БААУда АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛГЫӉЫЗ КЕЛЕБИ?

Кыргызстанда даярдоо курстарына стипендия бөлүп берген БААУдан башка окуу жай жок. БААУнун алдындагы 1 жылдык окутуп даярдоочу программасында англис тили гана эмес, математика, кыргыз жана орус тилдери сабактары боюнча да билим берилет. Бирок эӊ негизги басым англис тилине жасалат. Негизги максат – Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн ЖОЖдоруна мыкты студенттерди даярдоо. Академияда окутуу контракттык негизде жүргүзүлөт. Ушул тапта 1 жылдык окуу 3150 долларды түзөт. Ооба, мындай каражатты төлөө баарынын колунан келе бербейт. Бирок академияда стипендиалык программа бар.

Ыхывал Жаникулова, студент: «АКАДЕМИЯ КЫЯЛДАРЫМДЫ ОРУНДАТА ТУРГАНДЫГЫНА ИШЕНЕМ»
– Мен Баткен шаарында билим алган катардагы окуучу элем. Бүгүн мен Жаӊы муун академиясынын студентимин. Бул бир жылдык курс билим гана бербестен, биздин жашообуздагы маселелерди да чечип берип жатат. Эӊ чоӊ жетишкендик болсо – бул өзүн өнүктүрүү үчүн эркиндиктин берилгендиги. Академияда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары да окугандыктан, ал студенттер толугу менен турак жай, үч маал тамак, окуу китептери жана 24 саат бекер интернет менен камсыз болушкан.
Азыр бул академияда окуп жаткандыгым үчүн өкүнбөйм. Дайыма абитуриенттерге өзүмдүн окуямды кеӊеш катары айтып, аларга эргүү берип келем. Жаӊы муун академиясы менин кыялдарымды иш жүзүнө ашырарына ишенем.

Айчүрөк Кадырова, мугалим: «БИЗ БААРЫН ҮЙРӨТӨБҮЗ»
– Менин иш тажрыйбам 44 жыл жана TOEFL сынагын тапшырууга үйрөтөм. Бул сөздөн чочулоонун кажети жок, тест англис тилинин грамматикасы, сүйлөө жана окуудан турат. Көп студенттер тапшырууда жогоруда аталган тест тууралуу маалыматы жок болушат. Атүгүл компьютерди да колдонууну билбей келишет. Коркунучтуу эч нерсе жок, биз мунун баарын үйрөтөбүз.
Жаӊы муун академиясында студенттерди кантип окуу керектигине да окутабыз. Университеттин өзүндө да көп иш-чаралар өтөт. Анын баары студенттерге инсан катары ачылышына жардам берет. Бул жакка тапшырууну каалагандардын ар бирине кайрылгым келет, чочулабагыла, керектүү документтерди тапшырып, академияга билим алуу үчүн келгиле.

МААНИЛҮҮ ДАТАЛАР:

• 2015-жылдын 1- январында – билдирмелерди кабыл алуу башталат
• 2015-жылдын 10-апрели – билдирмелерди берүүнүн акыркы мөөнөтү
• 2015-жылдын апрель-май айларында – билдирмелерди кароо жана жарым финалчыларды тандоо
• 2015-жылдын июнь айында – жарым финалчылар үчүн англис тилинен тест алуу жана маектешүү жана ЖМАнын стипендиясын тапшыруунун жыйынтыгын жарыялоо
• 2015 – жылдын август айында – ЖМАда окуу жылдын башталышы

ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНА ЖИБЕРИЛЕ ТУРГАН БЛАНКТЫ КАЙСЫ ЖЕРДЕН АЛУУГА БОЛОТ?
ЖМАнын стипендиясына жибериле турган билдирменин бланкын ЖМАнын сайтынан (www.nga.auca.kg) жана ЖМАнын аймактардагы өнөктөштөрүнүн кеӊселеринен алууга болот.
Америка борбору, Баткен шаары Баткен мамлекеттик университети, Юсупов көчөсү, 21 Тел.: (03622) 3-62-25, электрондук дарек: middin@mail.ru
Билим берүү кеӊеш борбору, Ош шаары, Ош облустук китепканасы, Курманжан датка көчөсү, 271Тел.: (03222) 5-66-62, электрондук дарек: educforall@rambler.ru
Америка борбору, Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ленин көчөсү, 57, 3-кабат, электрондук дарек: ordosujalalabad@gmail.com
Америка борбору, Каракол шаары Ысык-Көл облустук китепканасы, Коёнкөзов көчөсү, 35. Тел.: (03922) 4-09-94, электрондук дарек: samohinaolga@mail.ru
Америка борбору, Нарын шаары Нарын облустук китепканасы, Ленин көчөсү, 33. Тел.: (03522) 5-18-83, электрондук дарек: narynac@gmail.com
Америка борбору, Талас шаары Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык бөлүмү, Ч.Айтматов көчөсү, 192. Тел.: (03422) 5-42-37, электрондук дарек: ackgtalas@gmail.com
ЭСКЕРТҮҮ! Көрсөтүлгөн даректер аркылуу барып сиздер окууга тапшыруудагы билдирменин бланкын гана ала аласыздар. Толтурулган документтерди төмөнкү дарекке жиберүү керек:
710040 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205, 323-бөлмө, ЖМАнын кабыл алуу боюнча кеӊсеси. Байланышуу үчүн маалымат Веб-сайт: www.nga.auca.kg Электрондук дарек: nga@mail.auca.kg Тел.: + 996 (554) 55 09 39

Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!
American University of Central Asia –
AUCA – NGA www.nga.auca.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
temirov76
2015-02-02 09:17:47
Бул деген кандай,ошондо даярдоо курсуна гана окутабы 1жыл?
0
admin_superstan
2015-02-02 12:06:21
temirov76, саламатсызбы!
Макаладагы номерлерге чалып толугураак маалымат алсаңыз болот.
0
ularbek89
2015-02-04 10:35:05
Курс которулуп жатканда
Эн жакшы амал экен тил уйронуп америеага барып иштоо
+1
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан