ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (2-февралдан 8-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Кыйчалыш иштер жана майда маселелер көп чыгат. Кандай болгон күндө да өзүӊүздү кармаӊыз. Ички резервдерди иштетип, карьераӊыз кимден көз каранды болсо, аны менен мамилени бекемдеӊиз. Жаӊы таанышуулар пайдалуу болорун апта бүтө электе эле баамдайсыз. Жуманын аягында бир окуядан улам көп нерседен кабардар болосуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада сизди өзгөрүүлөр, кубанычтар, жакшы маанай коштоп жүрмөкчү. Эмнелерди пландасаӊыз да, убакыт менен энергия табылат. Андыктан ийгиликтерди көздөй умтула бериӊиз. Достор менен чогуу кечеге же жаӊы тасманы көрүүгө барууӊуз мүмкүн. Бирок жылдыздар жол коопсуздугун сактоону, рулга башкаларды отургузбай, акчаны да ашыкча коротпоону эскертишет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ийгиликтин жаӊы горизонттору ачылат. Каршы жыныстагылар сизге көп көӊүл буруп, сиз болсо мындай мүмкүнчүлүктү кармап кала аласыз. Өзүӊүзгө ашыкча көйгөй жаратпайын десеӊиз, кээ бир тааныштардын сөзүнө ишенбеӊиз. Ошондой эле эс алууга көбүрөөк убакыт бөлүп, иштин үйүлүп кетишине жол бербеӊиз. Адамдарга көп ишеним арта бербей, өз күчүӊүзгө ишенсеӊиз утасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Иште өз пикириӊизде туруп, өз кызыкчылыгыӊызды коргоӊуз. Кошумча киреше кирип, ири суммадагы акча чөнтөгүӊүздү жылытат. Мындан тышкары таасирдүү таанышыӊыз чогуу иш баштоо тууралуу кеп салат. Соттошуп жаткандардын утуп чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Сүйлөшүп жүргөндөр мамилелерин териштирүүнү токтотпосо, эки башка жолго түшүшөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Чөйрөдөгүлөргө таасир калтыруу үчүн карызга батпоо керек. Башкысы туура ойлонуу. Мындан тышкары дүнүйө табам деп жулунуп, колдогу нерселерден кол жууп калбоого тырышыӊыз. Түзгөн пландарыӊыз керектүү жыйынтык бербей жатса, аларды жаӊысына алмаштырыӊыз. Ашыкча киришүүӊүз жактырган адамыӊыздын эркиндигин кысып, чырдашууӊуз мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Буга чейин кетирген каталарыӊыз чоӊ ишти бирөөлөр менен кеӊешип аткарууга, туура ойлонуп чечим кабыл алууга үйрөтөт. Каржы жана жеке жашоо жааты бир калыпта болуп, түйшүк арттырбайт. Андыктан жаӊы нерселерди өздөштүрүүгө кирише берсеӊиз болот. Болгону бир маселени улуу муундагы туугандарга ишеним артпай, өзүӊүз чечүүӊүз керектелет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Көп акча табуу үчүн убада берген мекемеге ишке орношуудан сактаныӊыз. Ал мекеме бат эле жабылып, кайсы бир иштер үчүн сиз жооп берип калууӊуз ыктымал. Сүйүктүү адамыӊыз менен чогуу эс алуу үчүн убакыт табыӊыз. Бул сиздерди мурункудан да жакындатат. Өнөкөт ооруӊуз козголуп, врачка барууӊуз мүмкүн. Каржы жааты анча кубандырбайт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Ичтеги сырлар менен жаӊы идеяларды сыртка чыгарбай туруӊуз. Идеяӊызды башкалар колдонуп кетсе, сырыӊызды уккан адам аны жайып жиберүүсү мүмкүн. Ички туюм менен тажрыйбаӊызга таянуу менен чоӊ ишти бүткөрө аласыз. Жолугушууда сүйлөгөн сөзүӊүзгө маани бербесеӊиз, досуӊузду да ыӊгайсыз абалга калтырасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Көпчүлүк жаачылар тапканы күнүмдүктөн ашпай баштаганын сезип, башка ишке өтүү жаатында чечим кабыл алышат. Сүйүүдөгү маселелердин көбүн адамдар өздөрү жасап аларын унутпай, жүрөгүӊүзгө ишениӊиз, ал алдабайт. Маанилүү маалыматты сынактан өткөн шеригиӊизге дайындаганыӊыз оӊ. Апта соода-сатыкка жана шерине уюштурууга ыӊгайлуу экенин да эскертебиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кайсы бир иш менен жолго чыга турган болсоӊуз, план түзүп, кылдат даярданыӊыз. Болбосо убакыттын текке кеткенине өкүнүп каласыз. Иште жетекчилик майда маселелер үчүн да жемелеши мүмкүн. Күтүлбөгөн жолугушуу сиз ойлогондой жагымсыздыкты эмес, ырахатты тартуулайт. Жылдыздар аптанын аягында жакындарыӊыз менен чогуу эс алууну сунушташат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ишеничтен чыгып калбоо үчүн берген убадаларыӊызды аткарууӊуз керек экендигин түшүнөсүз. Баштаган иштерди аягына чыгарып, эмки аптага өзүӊүзгө көбүрөөк убакыт табууга жетишсеӊиз жакшы. Апта ортосунда сизден колдоо күткөн адамдарга кол сунуп, алардан белек алууӊуз ыктымал. Апта аягы майда үй, чарба түйшүктөрүн тартуулайт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Иште башкалардын кызыкчылыгын чектеп, өз оюӊузду таӊуулабаӊыз. Болбосо чырды жаратасыз. Сүйүү айтылган сөздөрдүн санына карап эмес, жагымдуу сюрприздер менен жолугушуулардын санына да карап аныкталарын сезесиз. Жакындарыӊыздын бирин алыс жолго узатууӊуз ыктымал. Аптанын соӊунда кыялыӊыздагы нерсе орундалат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
vankuver.
2015-02-02 09:58:00
Жакындарымдын бирин алыс сапарга узатасын" дейтко. Каяка болду экен?
0
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан