«ЭЛДИК ЛОТЕРЕЯ» дагы бир кыргызстандыкты миллионер кылды

15-январь күнү миллиондогон байге фондусу бар «Элдик лотерея» соода маркасынын «Белек» лотереясы баш байгеге коюлган 7 миллион сомдун ээсин аныктады. Бул ирет ийгилик кушу Талас облусунун тургуну Жаныбек мырзага жылмайып, ал миллионду уткан күнү уктабай чыкканын айтты.

Кубанычы коюнуна батпай турган Жаныбек мырза 7 миллион сомду кандайча утуп алганы жөнүндө айтып берди:
– "Талас" базарынан 3 билет алгам. Алардын бирөөсүнөн 7 миллион сом уттум. Элдин баарына «ойногула, уткула!» демекчимин, анткени бул таза оюн. Эми утушума балдарыма үй салып берем жана өзүм дыйкан болгондуктан, дагы бир трактор алсамбы деп турам. Кудай кааласа, калган акчаны элге жардам катары берем.
Чынында, баш байгени алганымда ишенген эмесмин, эми гана акчаны колго алгандан кийин ишенип отурам. «Элдик лотерея» соода маркасына чоӊ рахмат. Өзгөчө ал жерде иштеген кыздарга ыраазымын, барганда жаркылдап тосуп алышты.
Ошондой эле бул күнү 400 миӊ сомдук байгени утуп алган 2 жеӊүүчү аныкталды. Алардын бири Акмарал Ош облусунун Ноокат районунун тургуну:
– Мен Кызыл-Кыя шаарынын «Айбек» базарынан үй-бүлөбүздүн ар бир мүчөсүнө арнап 5 билет сатып алгам. Алардын ичинен 5 айлык балама деп алганыман утуш чыгып, минтип 400 миӊ сомдун ээси болдук. Утуп алабыз деп күткөн эмеспиз, алып ойноп көрөлү дедик. Буга чейин мага «бул оюн жалган» деп айтышчу. Бирок андай эмес экенине ынанып отурам. «Элдик лотерея» ишеничтүү экен, ойногула, уткула! Эми бул акчаны үй-тиричилигине коротолу деп турабыз.
Дагы бир мекендешибиз 400 миӊ сом утуп, кубанычы коюнуна батпай турган кези. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунан келген Бегайым айым:
– Учурда биздин бир кыз, үч уулубуз бар. Бул акчаны балдарыбыздын келечеги үчүн үй-тиричилигине жумшамакчыбыз. Мындан ары да ойнойбуз. Элге айта кетейин, бул чын оюн экен. Ойноӊуздар, утуӊуздар!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
temirov76
2015-02-02 09:21:14
Уткандардын баарысын куттуктайм,ишиниздерге ийгилик!
0
danyshman
2015-02-02 09:38:51
Негизи кандай номерлерге чыгат утуш?билгендер жазып койгулачы.
0
Aselya_9105
2015-02-02 13:04:06
danyshman, ал номер бактыныздан.....
0
janko1
2015-02-02 10:31:55
ийгилик баарыныздарга
0
vangolu
2015-02-02 11:14:11
Кут болсун кыргызым.керегинерге жарасын
0
Kroxa
2015-02-02 13:57:59
Ай ким билет....
0
mirlaane
2015-02-02 15:49:41
oi bilbedim bilbedim
0
kg.sity93
2015-02-02 20:27:32
мен да уткум келет..?бирок кайдан?
0
Nargiz1985
2015-02-02 23:10:20
Уткандарды куттуктаймм!бизда Кудайым бактыбызга буйруп 7 миллион сом утуп калсак эн биринчи там алмакпыз,анан калганын жетимдер уйно бермекпиз..аттин
+1
marmilantka
2015-02-04 00:21:44
Менин таежем да 7 миллион утуп алды мурун ишенбейт елем ушул лотереяга
0
EdikoKG
2015-02-04 10:34:54
Ойноп коруу керек экен.
0
Gensek
2015-02-04 13:39:36

мен 30.000.000 уттум бирок латереям жок жоготуп койдум кантип алса болот жаза кеькиле
0
Nasyrkg
2015-02-07 21:27:34
Менин да классташ балам бир жарым млн утту жыргадык
0
Boldukan86
2015-02-08 07:45:18
кандай бактылуу а уткандар. мен да утуп алсам. биринчи эле майыптарга жардам бермекмин анан уйубузду ремонт кылмакпыз. эхх
0
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан