Клип эмнеси менен көрөрмандын эсинде калат? Албетте андагы каармандардын жылдыздуулугу, ролду ийинине жеткире аткара алгандыгы, келишимдүүлүгү менен. Төмөндө айрым клиптерге катышкан каармандар жөнүндө сөз кылабыз.
Дайыр Исмадияров, «АЗАП»
Дайыр Исмадияровдун «Азап» аттуу клиби көрөрмандар арасында бир топ талкуу жаратты окшойт. Клиптеги баш каарман Диляра Эрдөөлөтова менен таанышып алыӊыздар.
ДИЛЯРА ЭРДӨӨЛӨТОВА
Туулган жери – Ноокат району, Кайрагач айылы
Туулган жылы – 1997-жыл
Тартылган клиби – "Азап"
Учурда – КУУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти
– Диляра, бул сенин клиптеги дебютуӊ экен, кандайча тартылып калдыӊ?
– Мен социалдык тармактарда көп отурам. Клиптин режиссёру Нурсултан (ред.Кубатов) байке мага «клипке тартыласыӊбы?» деп жазып калды. 5-класстан тарта эле чыгармачылыкка кызыгып келгендиктен, дароо макул болдум. "Убакытты текке кетирбей ишке киришели" деп борбордогу соода түйүндөрүнүн биринен жолуктук. Ошол күнү эле саат үчтө клип тартууга кириштик.
– Жеӊил ойлуу кыздын ролун жаратуу оор болгон жокпу?
– Тартуучу топ мени менен сүйлөшүп жатканда «кандай роль болбосун даярсыӊбы?» дешкен, мен макулдугумду берип, сценарийи менен таанышып чыккам. Камерадан сүрдөгөн деле жокмун, анткени «Көргүм келет» тасмасында массовкага катышкам. Бирок клипте башкы каармандын ролун жаратып жаткандыктан, бир топ эле оор болду.
– Көрөрмандардан кандай сын-пикир уктуӊ?
– Бирөөлөрдүн пикирин уккум деле келген жок. Терс каармандын ролу үчүн эч кимден деле жылуу пикир укпайм го. Оӊ каарманбы, терс каарманбы, аны жеткире аткаруу актёр, актрисанын милдети деп эсептейм. Өзүмдү актриса катары карасам, ролумду мыкты деӊгээлде аткардым деп ойлобойм.
Данияр Эрматов, «КЕЧИР МЕНИ»
Данияр Эрматовдун «Кечир мени» аттуу клибинде баш каарманды ойногон келин жолдошуна ойношу менен кармалып калат. Элди кыжырданууга алып келгидей мыкты деӊгээлде ойноштун образын жараткан актёр Нурсултан Кудаяров.
Нурсултан Кудаяров
Туулган жери – Ноокен району, Масы айылы
Туулган жылы – 1993-жыл
Тартылган клиптери – Гүлжигит Сатыбеков, «Сагынам», KG Эльмурат, «Кечир», Нурлан Насип, «Бүгүн сенин туулган күнүӊ», Назира Токонова, «Сага» жана казак ырчылары Динара Диханбаеванын «Кыз сезими», Эржан Эрмандын «Сагым арман» аттуу клиптери
Учурда – Бишкек Финансы жана экономика академиясынын бүтүрүүчүсү
– Нурсултан, кандайча клипке тартылып калдыӊ?
– Бул клипке мени Данияр Эрматов менен режиссёр Эрнист Сыдыков чакырышкан. Экөө бул клиптин сценарийин жазып жаткан учурда мени башка клиптен көрүп, ушул ролго туура келсе керек деп ойлошуптур. Мындай образды жаратуу мен үчүн кыйын болду. Клип элге тараганда эмне болот, айрыкча ата-энем, жакындарым көрсө эмне дешет деген ой көпкө чейин оюмдан чыкпай койду. Клипти жакын досторум көргөндөн кийин "сенден этият болуш керек экен" деп тамашага салып жүрүштү.
– Эми ойноштун ролун эч ойлонбой аткара бересиӊби?
– Албетте, тарбиялык мааниде жеткирип бергенге аракет кылабыз. Бир жаман жери, сени кандай ролдон көрүшсө, ошондой деп ойлоп калышат экен. Мен тууралуу жаман ой-пикирлер жазылганын көрүп калдым, бирок ага көӊүл бурбайм деле.
– Клип өзүӊө жактыбы?
– Клип бир гана мага эмес, бүтүндөй кыргыз элине жакты окшойт. Мага көбүнчө кадр артындагы кызыктуу окуялар жакты. Бетим помада болчу жерин тарталы десек, жаныбызда бир да кыз жок. Анан башкы каармандын ролундагы Нурлан өпкөнгө туура келди. Нурлан мени урган жеринде образга катуу кирип кетип, чындап уруп алып кийин кечирим сурады. Чекемдеги шишикти кетиребиз деп бир топ кыйналдык.
Нооруз Алымбаев, «КӨК ЖӨТӨЛ»
Төмөндө Нооруз Алымбаевдин «Көк жөтөл» клибинин көркүн ачкан Элнура Аманова тууралуу кеп болсун.
ЭЛНУРА АМАНОВА
Туулган жери – Алай району, Корул айылы
Туулган жылы – 1994-жыл
Тартылган клиптери – Акбар Сүйүнбаев жана Мирлан Абдраев, "Татына", Азамат Эркинбаев,"Неге?", Назира Токонова, "Сага", Мажит, "Оттой жигит" аттуу клиптери
Учурда – Кыргызстан эл аралык университетинде котормочулук адистиги боюнча билим алууда
– Чыгармачылыктын агымында келе жаткан кыз экенсиӊ. Шоу дүйнөсүнө качан аралаша баштадыӊ?
– 2011-жылы бир долбоорго катышып баш байгени жеӊип алып, бир ыр, бир клиптин каражатын белекке алгам. Алгачкы ырым «Жазгы көктөм» деп аталат. 2013-жылы «Кыз-Бурак» тобунда ырдагам. Бир жыл иштеп, үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу топтон чыгууга туура келди.
– «Көк жөтөлдүн» көркүн кандайча ачып калдыӊ?
– Мени клипке тартылууга Нооруздун продюсери Канат Кадыржан чакырган. «Нукура сулуу кыздын ролун жаратыш керек, сенин келбетиӊ да, талантыӊ да туура келет» деген. Тартылуу учурунда кыйналган деле жокмун. Негизи, камера алдында иштеген мага абдан жагат, андан эргүү алам.
– Гонорар төлөндүбү?
– Чындыгында, гонорарга маани бере бербейм, анткени бул жумуш өзүмө жагат. Мен жараткан ар бир ролум көрөрмандын жүрөгүнө жетип, талантымды баалашса эле болду. Ошол мен үчүн гонорардан да чоӊ ийгилик. Чыгармачылык жаатта чет өлкөлүк жылдыздар менен таанышып, дуэт жаздырып, клип тарттыргым келет. Албетте, убагы келгенде Эл артисти наамынын ээси болсом деген тилектерим бар.
Cүйүн Кулматова
star@super.kg