көргөм. Бирок кийин сени да түшүндүм. Көп жыл сыртта жүрүп көп нерсени түшүндүм, кечирдим. Сен дагы мени кечир!
Эмне деп айтмакчымын, деги эмне деп айтышым керек? Буга аны дагы деле сүйүп, күтүп, андан башка жан адам көзүмө көрүнбөй калганын кантип түшүндүрөм?
Эмир айылды, ал-жайды сүйлөп отуруп улутунуп алды.
– Баян кандай?- деди жай гана.
Дагы Баян, дагы да болсо жолумда Баян! Эрдимди кесе тиштедим.
– Эмне, аны менен кабарлашпай кеткенсиӊби?
– Кабарлашып эле жүрөм. Бирок өзү мага сыртын салып жүрөт.
– Эмнеге?
– Назик анын күйөөсүн тартып кеткен, алардын байланышын менден көрүп жүрөт. Акылсыз десе...
– Эмне-е? Назикпи?
– Ооба, Назик. Сага эмне жок?
– Силерди мен бир туугандан да жакын деп жүрсөм. Сени го билем. Бирок Назик кантип ушуга барды? Байкуш Баян.
Мындан ары чыдай албайт элем, ордумдан туруп чыгып кеттим. Эмир менин артымдан келген жок. Улам-улам артымды карап жатсам да келбеди. Үйгө барып жаздыкты кучактап алып көмкөрөмөн түшүп ыйлап жаттым. Кандай кылуу керек? Эмне кылып Баянды анын жүрөгүнөн сууруп чыгарам?
Кийин билсем, Эмир менден угары менен Баянга барган экен. Бирок Баян аны дагы да болсо кайтарып жибериптир. Бул кезде Назик кош бойлуу болуп, ай-күнүнө жакындап калган эле. Бир күнү үйгө келиптир, өӊү купкуу.
– Жанара, эмне кылдык, ыя? Эмне кылып койдук? Мен кыйналып бүттүм. Дастандын экөөбүз үчүн эзилгенин көрүп, өзүмдү жек көрүп кетем. Бирок ансыз да жашай албай калдым. Сүйүү деген ушундай болот тура, анын бир бактылуу көз карашы үчүн жашап калат экенсиӊ. Бирок ал азыр дүйнөдөгү эӊ бактысыз адам. А Баянчы?
– Эмне эле баарыӊар Баян, Баян деп калгансыӊар? Эмне, андан башка аяганга кишиӊер жокпу? Аны ошончолук эле аяп жатсаӊ, анда ага бар, Дастанды ичиӊдеги балага кошуп колуна салып бер.
– Сага эмне болгон?
– Мени жадатып бүттүӊөр.
Көрсө, байкушумду ошондо акыркы жолу көрүп жатыптырмын. Жок, кийин ал төрөп жатканда өлөр алдында дагы бир жолу көрдүм. Аттиӊ, бирок кечирим сурай албай калдым, же сураганга үлгүрдүмбү? Айтор, тагдырдын катуу соккусу Назиктин төрөттөн каза болушу болду. Ошол борошолуу күн дагы деле эсимде. Бири-бирибизди тике карай албай коридордо турган Дастан экөөбүз... Өмүр менен күрөшүп жаткан Назик...
Бала төрөлүп, медайымдар баланы көтөрүп кетип бара жатышты, бала ыйлап жатты. Наристенин бакырганы азыр да кулагыма угулуп турат. Ал төрөлө элек жатып энесинен айрылганы үчүн дал мени күнөөлөп жаткандай сезилди...
(Уландысы кийинки санда)