Өзгөчө чач жасалгасы бар, көп тойлордун көркүн ачкан Манас Алыкулов тууралуу угуп калсаӊыздар керек. Айрымдар "бул жигит Жаныбек Алыкуловдун уулу" десе, кээ бирөөлөр "жок, бул жөн гана окшоштук" деп талашышат экен. Атасынын атын өчүрбөй сахнага чыгып жаткан куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов менен тааныштырабыз.
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 27-февраль
Туулган жери – Ош облусу, Ноокат району
Бою – 173 см
Салмагы – 85 кг
Хоббиси – Дүкөн кыдыруу
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университетинде 3-курста окуйт
– Салам, Манас! Маегибизди Манас деп атыӊды ким койгон деген суроодон баштасак...
– Апамдын айы, күнү жакындап калганда атам апамды кошуп алып Каныкей Эралиева, Манас Бердибеков менен гастролдоп жүргөн экен. Ошондо атам "уул төрөлсө Манас, кыз болсо Каныкей коём" дептир. Ноокатка гастролдоп келгенде мен төрөлүп, атым куудул аяш атамдын атынан коюлган.
– Демек, өнөр адамы болгонуӊа атаӊдын эле эмес, атыӊдын да таасири бар турбайбы?
– Ооба, канымда бар. Өзүӊүздөр билгендей, атам куудул, ал эми апам жакшы ырдайт. Бирок апам чыгармачылыгын улантпай, бизди карап үйдө отуруп калды. Сахнада эки мыкты куудулдун атын алып жүргөнүмө сыймыктанам. Сахнада Манас Алыкулов деген кандай сонун угулат.
– Бирок эл сени куудул эмес, тамада катары жакшы билишет?
– Туура айтасыз, мени алып баруучу, тамада, кыскасын айтканда, шоумен, элге жакшы маанай тартуулоочу деп билсеӊиздер болот. Кичинемден «Супер-Инфонун» концертин алып барсам деп кыялданам. Буюрса, бул тилегимди сөзсүз ишке ашырам. 11-классымдан бери тамадалык менен алектенип келем. Элдин жакшылыгын алып барып машина алдым, чоӊ үй салып жатам. Менин кесибим – уюштуруучу жана продюсер. Атам баштаган «Туура, туура» долбоорун жаӊылап улантайын деп жатам. Аны менен катар «Добулбас» тобуна, Адилет Азимов аттуу ырчыга продюсерлик кылуунун алдында турам.
– Үй-бүлөдө канча бир туугансыӊ?
– Атамдын эки үй-бүлөсүндөгү бир туугандарымды кошкондо 6 бир тууганбыз. Алтообуз теӊ таланттуубуз. Бирок атамдын жолун жолдогону мен эле болом го. Анткени калгандары спортчу, милиция кызматкери, айтор, түрдүү кесиптин ээлери.
– Атактуунун уулу болуу кыйынбы же тескерисинче пайдасы көппү?
– Жаман жагы, атама сөз тийгизбейин деп ар дайым өзүӊдү көзөмөлдөп турасыӊ, башкача айтканда, эркин боло албайсыӊ. Ал эми жакшы жагы, Кудай сактасын, ооруканага барганда же дагы бир жерге жумушуӊ түшүп калганда атамдын атынын кереги тиет.
Атама тиешелүү бир окуя айтып берейин. Атамдар бир райондун борборунда концерт берип жатса, мен сахнага чуркап чыгыпмын. Анда атам "бул менин уулум Манас. Балам, келсеӊ, бул жакка эмнеге чыктыӊ, ырдайсыӊбы же бийлейсиӊби?" десе, 5 жаштагы баламын да, "жок, сийем" деген экем. Эл күлүп боору эзилип калыптыр, атам "ошондо эле куудул болчусуӊ" деп күлүп калчу.
– Мектепте жакшы окуган окуучулардын катарын толуктайт белеӊ?
– Мен 3 мектеп котордум. Ал тентектигимден эмес, мыкты уюштуруучулугумдан. Мектепте окуп жүргөндө эле акча тапчумун. Ар кандай КВН, концерттерди, дискотекаларды уюштуруп эжекелерден тил укчумун. Ошентсе да маданият министри элем, сабакка көӊүл бурбай калгандыгымдан мектептен куулгам.
– Кел, сүйүү жөнүндө сүйлөшөлү, сүйүп көрдүӊ беле?
– Мага сүйүү 7-классымда келген. Ошондон баштап өзүмдү карап жасана баштагам. Ушул жерден атамдын сүйүүсү эсиме түштү. Атама 1-классында сүйүү келген экен. Жанында отурган кызды жактырып жүргөндө доктурлар окуучуларды текшерип келишип, атамдан бит чыгып уят болуптур. Ошондо катуу уялганынан ал кызды сүйбөй калган экен.
Учурда сүйлөшкөн кызым бар. Ал Политехникалык университетте окуйт, Токтогулдун кызы.
– Атаӊды эстегенде биринчи кайсы элеси көз алдыӊа тартылат?
– Атамды эстесем, мага аталык мээрими, кеп-кеӊештери жетишпей жатканын туям. Той болобу, концерт болобу, алып барганда ар бир сөзүмө маани берип, "эмкиде минтип айтсаӊ андан жакшы болот" деп турчу. Ойлосом, атам бизге бир да жолу кол көтөрбөптүр. Биз деле атамды капа кылбаганга аракет кылчубуз. Ооруп жатканда "ата, балалык кылып ката кетирген болсом мени кечириӊиз" деп кечирим сурагам. Мен кичинемден гастролдоп жүрүп, музыкалык аппаратураларды жайгаштырып, микрофонду кантип коюш керек, баарын үйрөнүп алгам. Ошентип жүрүп, атамдын гастроль деген мектебинен өткөм. Улуу кишилер менен жүрүп көнүп калгандыктан, азыр гастролдорго атамдын санаалаштары менен көп чыгам.
– Чарчаганда кантип эс аласыӊ?
– Эки күн тойго чакыруу албай уктап, анан дүкөн кыдырып эс алган жагат. Болгондо да жалгыз, кээде сүйлөшкөн кызымды же дос баламды ээрчитип алам. Бирок алар шаштыра беришет. Ошондуктан жалгыз кыялданып, шашпай кийип көрүп, кийимдеримди бири-бирине айкалыштырып сатып алуудан рахат алам. Жадакалса байпагымдын өӊүнө да көӊүл бурам.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg