БАЛДАРГА ЗОМБУЛУК КӨРСӨТКӨНДӨРДҮ КАНДАЙ ЖАЗА ТОКТОТОТ?

Үстүбүздөгү жылдын 10-январында Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасына атасы 2 жаштагы баласын оор абалда алып келген. Ал наристенин өз туугандары тарабынан токмоктолуп, атүгүл зордукталганы да аныкталган. Акыркы убактарда көп катталган мындай кылмыштар коомчулуктун үрөйүн учуруп, башкы темага айланды. Балдарды зордуктагандарга өлүм жазасын киргизүү боюнча кол топтогондор да чыкты.

МЫЙЗАМДА:
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129- (зордуктоо) жана 130-беренелери (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча күнөөлүү деп табылган кылмышкер 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Ушул беренелердин 3-бөлүмүнүн 1-пункту (18 жашка чыга электерге карата жасалганда), 2-пункту (атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим берүү, тарбиялоо, дарылоо, же болбосо башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда) боюнча 15тен 20 жылга чейин, ал эми 4-бөлүмү (14 жашка чыга электерге карата жасалганда) менен күнөөлүү деп табылса 20 жылга же өмүр бою эркинен ажыратылат.

СТАТИСТИКАГА ҮӉҮЛСӨК...

  • 18 жашка толо электерге карата 2013-жылы 1145 кылмыш катталган.
  • 2014-жылы 909 кылмыш (анын ичинде 140 сексуалдык мүнөздөгү) катталган.
  • 2006-жылдан бери зомбулуктун кесепетинен 92 жашы жете элек бала каза болгон.

ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ ТУУРАЛУУ:
Илгертеден эле элде өлүм жазасы колдонулуп келген. Бирок бир нече жылдар мурун көптөгөн өлкөлөрдө бул жазаны колдонуу токтотулган.

  • Учурда 58 өлкөдө өлүм жазасы колдонулат.
  • 95 өлкөдө бул жазаны колдонуу токтотулган.
  • 9 өлкөдө өзгөчө абалда (мисалы, согуш убагында) оор кылмыш кылгандарга карата өлүм жазасы сакталып калган.
  • 2012-жылы өлүм жазасы 22 өлкөдө колдонулган. Өлүм жазасына тартуу боюнча биринчи орунда Кытай, андан кийинки орундарда Ирак, Иран, Сауд Арабиясы жана АКШ турат.
  • Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына тартууга мораторий киргизилген. Ошондой эле жаӊы Конституциянын 21-беренесинде «Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат» деп жазылып турат. Ошондуктан өлүм жазасын киргизүү үчүн Конституцияны да өзгөртүүгө туура келет.

БАЛАСЫН КАРАБАГАН АТАСЫ ДА КҮНӨӨЛҮҮ
2 жаштагы наристени ушул абалга жеткиргенге шектелип баланын атасынын аталаш агасы менен жеӊеси кармалган эле. Ал эми 26-январь күнү "баланы коркунучка таштаган" деп күнөөлөнүп наристенин атасы да кармалды. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду.

ЖАКАӉДЫ КАРМАТКАН ОКУЯЛАР
Мындай окуялар өтө көп катталууда. Алсак, 2014-жылдын декабрь айында Ош облусунун Өзгөн районунун 47 жаштагы тургуну укук коргоо органына кайрылып, кызын таякелери зордуктап жүргөндүгүн билдирген. Иликтөөдө 2010-жылы ошол убакта 10 жаштагы ал кызды өзүнүн эле 65 жаштагы таякеси жана анын 36, 32 жаштардагы 2 уулу зордукташкандыгы белгилүү болгон. Кылмышка шектүү катары кармалганда, үчөө теӊ күнөөлөрүн моюндарына алышкан. Жабыр тарткан кыздын ата-энеси ажырашып кетип, ал апасынын колунда калган. Бирок апасы башка турмушка чыкканда кийинки жолдошу өгөй кызын кабыл албай койгон. Айла жок апасы кызын туугандарынын колуна таштап, Казакстанга жумуш издеп кеткен.
21-январь күнү Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан "6 жаштагы жээнин сабап жүргөн" деп шектелип Сокулук районунун 35 жаштагы Руслан аттуу тургуну кармалган. Текшерүү учурунда анын үйүнөн наристени сабагандан кандын тактары калган камчы, кур жана таяк табылган. Кыздын бүт денесинде көк ала тактар болгон жана баш мээси чайкалгандыгы аныкталган. Ал кызды апасы 2014-жылдын июль айында атасынын үйүнө таштап, Орусияга иштегени кеткен.
19-январдан 24-январга чейин Нарын облусунда жүргүзүлгөн рейддин алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылында жашы жете элек кыз зордукталганы аныкталган. 29 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран бир тууган агасынын 8 жашар кызын ур-токмокко алып, бир жылдан бери зордуктап жүргөнү белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыздын ата-энеси ажырашып кеткен жана ал атасынын кичүү инисинин үйүнө кароого калтырылган. Кылмышка шектүү кармалып, анын үстүнөн кылмыш иши козголду.
Үстүбүздөгү жылдын 19-январында Чүй райондук ИИБине Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну кайрылып, 10 жаштагы кызын тууганы зордуктап койгондугун билдирген. Күйөөсүнүн мурдагы аялынан туулган 44 жаштагы уулу 11-январь күнү жабырлануучу кызды коркутуп, унаасында зордуктап салган. Жабырлануучу кыз ооруканага жеткирилген. Ал эми зөөкүр кармалып, тергөө иштери жүрүп жаткан чагы.
Мындан сырткары Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери өткөн жылдын 1-декабрында мектепке бара жаткан 15 жаштагы кызды сабап, зордуктап койгон 35 жаштагы кишини кармашкан.

«ИЛГЕРИ ТАШ БАРАӉГА АЛЫП ӨЛТҮРҮШЧҮ»
Мындай үрөй учурган окуялар өлүм жазасын киргизүү жөнүндө кептерге жем таштады. Жаш балдардын кордолуп жатканына нааразы болгон энелер тобу Ак үйдүн алдына акция өткөрүшүп, андай кылмышкерлерге жазаны күчөтүүнү талап кылышты. Кээ бирлери "мындай жырткычтарды өмүр бою абакта багабызбы, таш бараӊга алып эле өлтүрүп салуу керек" деп сунушташса, дагы бирлери каршы чыгышууда.
«Кыргыз журтум» коомдук фондунун жетекчиси САПАРГҮЛ БЕРДАЛИЕВА төмөнкүлөрдү билдирди:
– Акыркы убактарда жаш балдарга карата зомбулук көрсөтүү көбөйүп кетпедиби. Мындай адамдар коомго коркунучтуу, аларды өлүм жазасына тартуу туура деп эсептейбиз. Жаш балдарды зордуктап, кордук көрсөткөн аӊгилерди илгерки заманда деле асып же таш бараӊга алып өлтүрүп келишкен. Бирок биздин өлкөдө өлүм жазасына тартууга мораторий киргизилген. Ошондуктан мындай кылмышкерлерге карата мораторийди алып салуу боюнча кол топтоп жатабыз. Бүгүнкү күнгө карата 7 миӊдей кол топтолду, 10 миӊден ашкандан кийин Жогорку Кеӊешке, президентке жөнөтөбүз.

"КАНЧАГА ЧЕЙИН ЧЫДАЙБЫЗ?"
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев да өлүм жазасын киргизүүгө каршы эмес. Ал мындай оюн 27-январда өкмөттүн жарандык коомчулук жана бейөкмөт уюмдар менен балдарга карата зордук-зомбулук маселесине арналган жыйында билдирди.
"Алардын сүрөттөрүн аянтка илип коюу керек. Же болбосо өлүм жазасына да жеткирүү керек. Болду эми, канчага чейин мындайга чыдай беребиз?!"- деди өкмөт башчы.
Балдарды зордук-зомбулуктан коргоого сиз да катышыӊыз! Мындай кылмыштардын алдын алалы! Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияга же бекер юридикалык жана психологиялык жардам алуу үчүн тиешелүү борборлорго кайрыла аласыз:

«Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору»:
(0312) 54-29-34, 44-25-10
«Баланын укугун коргоо лигасы» коомдук фонду:
(0312) 66-25-87, 90-86-18

ЭСКЕ ТҮЙӨ ЖҮРҮӉҮЗ!
Баланы зомбулуктан коргоонун эӊ мыкты жолдорунун бири – бул мындай болуу кокустугунун алдын алуу.

  • Ата-эне балага зомбулук эмне экендигин, андай коркунучта кандай аракет кылуусун түшүндүрүүсү зарыл.
  • Бала кайда бара турганын ата-эне сөзсүз билиши керек.
  • Баланын бейтааныш адамдар менен сүйлөшүүсүнө жана сиздин уруксатыӊызсыз бир жакка баруусуна тыюу салыӊыз.
  • Жардамга чакыруу – бул коркоктуктун белгиси эмес, коргонуу каражаты, ал тургай кутулуу жолу экенин түшүндүрүӊүз.
  • Балдарды кароосуз калтырбаӊыз, бейтааныш же чала тааныш адамдарга да ишенип таштабаӊыз.
  • Баланын жүрүм-турумунда кандайдыр бир өзгөрүүнү байкасаӊыз, аны эмне тынчсыздандырып жатканы тууралуу сүйлөшүӊүз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Adik94kg
2015-02-02 10:41:24
Кудай сактайгөр 1 жылдан бери бойуна бүтүп калбады бекен
0
warsaw.
2015-02-02 13:06:30
туура буларды пычып салыш керек же ошол жерин түбүнөн кесип салыш керек ,өлүм жазасы жок болгондон кийин.
0
naka11
2015-02-02 13:43:02
олум жазасын киргизиш керек мындайларга.
0
Kaku12
2015-02-02 13:56:18
олум жазасын киргизип,ХХХ ХХХ ХХХ,ХХХ ХХХ ХХХ,ошондо башкалар да коруп корко турган болот.Мин мертебе наалат зоокурлорго
0
admin_superstan
2015-02-02 14:14:46
Kaku12, этика нормаларын сактап, провокация жаратпаңыз!
0
admin_superstan
2015-02-02 15:19:01
Nuri-Alina, провокацияга жол жок! Эскертүү!
0
eliz-an86
2015-02-02 16:54:58
Эгерде балдарга зомбулук корсоткон зоокурлорду жазалоо жогорку жактагылардын колунан келбесе элдик сот аркылуу жаза бериш керек. Анткени акчанын кучу менен баары бир акталып чыгышат да кайрадан оздорунун зоокурлук иштерин уланта беришет. Наристелерге зоокурлук кылган адамдардан жакшылык жок, олум жазасына кесиш керек!
0
Janyla
2015-02-02 18:26:36
Бычып салыш керек дейсинер,алты саны аман туруп, акылга сыйбасты кылгандар, тигинисинен айрылгандар ого бетер психически нагрузка болуп,башкасын кылгычакты, олуп эле ар жакка кеткени жакшы.Мен олум жазасына макулмун 7001 болуп кол койду деп эсептей бергиле.
+1
raida
2015-02-03 00:03:26
astynda jazylgan keneshter tuura emes jazylgan eger pedofilden korgoo maksatynda jazylgan bolso.
0
rnurzida
2015-02-03 04:24:48
Кандай кылмыш болбосун акты ак, көктү көк деп эле жазаласа токтойт. Токтобосо да азаят. Анан эле делону акча менен, "жогору" жактагы тааныш менен жаап койсо, албетте андайлар кылмышка кол ура берет да. Ал эми балдарга зомбулук көрсөткөндөрдү ташбаранга алыш керек. Ким жана кимдин тууганы болгонуна карабастан. Анан албетте, кудай жазасына кою керек.
0
chopa-chopa
2015-02-03 20:04:19
Бугун ушул маселе менен тегерек стол болуп, анда ар кайсыны суйлоп тарадык. эч нерсени кыйратпайбыз. Жыйналыш коп болот, жыйынтыгы жок болот деп бир акылмандын айтканы келди. Эгер олум жазасын киргизсе эле токтойт десек, андай практика деле айрым мамлекеттерде колдонулат, бирок зомбулук, адамды жок кылуу токтобой эле ошондой. Азыр мындай кылмыш боюнча АКШ биринчи, Россия экинчи орунда турат. Чийки, иштебеген мыйзамдар, органдын кызматкерлерине коом дагы жардам бериш керек, баарылайлы!!!
0
aihan77
2015-02-04 03:05:07
Мындайларды турмодогу ангилердин колдоруна салып берсе оной жаза болот. Алар бул акмактардын жазасын соонун кылып эле берип коюшат. А бычтырганга каражат коп кетет. Олум жазасына конечно эч ким макулдугун бербейт. Ошол учун ушул гана вариант бар. Кыз теке болуп чыгышат турмодон!
+1
janila76
2015-02-05 06:00:24
оз туугандары кылып жатса башкага кантип ишенесин, мумкун коркуп айтпагандар канча???
0
Oazis89
2015-02-05 15:49:29
булардын атыш керек
0
Boldukan86
2015-02-07 08:29:47
бычып салса дарыланып туруш керек экен майып катарында. дары дармеги кымбат болгон учун мамлекет колдой албай жатат. ал эми олум жазасын киргизсе зордуктап туруп анан айтып койбосун же билинип калбасын деп олтуруп да коюшу мумкун. булар учун жети олчоп бир кесиш керек. жаакшы чара колдонуш керек.
0
ooki8888
2015-02-12 14:08:03
Суранам, чиновниктер гумандуулукту башка жактан эле корсоткуло! Олум жазасын киргизгиле, антпесек болбой клады!
0
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан