«СУПЕР ТАНДОО-2014» ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫН СЫЙЛОО АЗЕМИ

«Супер-Инфо» гезити менен SUPER.KG порталы 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарып, жыл мыктыларын сыйлоо аземин 26-январь күнү «Алтын казына» ресторанында өткөрдү. Бул жолку аземдин өзгөчөлүгү – жылдыздардын Кызыл килемден өткөнү менен коштолгонунда. Килемден конокторду Санжар Мыкыев менен Бакыт Байсариев кызыктуу суроолор менен тосуп алды.

Аземдин сыйлуу конокторунун бири, дикторлордун алпы Бактыбек Мамытов алгачкылардан болуп келип, Кызыл килемден өттү.

Учурда АКШда жашап жаткан "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкей кечеге жолдошу Медер менен атайын океандын ары жагынан келип катышты. Эске салсак, бул Каныкейдин алгачкы жолу жолдошу менен эл көзүнө чыгышы.

Айтылуу Алымбек датканын ролун келиштире аткарган "2014-жылдын супер актёру" Азиз Мурадиллаев да жубайы менен.

"Жылдын сахна ажары" наамына татыган Анжелика жолдошу Урмат менен коноктордун акыркыларынан болуп келди.

Кайда болбосун эгиз козудай ээрчишип жүргөн Добр менен Назира Токонова аземге да бири-бирине куп жарашып жетелешип келишти.

Дайыма талкуу чордонунда жүргөн жуптар ырчы Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров аземдин көркүн ачышты. Самара ай-күнүнө жетип турса да тобокелге салып салтанатка Оштон келгенин белгилеп кетпесек болбос.

"Той көп болсо кымбатыраак, аз болсо арзаныраак көйнөк киебиз" деп тамашалашкан курбулар Азиза, Роза Шакирова да аземге катуу даярданганы көрүнүп турду.

Сахналаш курбулар Чолпонай менен Назгүл Токтакунованы Санжар менен Бакыт "качан жаӊы ыр жаздырасыӊар?" деп бир сыйра суракка алып, анан киргизишти.

Кеченин көркүн «Супер сулуулар» да ачышты.

Сайкал Садыбакасова "Кыз-Бурактын" кымча бел кыздары менен.
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын “Жакшы көрөм түбөлүк" клиби "Жылдын супер клиби" наамына татыды. Аталган клиптин режиссёру Нурсултан Кубатов менен Асел Кадырбекова аземге чогуу келишти.

Камчы Сарыбаев өз репертуарында. Кызыл килемден да өзүнүн «фирменный» бийи менен өтүп, элди бир дуу күлдүрүп алды.

Аваз Акимов да Кызыл килемден өтүү үчүн аябай эле даярданса керек. Жалт-жулт деген костюму эле айтып турбайбы баарын.

Бегиш менен Баястан болсо Кызыл килемдин талаптарына баш ийбей, эркин стилде кийинүүнү туура көрүшүптүр.

"Кечир мени" деп ырдаган Данияр Эрматовдон алып баруучулар кимден эле кечирим сурап бүтпөй жаткандыгын сурап кызыгышты.

Стилге өзгөчө көӊүл бөлгөн Дайыр Исмадияров аземге өткөн жылдын тренди – көк түстөгү костюм-шым менен келди.
Быйыл бир гана кыргыз бийин бийлеген Султан Садыралиев кошумча ак бийди да жакшы бийлээрин айта кетти.

Гүлжигит Сатыбеков алып баруучуларга "эмкисинде сөзсүз лейлектик кыз менен келем" деп сөз берди.

Кызыл килемден өткөн белгилүүлөрдү тосуп алып кызыктуу суроолорду жаадырып жаткан алпаруучулар Бакыт Байсариев менен Санжар Мыкыев алпаруучулук тизгинди мыкты аркалашты.
Сыйлык тапшыруу аземин "Супер-Инфо" гезитинин директору Шаиста Шатманова менен жарнама боюнча директору Айсулуу Алимбекова ачып беришти.

«Жылдын меценаты» наамына «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы, Жогорку Кеӊештин депутаты Бакыт Төрөбаев татыды. Депутаттын келе албаганына байланыштуу сыйлык партиялашы, депутат Абдулатип Режавалиевге берилди. "Мындай сыйлык биздин партия үчүн биринчи жана акыркы болбошу керек деп ойлойм. Анткени биз алдыбызга айыл чарбасын өнүктүрүү менен аймактардагы элдин турмушун жакшырталы деген глобалдуу максаттарды коюп келебиз" деп билдирди.

Кыргызстан замандын күрөө тамырын кармай билип, элге эмне керегин түшүнгөн, миӊдеген жарандарды иш менен камсыз кылып, улуттук өндүрүмгө салым кошкон мыкты менеджерлерге муктаж. Дал ушундай мыкты менеджер, "Мегаком" компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов "Жылдын мыкты жетекчиси" деп табылды.

"Жылдын супер тасмасы" наамын тасманын продюсери Фархад Бекманбетовго парламент депутаты Райкан Төлөгөнов тапшырды. "Сынган кылыч" романынын автору Төлөгөн Касымбековдун уулу өз сөзүндө: "Бул чыгарманы атам жазбай кетсе Курманжан датканын эрдиктери тууралуу билбей калат белек деп ойлойм. Аталган фильмдин мыкты деп табылышына өтө кубанычтамын",- деди.

Кечени «Жылдын супер ыры» деп табылган «Кыргыз бийин» Султан Садыралиев ырдап, Анжелика, Сайкал Садыбакасова, Данияр Эрматов, Асема, Дайыр Исмадияров, Нурлан Насип, Асел Кадырбекова жана "Назик" бий тобунун бийчилери бийлеп ачышты.

Азыр кантип селфисиз кече өтсүн? Учурдан пайдаланып алып баруучулар "Заманыбыздын супер ырчысы" Бек Борбиев менен эстеликке сүрөткө түшүштү. Баса, алпаруучулук кызматта Эрмек Нурбаев, Эркин Рыскулбеков жана SUPER.KG порталынын алпаруучусу Айзат Болотбек кызы болушту.

Аземдин коноктору сыйлык алып эле тим болбостон, эсте каларлык майрам тартуулап кетишти.

«Эй, тоолук кыз» деп көптөгөн тоолук кыздардын жүрөк оорусуна айланган «Чоро» тобунун жигиттерине шаардык кыздар капа. Кызыл килемден өткөн топтун жигиттери "эми шаардык кыздарга ыр арнайбыз" деп убада беришти.

Камчы Сарыбаев бир кадрга Аскат Сулайманов менен Асеманы батыра албай убара.

Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин жана Кыргызстандын ал өлкөдөгү толук ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султановдун чакыруусу менен тамашоучулар Бакыт Осмонканов менен Жеӊиш Майрамбек уулу да жакынкы күндөрү Малайзияга барышары белгилүү болду. «Баткенден башка эч жакка чыга элекмин» деген Жеӊиштин кубанычында чек жок.

Мирбек Атабеков менен Гүлнур Сатылганова байгеге марыган кесиптештерин куттуктап ыр сунушту.

"Дүйнөдө кызынан да Анжелика сулуу" деп тамашага салган «Ак-Өргө city» командасынын оюнчусу Самат Эркинбеков Анжеликага «Сахна ажары» сыйлыгын тапшырды.

«Жылдын супер спортчусу» Айсулуу Тыныбекова колун кокустатып алганына карабай аземге келди.

«Жылдын ТВ персонасы» наамын Эркин Рыскулбековго диктор Бактыбек Мамытов тапшырды. Кубанган Эркин "бул сыйлыгымды мен апама арнайм" деп, өзүн коштоп келген Роза айымга дароо тапшырды.

Баястан, Бегиш, Назгүл Токтакунова «Сүйүү жолунда» саундтрегин аткарган соӊ алып баруучулар аларды жөн кетирбей залдан айтылган сөздөргө уйкаштырып рэп окутушту. Жыйынтыгы жаман болгон жок, биздин жылдыздар капилеттен сөз тапкан таланттуу экенин далилдешти.

Нурлан Насип үчүнчү ирет "Жылдын супер ырчы мырзасы" деп табылды. Кубанычын коноктор менен бөлүшүп жатып ал "рахмат, «Супер-Инфо», үчүнчү жолу бул сыйлыкты алып жатам. Өтө кубанычтамын, эми ыйласам уят го" деп толкунданып турду. Бирок «Супер-Инфо» гезитинин жетекчиси Шаиста Шатманова Нурланга кошо «Жылдын супер ырчы айымы» Сайкалды да "ыйлатты". Кеченин аягында эки ырчыга кышында экзотикалык өлкө Малайзияга барып саякаттап келүүгө жолдомо тапшырылды. Гезит менен бир нече жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жаткан, жылдын мыктылары деп табылган экөөнүн кубанычында чек жок, кеченин коноктору, сахналаш-кесиптештеринин кызуу куттуктоосу алдында калышты. Кече салттуу түрдө "Супер-Инфонун" гимни менен аяктады.


Замира Рахманбердиева
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
Алмаз Кудайкулов
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Супер тандоо-2014" – жыл мыктыларын сыйлоо аземи
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (68)
jama9210
2015-02-04 03:49:37
Булар эл козундогу адамдар да демек сындашыбыз керек ар бирибиз оз оюбузду айтууга укугубуз бааар!))Тааак а Султан жалгыз келгенби? Айланайыыыын тиги супердин сулуусу Орунгулбу же Орунбубу кебетеси кантет артка жыгылып кетейин дейтго Азиза эжеге койногу сонун жарашыптыр Анжелика Акмоор болуп алганго Таттыбубу Турсунбаеваны туурай бергени жакпайт да магачы
0
jama9210
2015-02-04 03:56:29
Назира Токонованын койногу прям озуно куп жарашыптырго сооооонннун
0
agent777
2015-02-04 12:27:34
Оох Самара жагатта . Баары сулуу . Кыздарики . Ийгилик кыргыздын Оскары
0
nagi82
2015-02-05 12:09:48
Супер инфо ушул куудулдарга мисалы окмот эч кандай колдоо корсотуп жардам сыйлык бербейт сиздерден сураныч ушул жылдыздардай эле куудулдардыда жарышка койсонуздар эл тандаса сиздер аларга сыйлык берсениздер торт депутат берген сыйлыктан бутундой кыргызстан тандап берген сыйлык жакшы болсо к.к деп ойлойм
0
admin_superstan
2015-02-05 12:47:51
nagi82, саламатсызбы!
Сунушуңузду жетекчиликке жеткиребиз. Рахмат!
0
Inwallah88
2015-02-05 21:01:36
Нурланга эмес гулжигит алыш кк болчу
+1
sama1212
2015-02-06 00:34:34
Толук версиясы качан болот
0
admin_superstan
2015-02-06 09:38:54
sama1212, саламатсызбы!
Жакынкы арада сөзсүз "Кинозал" бөлүмүнөн көрө аласыздар.
0
miia
2015-02-06 07:11:18
кээ бирлери эч татыктуу эмес алган сыйлыктарына.анжелика . сайкал . бир жакшылыктуу ырлары жок.неге элге кадыры синген купулга толгондорду тандабайсынар
+1
admin_superstan
2015-02-06 09:42:29
miia, саламатсызбы!
Талапкерлердин тизмеси порталга сурамжылоого коюлган. Наамдар колдонуучулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен берилди.
0
altynbek_canto
2015-02-06 12:02:21
Жылдын мыкты мырзасы жана мыкты айымы туура эмес тандап алышыптыр мен аларды ошол наамга татыктуу деп эсептебейм.
0
altynbek_canto
2015-02-06 12:03:50
Гулжигит Сатибеков менен Самара Каримова алыш керек болчу.
+1
miia
2015-02-06 21:42:02
altynbek_canto,самараны билбейм го бирок гулжигит алыш керек болчу
0
sama1212
2015-02-06 17:42:32
Дайыр турушунчу жылдызы чачырап. Красавчикго красавчик. Фигурасы менен стилине соз жокта ушул баланын
0
etaj_rus79
2015-02-07 13:32:23
дааа Гулжигит алса жакшы болмок экинчиси куудулдарыбызды неге катыштырышпайт байкуш аларды эч ким ойлобойт ал эми алардын програмасын издеп журуп коробуз ошолорго деле берип койсо болмок
0
kurstan09
2015-02-07 23:14:55
сонун кече болуптур ийгилик
0
kurstan09
2015-02-07 23:15:14
сонун кече болуптур ийгилик
0
mister.kantemir
2015-02-07 23:51:11
Жонокой бечара колдонуучу форумчуларга качан вечер откоруп берестер ыя? форумчуларды деле телевизордон коргозуп койсонор боло ыя!!!
0
jypar.i
2015-02-11 22:07:51
Мага Санжардын "тамаша", какшыктары жаккан жок, шылдындагандай болуп калыптыр
0
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан