Тагдыр
Биздин кеңсеге баш баккан Замира эже: “Арак менин жашоомду мыкчый кармап, ачуу тырмактарын батырып алгансыйт. «Жинди сууга» берилген адамдардын айынан улам бир күйөөгө тийип, тагдырдын оор ташы көкүрөгүмдөн басып, кейиштүү тагдыр ээсине айландым. Мен көргөндү эч ким көрбөсүн. Балким, менин баяным жаштарга сабак болор деген негизде окурмандарга сырымды төгөм“,- деп кейиштүү кеп баштады.
“СУКТАНЫП ЖҮРҮП ӨЗҮМ ТИЛЕП АЛДЫМ”
– Жакын курбум Кара-Балтага турмушка чыгып, аны жандап бардым. Ал жерден күйөө жолдош менен таанышып калдым. Турмушка чыккан курбум үшүп кеттим же муну жегим келип жатат десе эле күйөөсүнөн мурун күйөө жолдош жүгүрөт десең. Кандай сонун аяшы бар деп суктана берчүмүн. Көрсө, ал мага жакындаш үчүн “джентльмен” көрүнүп жүрүптүр. Мен анда Кара-Балтадагы килем чыгаруучу ишканада иштечүмүн. Анда-санда жумуштан үйгө жеткирип коюп жүрчү. Бир жолу да үйгө жеткиримиш болуп мени ала качып кетти. Жашым 21де эле. “Таш түшкөн жеринде оор” деп бир сыйра ыйлап, кыз каадасын көрсөтүмүш этип отуруп калдым. Бирок мени апасы жактырган жок. Көрсө, байкуш эне “балам чатак. Отурбай эле койсоң болот эле” дегиси келиптир.
“БИРИНЧИ КҮНҮ МЕНИН, ЭКИНЧИ КҮНҮ КАЙНАГАМДЫН БЕТИ КӨГӨРЧҮ”
– Бири-бирине коёндой окшош күндөр башталды. Баягы мен суктанган жигит ичкилик менен катуу достошту. Эки күндүн биринде эле ичип, сөгүнүп-сагынып келет. Анан да бөтөлкөлөш досторунун көбү өзүнөн улуу аялдар болчу. Бир жолу мас болуп алып шымын шыпырып, аялдардын ортосунда отурганынын үстүнөн чыктым. Эмне болду десем “эркек эмессиң дешкенинен көрсөтүп жатам” деди. Мындай жоруктарынан катуу ирээнжип калдым. Анын мага гана эмес, карындашына, агасына, жадакалса энесине да колу тийчү. Бир күнү менин оң бетим көгөрсө, экинчи күнү кайнагамдын сол бети, үчүнчү күнү карындашынын бети канжалачу. Кыскасы, биздин үйдө тынчтык жок эле.
“УШУНУ КӨРМӨК!“
Кызганчаактыгы жанда жок эле. Жумуштан келатып эшиктин алдындагы суу алчу кудукка өзүнүн курткасын илип коюп “бул кимдин кийими? Сага келген бирөөнүкү да!” деп чыр чыгарчу. Бир жолу кайын сиңдим бешик той берип, ал жерге бардык. Жаныма отургандардын бири алма сунса, элдин көзүнчө “сага эмнеге алма сунат?!” деп сабады. Кызганычтын да чеги болот экен. Акыры кетем деген чечимге келип, камдана баштадым. Бирок кеткенге жетишпедим, жолдошум муунуп алды. Угар замат эл чогулуп келип “балаңды кучактагыча күйөөңдү карабайт белең!” деп опузалап киришти. Анда карындашы чыга калып, “ушуну көрмөк!” деди. Ошондо мени күнөөлөп жаткан эл бир сөз айтышпастан акырын чыгып кетишти. Ушуну көрмөк деген сөздөн эле баары түшүнүктүү болду окшойт.
Жолдошум каза болгондо улуу баламдын төрөлгөнүнө үч ай эле болгон. Жетилигинен кийин туугандарым мени төркүнүмө алып кетмей болушту. Кайненеме баланы биз алып кетели деп кайрылышса, “атасы бүтүп баласы калыптырбы? Алып кете бергиле” деп койду.
“ДАГЫ АЛДАНДЫМ”
– Балам бир жарым жашка чыкканда апама таштап коюп, мурунку жумушума чыктым. Бир жолу КамАЗ айдаган адам менен таанышып калдым. Жолдоштору аны мага эле чаптай беришти. Көрсө, ал жакында эле ажырашып кетиптир. Мен анда 25ке чыгып, турмуштун ачуу-таттуусун билип калгам да. Ошого болбой анын КамАЗына түшөм деп дагы алдандым. Турмушка чыгайын деген деле оюм жок болчу. Бир жолу КамАЗы менен үйгө жеткирип коёюн дегенинен түшө калсам, үйүнө алпарып апасы менен тааныштырып, чогуу түтүн булатуу сунушун киргизди. Турмуштун сыноосунан жабыркап жүргөн жаным эми бактылуу болсом керек деген жакшы тилек менен дагы отуруп калдым. Жолдошумдун арагынан мурун анын биринчи келинчегинин мамилеси жанга батты. Өзү жашабайт же мени жашатпайт. Биринчиси менен жарашам дей баштаганда боюмда барына карабай төркүнүмө баса бердим.
“КҮЙӨӨҢ ЖОК БОЛСО, КЕНЕН БАСА АЛБАЙСЫҢ”
– Ошентип, экинчи баламды төркүнүмдө жүрүп төрөдүм. Кичүү балам торолуп калганда Сокулуктагы фермага келип, эжемдин жардамы менен саанчы болуп иштеп калдым. Эжемдердин үйү жакын эле. Балдарымды алардыкына калтырып коюп, эртең менен эрте жумушка кетем. Күйөөң жок болгондон кийин бирөөгө карап күлүп, жакшы сүйлөй да албайт экенсиң. Күлүп койсоң аялдар күйөөлөрүн кызганып, жаман ойлошот экен. Фермадагы мал доктур эмнегедир мага жан тарта баштады. Үйгө мүшөктөп ун алып келип, жумуштан бирөөлөр мага бут тосушса, таламымды талашканын байкап жүрдүм. Акыры ошол мал доктурга турмушка чыктым. Анын үч баласы бар болчу. Аялы оорудан каза болгон. Негизи эле менин багыма жалаң ичкен адамдар туш болот окшойт. Үчүнчү күйөөм да арак дегенде жантыгынан жата калат.
“САГА ЭЧ КАЧАН ЖАШОО БЕРБЕЙБИЗ”
– Мурунку күйөөлөрүмдөн туулган балдар азыр бойго жетишкен. Тамак-ашыбызга улуу балам көп каралашат. Жолдошумдун балдарына канчалык эне болоюн дегеним менен, баары бир алым жетпей койду. Үчөө тең аракка жакын болуп, жаш кездеринен жаман жолду тандап алышты. Мага баш беришпейт. “Сага эч качан жашоо бербейбиз. Сен бизге кимсиң?”- деп келген сайын сөгүп кетишет. Дагы эле түйүнчөгүмдү түйүп алып төркүнүмө кетип калайын дейм, бирок “битке өчөшүп көйнөгүн отко салыптыр” деген сөз бар эмеспи, балдарга өчөшүп үчүнчү жолу турмушумду бузбайын деп тырышып келе жатам. Бул күйөөм да эки күндүн биринде арак ичкенге маш. Түшүндүрүп жакшы айтсаң да кулагына кирбейт. Ошондон улам тилим узарып кетет окшойт. Бир күнү “сенин тилиң узун. Сага караганда биринчи аялым жакшы эле. Ал эч качан тил кайрычу эмес” деп жатпайбы. Тил кайрыбаган неменин кадырына жетпеген менин кадырыма жетмек белең деп айтканга аргасыз болдум. Анткени биринчисин да арак ичип алып, сабаганын уккан жайым бар эле.
“СЫРЫМДЫ АЙТКАН СЕБЕБИМ...“
– Башыма түшкөн түйшүктү, арактын мага болгон кастыгын, жүрөктүн үшүн алган мүнөттөрдү, ичке толгон бугумду айтып жатканымдын жөнү бар. Жаштарга, бөтөлкөнүн азгырыгына алдыргандарга сабак болобу дегеним. Бөтөлкөнүн артынан түшкөндөрдү арак эч качан жакшылыкка алып барбайт. Бир келген бул жашоодо арак эмес, акылдын үстөмдүк кылышын тандагылачы. Арактын айынан нечен үй-бүлө очогу бузулуп, канчалаган балдар жетим калып жатат.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg