ТӨШӨК КАНТАЛАСЫ БРУЦЕЛЛЁЗ, КУРГАК УЧУК ООРУЛАРЫН ЖУГУЗАТ

Канталанын 40 000ден ашык түрү, 50дөн ашык тобу бар. Алардын ичинен төшөк канталасы үйдө жашагандыктан адамдарды чагып, түрдүү ооруларга дуушар кылып келет. Бул жандык кайдан, кантип таралган, андан коргонуу тууралуу төмөнкү макаладан окуӊуз.

Кызыктуу маалымат

    • Төшөк канталасынын алгачкы жашаган жери болуп Ортоӊку Чыгыштын адамдар жана жарганаттар байырлаган үӊкүрлөрү деп айтылат. Орто Азияда төшөк канталасы 19-кылымдын 60-жылдары Түркстанга орус аскерлери келген маалда пайда болгон.
    • Курмандыгынын жытын 10 метр аралыктан сезет.
    • Азыктанганы 2-4 күндө бир чыгат.

БАШ БӨЛҮГҮ
Башынын алдыӊкы бөлүгүндө кан сорууга ыӊгайлуу тумшугу жайгашкан. Жаактары эки каналга (кенен жана ичке) бөлүнөт. Кенени кан сорууга ыӊгайлашса, ичкеси чаккан жерине шилекей бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Башындагы мүйүзчөсү (антенна) багыт алганга ыӊгайлашкан.
Үчтөн жуп алты буту бар. Чоӊ кантала 1 мүнөттө 1 метр жерди басса, кичинекейи 25 сантиметр жерге жете алат.

ӨМҮР СҮРҮҮСҮ
Орточо жашоосу бир жылдан 18 айга чейин жетет. Үйдүн жылуу жерлеринде, дубалдардын кычыктарында, эмеректерде жашашат. Караӊгыны сүйгөн жандык. Жашаган жеринен азыктанар учурда гана сыртка чыгат. Көбүнчө түндөсү азыктанышат. Көлөмүнө карап 3-15 мүнөткө чейин азыктанат.

КАНТИП КӨБӨЙӨТ?
Төшөк канталасы жумурткасын төшөктөрдүн кычыгына, жумшак эмеректердин ичине таштайт. Жумуртканын өлчөмү 1 миллиметр келип, ак түстө болот. Ургаачысы өмүрүндө 500 жумурткага чейин таштайт. Эки жумада жумуртка жетилет да, 3-10 жумада кадимкидей кан сорууга жарап калат. Жумуртка таштоо милдети бүтөрү менен ургаачылары өлүп калышат.

ТУЛКУ БОЮ
Кан менен азыктанганына жараша тулку бою 1-9 миллиметр. Эркеги ургаачыларына караганда көлөмдүү келет. Төшөк канталасынын түсү киргил сары же күрөӊ түстө болот.

АЗЫГЫ
Төшөк канталасы адамдан тышкары жаныбарлардын– ит, мышык, үй канаттууларынын каны менен азыктанат. Ачка болсо кыймылы жайлашып калат. Бирок жашоо шартынын канчалык кыйынчылыгына карабай кантала ачкачылыкка чыдамдуу келет.

КОРКУНУЧТУУ ООРУЛАРДЫ ЖУГУЗУШУ МҮМКҮН
Кантала чагар алдында курмандыгына узун тумшугу аркылуу шилекей безин сайып алат. Бул денеден кан соруп жатканда оорутпайт. Чагып кеткенден кийин бир саат убакытка жетпей дене кычыша баштайт. Кээ бир учурда чаккандан кийин аллергияга алып келет. Мындан тышкары төшөк канталасы бруцеллёз, чечек, сарыктын В түрү, кургак учук, сибирь жарасы жана башка тери ооруларын жугузушу мүмкүн. Бир түндө 500дөн ашык жерди чагууга жетишет.

КАНТАЛА ЧАККАНДА...

  • Кантала чаккан жерди кир жууган самын, же болбосо 1 стакан сууга 1 чай кашык ашкана содасын кошуп, аны менен жуу керек.
  • Чаккан жерге муздак нерсе басыӊыз, же болбосо картошканы аарчып, майдалап туурап, кычышып жаткан жерге жапсаӊыз, кычышуу басаӊдайт.
  • Кантала чаккан жер чыдатпай кычышып, аллергия болуп баштасаӊыз, анда дароо дерматологго кайрылыӊыз.

КҮРӨШҮҮНҮН ЫКМАСЫ

1. Төшөк канталасынан кутулуу үчүн атайын адистердин дезинфекция жүргүзүүсү керек болот.
2. Дарылаардан мурун үйдөгү буюмдарды, балдардын оюнчуктарын, тамак-аштарды жыйнап, дары чачканда тийбей тургандай кылып жаап коюӊуз.
2. Кантала үйдөгү кайсы бурчта, эмеректе жыш жайгашып, жумурткалаганын табыӊыз.
3. Дарыны (неоникотиноид, карбамин кислотасы жана бор кислотасы) ысырап кылып туш келди жерге чача бербей, үйдүн кайсы бөлүгүнөн канталаны көп көрсөӊүз, ошол аймактарга гана чачуу керек.
4. Дары чачкандан кийин үйдүн эшик-терезелерин бекем жаап, 1 күн башка жакка үй-бүлөӊүз менен бара туруӊуз.
5. Кайра кайтып келген соӊ эшик-терезени ачып, таза аба менен желдетип, колдонгон буюмдарды ным чүпүрөк менен сүртүп, тазалап чыгыӊыз.

Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
dashulya
2015-02-02 10:39:18
Студент кезде жатаканада жашап жургондо аябай кууратты эле. Азыр эстесем жаман боло тушом. Аябай жаман...
+1
ermeg
2015-02-02 15:08:50
Кантала орусчасы кандайайтылат
-1
MirlankMedina
2015-02-02 18:40:51
ermeg,хлоп болот
-3
danyshman
2015-02-02 23:54:41
MirlankMedina, хлоп эмес,клоп болоооот.
+4
danyshman
2015-02-02 23:48:13
Ааиий бул кантала клоп жаман да,мен Карагандада жургондо квартирада клоп аябай коп болот эле.Кичинекей канталасы свет очкондо киришет эле да,тура калып светти тамызсан,кирерге жер таппай калышат эле.Ошондуктан этият болгула,тааныштарга табышмак кылат элем да,бозоруп кирип кызарып чыгат ал эмне деп?Анан мен айтат элем,ал жашыраак кан тала деп.
0
Nauca1989
2015-02-05 10:52:52
Тараканбы ошондо кантала деген.
0
admin_superstan
2015-02-05 10:56:21
Nauca1989, саламатсызбы!
Кантала - клоп.
0
ZAIYR
2015-02-05 11:12:52
Бул көп кабатуу үйлөрдө аябай көп.Айрыкча Россияда. Кргызстанда, айылдарда көп кездешпейт, жок дагы.
+1
Uli6886
2015-02-06 14:09:08
Супер Инфо: Ушул макаланын жарнагына неге Абдылда мырзанын суротун койгонсунар тушунуксуз!!!!!!!!!!!!!!!!!
+1
admin_superstan
2015-02-06 14:36:07
Uli6886, саламатсызбы!
Купуяма скриншот бере аласызбы? Биз текшерсек, макалада ашык сүрөт болгон жок.
0
guli-1980
2015-02-07 18:04:59
admin_superstan,Башкы бетинде Абдылданын суроту турат ко
0
admin_superstan
2015-02-09 12:24:10
guli-1980, саламатсызбы!
Cookies'ти тазалаңыз. Болбосо, скриншот бериңиз.
0
sale-81
2015-02-07 09:33:35
клоптон эмне кылып кутулущ керек. Бут дустун турун сееп чыктым эч нерсеси жардам бербеди. Бул оной менен олбойт и жоголбойт экен.
0
Bakulya79
2015-02-07 21:27:23
Ушусу эле калды эле
0
erbolot1
2015-02-07 23:05:26
Клоптун даарысы "Палач"
0
Sharipa-asia
2015-12-28 02:10:35
erbolot1,палач деген эмне
0
azhunushaliev
2015-02-09 08:17:17
Супер инфо эмнеге буга Абдылда Иманкулоадун суротун койуп койгонсунар?
0
admin_superstan
2015-02-09 12:24:15
azhunushaliev, саламатсызбы!
Cookies'ти тазалаңыз. Болбосо, скриншот бериңиз.
0
azhunushaliev
2015-02-09 08:19:27
Бизде мурун жок болчу кийинки убакта кобойуп кетти Россиядан келгендер кошо алакелип жатышатта.
0
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан