Борбор калаа Бишкектен турак жайлуу болуу үчүн мекендештерибиз жылдап акча чогултуп, бул маселе көпчүлүктү башка мамлекеттерге барып иштөөгө аргасыз да кылат. Жыл өткөн сайын баш калаада батирлер асман чапчыган баага көтөрүлүп, кыргызстандыктардын үйлүү болуу кыялын кол жеткис кылып келет. Бирок 2015-жылдын башталышы менен борбор калаада батирлердин арзандаганы айтылууда. Биз кыймылсыз мүлк боюнча адистерге кайрылып, алардын оюн угуп иликтеп көрдүк.
«БАТИРЛЕРДИН БААСЫ 15 ПАЙЫЗГА ЧЕЙИН ТҮШТҮ»
Адегенде эле Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагындагы кыймылсыз мүлк рыногун анализдөө боюнча башкы адиси Айдар Сукенбаевдин оюн уктук. Анын айтымында, өткөн жылдын январынан июнь айына чейин борбордогу көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин 1 чарчы метри 950-990 АКШ долларын түзүп жаткан. Август жана сентябрь айларында баалар көтөрүлүп, 1 чарчы метр 1000-1010 АКШ долларга жогорулаган. Буга катар Айдар Сукенбаев төмөнкүдөй ою менен бөлүштү:
– Күз айларында түшүм жыйналып, мал-жандык сатылып, элдин акчасы көбөйүп калган болот. Ошондуктан бир аз кымбаттоо болот. Октябрь, ноябрь айларында батирлер кайрадан
арзандай баштайт. Учурда батирлердин 1 чарчы метри орточо эсеп менен 800 долларга бааланууда. Тактап айтканда, батирлер 14,7 пайызга арзандады. Буга коӊшу мамлекеттердеги каатчылык, доллардын наркынын кымбатташы да таасир этүүдө.
Өткөн жылы көп кабаттуу үйлөрдөгү 9683 батир, 3 миӊден ашуун жер там сатылган. Жакынкы учурда үйлөрдүн баасы укмуштуудай арзандап кетет дегенден алысмын. Себеби бизде батирлерге болгон муктаждык дагы эле курч бойдон калууда.
«ЭКОНОМИКАЛЫК КААТЧЫЛЫКТАН УЛАМ БААЛАР ТӨМӨНДӨӨДӨ»
Бишкектеги эӊ ири делген «Площадь» турак жай агенттигинин сатуу боюнча менеджери Елена Юн үйлөрдүн арзандап жатканына байланыштуу мындай дейт:
– Батирлер аябай арзандап кетти дегенге болбойт, баалар бир азга гана төмөндөдү. Кыш айларында баалар ушинтип түшөт. Ошентсе да бул жолку баанын түшүшүн сезондук арзандоо дей албайм. Баа экономикалык кризистен улам түшүүдө. Орусиядагы каатчылык бизге да залалын тийгизип жатат. Адатта батирлерди чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиз алчу. Рублдун куну түшүп, доллар кымбаттап, мигранттар үчүн квартира алуу эмес, Кыргызстанга келип кетүү кыйындады. Батирлерди сатуу-алуу иштери доллар менен жүргүзүлөт. Рублду долларга алмаштыруу капчыкка чыгым кылууда.
Турак жай агенттигине телефон чалган ар бир экинчи адам "сатууга жардам бергиле" деп кайрылат. Бизде кардарга караганда сатуучу көп болуп жатат. Мен алдын ала көрө албайм, бирок жакынкы 2-3 айга чейин баалар төмөндөйт деген ойдомун. Экономикалык каатчылыктан улам элде акча жок болот, демек, сатып алуу азаят, талап болбогон соӊ үй сатуучулар бааларын аз-аздан түшүрүп башташы мүмкүн.
«СУРОО-ТАЛАП АЗАЯ БЕРСЕ БАА ДАГЫ ТҮШӨТ»
Турак жай боюнча адистердин оюн уккан соӊ курулуш компанияларына байланышып, алардагы кырдаал кандай болуп жаткандыгына кызыктык. «Жал Артис» турак жай комплексин курган «Артис Глобал» ЖЧКсынын сатуу боюнча менеджери Кубан Бекказы уулу: «Батирлер арзандап жатат. Учурда Бишкекте эки жүздөй үй курулууда. Мындан улам атаандаштык күч алып, баалардын арзандашына алып келди. Бизде баалар алгач бир чарчы метрге 1200 АКШ долларын түзчү, азыр 1000 доллар болуп төмөндөдү. Сатып алууга талап болбосо, борбордо батирлер дагы арзандашы мүмкүн»,- дейт.
«Аалам строй» курулуш компаниясынын сатуу боюнча менеджери Адис Сомоев: «Учурда биздин компания кардарларыбыз үчүн атайын жеӊилдиктерге барып жатат. Батирлер салыштырмалуу арзандады. Мурда
1 чарчы метрдин баасы 650 АКШ долларынын тегерегинде болсо, азыр 550, 600, 620 доллардан сатып жатабыз. Батир сатып алып жаткандардын жарымынан көбү чет жерде иштеп жаткан мекендештерибиз. Өзүӊөр көрүп тургандай, рублдун куну түшүп, доллар жогорулады. Андыктан валюта курстарынын айырмачылыгын да эске алуудабыз. Жакынкы кезде баалар арзандайт же арзандабайт деп айтуу кыйын»,- деген ою менен бөлүштү.
ЭКОНОМИСТТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Кыргызстандагы дасыккан экономисттердин бири Айылчы Сарыбаев: «Батирге болгон баалар түшүп кетти деп айтууга болбойт. Суроо-талап азайды. Сатчулар көбөйдү. Элде акча жок. Мунун айынан баалар арзандай түштү. Бул эми рынокто боло жүрүүчү көрүнүш. Ал көрүнүш канчага уланат көрө жатарбыз»,- деп билдирди.
Ал эми экономист Кубан Чороев бул маселеге кенен токтолуп өттү:
– Жылдын башында ар дайым экономикалык активдүүлүк басаӊдайт. Ошол себептен батирлерге болгон талап азаят. Бул сезондук фактор. Мындан тышкары биздин экономикада бүдөмүк абал түзүлгөндүктөн, банктар ипотеканы токтотуп коюшту, бул дагы чоӊ таасир берип жатат. Ипотека – узак мөөнөткө бериле турган долларлык же евролук кредит. Ал эми банктар жакынкы жылда сомдун наркы кандай болуп кетерин алдын ала божомол кыла албай жатышат. Эгерде сиздин айлыгыӊыз сом менен болсо, сомдун куну кескин төмөндөп кетсе, кредит алгандарга доллар менен кредитти төлөгөнгө кыйын болуп калат. Бул банктарга да маселе жаратышы мүмкүн, ошондуктан банктар чочулап жатышат. Мунун айынан батирлердин баасы акырындап түшүп жатат.
Менин оюмча, азыр батир ала тургандарга жакшы кырдаал түзүлдү. Албетте, кандай экономикалык кризис болбосун бизде батирлерге талап чоӊ. Баалар эми ушундай төмөн кармалып турушу мүмкүн, бирок жылдын аягында экономикалык активдүүлүктүн башталышы менен кайра өсө башташы ыктымал. Ошондуктан батир алам дегендер ушул жарым жылдын ичинде же жылдын башында алып алганы оӊ.
Чоӊ экономикалык активдүүлүк биз Евразиялык экономикалык биримдикке кирер менен жайында башталат. Бизге чоӊ рынок ачылып жатпайбы. Мындай жагдайда бизге Орусия, Казакстан жана Беларустан капиталдар агылып келгенге жана Кыргызстандын экономикасынын потенциалын пайдаланганга жакшы шарттар түзүлөт.
Ал эми үй куруучулардын көптүгүнөн, аттандаштыктан улам арзандоо боюнча айтсак, мындай фактор бар. Бирок Бишкекте болуп жаткан курулуш биздин демографиялык көрсөткүчтөргө салыштырмалуу аздык кылат. Курулуш рыногуна мындан да көбүрөөк компаниялар киришине дагы деле потенциал бар.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg