ЖЫНЫСТЫК МҮЧӨМ КИЧИРЕЙИП КЕТТИ...

– Мен простатит болуп дарыланып чыккам. Ошондонбу же башкаданбы, менин жыныстык мүчөм абдан кичирейип кетти. Суукта жүрүп калсам таза бүрүшүп калат. Ошондуктан, сиздерден эми алигимди кантип чоңойто алам, чоңойтуунун жөнөкөй жолдору барбы деп сурайын дегем. Нураалы, Жетиөгүз.

– Жыныстык мүчөнүн кичирейип кетүүсү ар нерсени ойлоонун кесепети. Башкача айтканда, эркек: «меники элдикинен кичине, анан да улам кичирейип баратат» деп күнүгө алигисин 10-15 жолу карап кыжаалат боло берсе, чындыгында эле алигиси кичирейип, башы топчудай эле болуп калат.
Андыктан, маселеңизди чечүү үчүн дарыгер-сексопатологго кайрылууңуз зарыл. Алар мындайда атайын аспап менен алигини чоңойтуп, калыбына келтирип беришет.


КЫЗДЫГЫМДАН АЙРЫЛЫП КАЛДЫМБЫ?

– Жашым 17де. Бир күнү эртең менен эле алиги жагымдан бир нерсе аккансыды. Этек кирим келди го дейин десем, ошол биртке кан аккан боюнча токтоп калды. Ошондо кокустан кыздыгым өзүнөн-өзү айрылып калган жокпу деп ойлоп санаага баттым. Ошондон бери тынчсызданып, күндө ыйлап келем. Чын эле кыздыгымдан айрылып калган жокмунбу? Гүлү, Бишкек.

– Кыздык эч качан өзүнөн-өзү айрылбайт. Эгер жыныстык жактан кошулбасаң, анда кыздыгымдан айрылып калдым деп коркпой эле койсоң болот. Ошентсе да гинекологго көрүнүп, текшерилүүдөн өтүп коюуң керек.


ЫРАХАТЫБЫЗ БИР МҮНӨТКӨ ГАНА СОЗУЛАТ...

– Келинчегим экөөбүздүн баш кошконубузга 7 ай болду. Төшөктө болгону бир мүнөттөй гана кошулабыз. Анткени, менин алигим ачышып, келинчегимдин жыныстык кынынын тегереги кычышып, жанын жай алдырбай чыгат. Кандай айла кылсак болот? Бизде оору жокпу? Нарбек, Талас.

– Сиз баяндаган белгилер, башкача айтканда ачышуу-кычышуу жыныстык жактан жугуучу оорулардын белгисине кирет. Андыктан, келинчегиңиз экөөңүз тең дарыгер-лаборантка анализ тапшырып, анан анын жыйынтыгы менен сиз урологго же тери-венеролог адисине, келинчегиңиз гинекологго көрүнүүсү зарыл.


ТӨШҮМ ТЫНБАЙ ӨСҮП ЖАТАТ...

– Мен 16дамын. Төшүм 12-13 жашымдан бери тынбай өсүп келатат. Азыр өзүм теңдүү кыздардын төшүнөн бир топ чоң. Бул мага дайыма ыңгайсыздык жаратат. Кантип кичирейтсем болот? Жази, Алабука.

– Кыздардын эмчеги жыныстык жетилүү убагында, башкача айтканда, болжолдуу түрдө 10 жаштан баштап өсө баштап 16 жаштарда аяктайт. Андыктан, бул табигый көрүнүш. Анын үстүнө кээ бир кыздардын эмчегинин чоңураак болушу жаралышынан болот. Тукум куучулук да таасир этет дегендей. Ушул себептерден улам сизде бардыгы жайында. Тынчсызданбай эле койсоңуз болот.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 212, 24-30-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан