«ДАРЫГЕРЛЕР ТУУРА ЭМЕС ОПЕРАЦИЯ ЖАСАП, УУЛУМ МАЙЫП БОЛУП КАЛДЫ»

10 жаштагы Арген Аскарбековдун кыймылсыз жатканына 4 айдын жүзү болду. Анын ата-энеси уулунун мындай акыбалга туш болгонуна дарыгерлерди күнөөлөйт. Биз окуя тууралуу кененирээк билүү үчүн Сокулук айылына барып, Аргендин акыбалы менен таанышып, ата-энесинин арыз-муӊун угуп кайттык.

«БАЛАМДЫ МАЙЫП КЫЛГАН ХИРУРГ БАСЫП КЕЛГЕН ЖОК»
Баланын атасы Советбек Наралиев окуяны төмөнкүчө айтып берди:
– Арген 4 уулумдун үчүнчүсү. Кара-Балта шаарында жашайбыз. Келинчегим экөөбүз 2014-жылы март айында Москвага иштегени кеткенбиз. Балдарымды чоӊ энеси карап калган. Арген «ичим ооруп жатат» дегенинен өткөн жылдын 6-октябрь күнү апам Жайыл райондук ооруканасына алып барыптыр. Ал жактан дарыгерлер «сокур ичеги экен, шашылыш операция жасабасак жарылып кетиши мүмкүн» деп баланы эртеӊ мененки 10до операцияга алып кирип кетишкен боюнча саат 16га чейин баламды туугандарыбызга көрсөтпөй коюшуптур. Ошондо кошумча эшик аркылуу чыгарып баратышканда апам таанып калыптыр. Артынан жетип барып «кайда алып баратасыӊар?» десе, «балаӊар операциядан кийин эсине келе албай жатат» дешиптир. Туугандардан бул жаман кабарды угуп келинчегим экөөбүз түндөп учак менен учуп келсек, балабыз комага түшүп калыптыр. 7-октябрь күнү уулумду Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жеткириш керек болуп, бирок ал ооруканада «Тез жардам» кызматы жоктугуна байланыштуу 5 миӊ сомго менчик «Тез жардам» кызматын чакыртып, борборго алып келдик. Ал жакта жандандыруу бөлүмүндө 27 күн жатты, уулума операция жасаган хирург Мурат Керимкулов келип бир ооз ал-акыбалын сураганга жараган жок. Балага наркоз берген анестезиолог 2 жолу, оорукананын башкы дарыгери 1 жолу келип кетишти. Арген болсо ошол бойдон эсине келген жок. 3 ай өткөн соӊ анестезиолог Эльдар деген жигитке досум экөөбүз барып «ачыгын айт» деп сурансак, «Биринчи операция ийгиликтүү эле болгон. Балаӊыз наркоздон ойгоно баштаганда хирург келип «ичинде тампон калып калыптыр» деп кайра ачтырды. Бирок тампон ичинде эмес экен, медайым сырттан тапты. Эки жолу наркоз алып, эки жолу союлганына байланыштуу балаӊар ушундай акыбалга келип калды» деди.
Андан соӊ оорукананын башкы дарыгерине барып «баламдын дары-дармегине оорукананын эсебинен жардам бергиле, 4 айдан бери кыймылсыз жата берип оӊ жак тарабындагы бөйрөгүндө таш пайда болуптур. Отургузушубуз керек экен, майыптар отурчу коляска алып бергиле» десем, «балаӊа операция жасаган дарыгерлер өз каалоолору менен жумуштан кетип калышкан, телефон чалсам албай жатышат, кааласаӊ сотко бер» деди. Ал эми хирургга жолукканымда «Анестезиолог мени жамандап жүрүптүр. Баары башкача болгон, мен аны сага айтып бере албайм, сотто гана айтам» деп койду. Ошондон бери телефон чалсам эч кимиси албай жатышат. 28-ноябрда милицияга арыз жазганбыз, бирок тергөөчү «Бул кагаз жүзүндө бүтчү иш, тактап жатам. Экспертизанын жыйынтыгы чыксын, анан билинет» деп коёт, болду. Бүгүнкү күнгө чейин экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

«УУЛУМДУ БУТУНА ТУРГУЗУП БЕРИШСИН»
Аргендин апасы Анаркүл Калыева болсо төмөнкүлөрдү кошумчалады:
– Арген 4-класста окуп жаткан. Мектепте жакшы окуп, алдыӊкы окуучулардын бири болчу. Жакшынакай эле чуркап жүргөн баламды дарыгерлер майып кылып колубузга берип жатса, күйбөгөн жериӊ күл болот экен. Балам 4 айдан бери кыймылсыз, үн-сөзсүз жатат. Көзү көрбөйт, кулагы укпайт. Жок дегенде «апа, бул жерим ооруп жатат» деп сүйлөсө жакшы эле го. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору 26-ноябрда бизди чыгарып салышты. «Мен бул бала менен кантип үйгө кетем?» десем, врачтар «дарылоо курсу аяктады, үйүӊөргө барып өзүӊөр баккыла» деп коюшту. Үйгө чыккандан 1 жумадан кийин эле балам куса баштады. «Жайыл райондук ооруканасына барбайм, көӊүлүм калды» деп көгөрүп үйдө багып жатсам, акырында балам кан кусуп жибергенинен чыдабай кетип түн ичинде машине менен алып бардык. Ал жакта кусканы токтогончо карап, кайрадан Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жиберишти. Ал жакта да 10 күн жаткырып, «дарылоо курсу бүттү, үйүӊөргө чыккыла, биз жардам бере албайбыз» деп дагы чыгарып салышты. Биз эмне кыларыбызды билбей отурабыз (көзүнө жаш алып).
Балам түтүк аркылуу тамак ичет, аябай арыктап кетти. Атасы экөөбүз эптеп уулубузду айыктырып алалы деп 4 айдан бери иштебей чуркап жүрүп карызга да баттык. Борборго жакыныраак болсун деп Кара-Балтадан Сокулуктагы кайнимдикине келип жашап, күн сайын Аргенди Бишкекке менчик ооруканага алып барып келебиз. Аргендин дары-дармегине, памперсине, күнүгө барып келгенге машиненин майына акча кетүүдө. Болгон мүлкүбүздү күрөөгө коюп акча алдык. Калган балдарыбызды кайненем карап жатат. Алар кантип күн кечирүүдө, курсагы ачпы же токпу, мектепте кандай окуп жатышат, билбейбиз. Баламды майып кылгандар акыйкат жазасын алышсын же балам ооруканага кандай басып барса, ошондой бутуна бастырып беришсин.

«ОПЕРАЦИЯ ЖАСАГАНДАР ӨЗ ЫКТЫЯРЛАРЫ МЕНЕН ЖУМУШТАН КЕТИШКЕН»
Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери Болот Байканаев окуя тууралуу буларды билдирди:
– Арген бизге 6-октябрда түшкөндө хирург көрүп, «курч кармаган сокур ичеги» деген диагноз коюп, шашылыш түрдө операцияга алып кирген. Операция бүтө электе хирург "тампондор жетишсиз" деп тигилген жерди кайра ачып карап көргөн экен. Ошол маалда бала ушундай абалга келиптир. Негизи хирург «бир нерсе унутуп калдым окшойт» деп күмөн санаса, ачып текшерип койгону оӊ. Бала эмнеден улам мындай болуп калганы азырынча бизге да бүдөмүк. Оору таржымалын карасак, баланын кан басымы төмөн болчу экен. Дарыданбы, наркоз ашыгы менен сайылганбы же туура эмес операция жасалганбы, азыр атайын комиссия иликтеп жатат. Балага операция жасаган хирург менен анестезиолог өз ыктыярлары менен жумуштан кетип калышкан. Азыр баланын ата-энеси «хирургду качырып жиберди» деп мени күнөөлөп жүрүшөт. Хирург бул окуя болгуча эле чет өлкөгө барып окуп келгенге чакыруу күтүп жүргөн экен. Мен арызына кол койгон эмесмин, бирок Эмгек кодекси боюнча өзү арыз жазган соӊ 14 күндүн ичинде жетекчилик тарабынан кол коюлбаса деле жумуштан бошойт да.
Биз да четте карап отурган жокпуз. Бишкекке барып баланын ал-акыбалын сурап, үйүнө чыгып келгенде да барып көрүп, өзүбүздүн эсептен ооруканабызга 7-декабрдан 5-январга чейин жаткырып дарыладык. Азыр Аргенге атайын коляска алып келип койдук. Атасы келсе беребиз. Учурда бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

«ИШТИ ТЕРИШТИРҮҮ КӨПКӨ СОЗУЛУП КЕТКЕН»
Аргендин ата-энеси акыйкат издеп акыйкатчыга кат жөнөтүшкөн. КРнын акыйкатчысы Бакыт Аманбаевге кайрылып, бул окуя тууралуу кандай иштер жүрүп жатканынан кабар алдык:
– Чынында, Аргендин акыбалы оор, эсине келбей комада жатат. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору аны ооруканадан чыгарып салышканда туугандары бизге арызданышты. Мен саламаттыкты сактоо министрине жана Жайыл райондук прокуратурасына кат жолдоп, тез аранын ичинде акыйкат териштирип берүүсүн сурангам. Себеби бул ишти териштирүү көпкө созулуп кеткен. Саламаттыкты сактоо министри мага бул ишти өзү көзөмөлгө аларын убада кылды.

«ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮП ЖАТАБЫЗ»
Бул ишти тергеп жаткан Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Адыл Орозалиевге байланышсак, ал төмөнкүлөрдү билдирди:
– Баланын ата-энеси бизге арыз жазган. Мен бала жаткан Кара-Балта шаарындагы Жайыл райондук ооруканасына жана Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, ал жакта иштегендердин бардыгынан түшүнүк кат алып, соттук-медициналык экспертизага жөнөткөм. Экспертиза татаал, жыйынтыгы качан чыгары белгисиз. Медицинанын ар бир тармагындагы атайын адистер дыкат иликтеп, аныктап чыгуусу керек. Ага убакыт талап кылынат. Эгерде экспертизанын жыйынтыгында баланын майып болушуна чындап эле дарыгерлердин күнөөсү бар деп чыкса, анда алар сөзсүз түрдө мыйзам чегинде жоопко тартылат. Азырынча бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголо элек.

"Кечээ эле чуркап жүргөн баламдын кыймылсыз жатканына 4 ай болду".

"Уулумду күнүгө ушинтип ооруканага алып барабыз".

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Дарыгерлердин айынан уулум майып болуп калды"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Shpionka
2015-02-02 19:25:04
Эххх эн оор нерсе бала грипп болуп калса эле кандай азап.
Айыгып кетишин кудайдан тилейм.
0
kg.sity93
2015-02-02 19:58:31
айыгып кетсин бала.Кудайым шыпаасын берсин!
0
Kroxa
2015-02-02 22:23:44
Кандай 4 айдан бери экспертиза чыкпайбы иликтоолор журуп жатат деп шашпайт врачтар таанышын жок болсо акчан жок болсо комадагы баланы ары-бери ташыттырышканы акмакчылык,кудай жардам берсин периштеге,Ата-энесине убал болуптур,зээним кейиди шалаакылар эмне кылдынаар...
0
zamir0506
2015-02-03 08:11:42
Операцияны врачтар акча берчу банкомат коруп алышкан. Ичин ооруп барса да операция кылыш керек деп. Мен операция кылам деп врачтар талашышат. Унутуп калса ачып коруш керек дегени туура эмес. Адам омуру кетип жатса врачтар унутуп жатса. Анда калгандарга жол болсун экен да. Милдеттуу турдо унутпаш керек.
0
crishti_7
2015-02-03 09:38:14
Ушул ак халатчандардын девизи ''адам омурун сактоо'' эмес, ''адамды олтуруу'' окшойт
0
Barika
2015-02-03 12:59:20
Байкуш шордуу бала!
Айыгып эч нерсе көрбөгөндөй бутуна туруп чуркап кетсе экен!
Хирургтар бир нерсе унутуп калып, кайра-кайра сойгудай мал бекен?!
Күйбөгөн жериң күл болот, өздөрүнүн оозунан ушундай сөздү уксаң!
+1
aslanaitiev
2015-02-04 14:47:29
Кудайым шапаасын берсин,жакшы болуп кетсин,элдин керегине жараган балдардан болсун оомийн!
0
Sanu
2015-02-04 15:56:37
Хурургту эле куноолой бербей эки жакты угуш керек Айтып жатпайбы ичинде тампон калып калыптыр деп экинчи жолу наркоз бергени ошол да.Айыгып кетишин кудайдан тилейм мен дагы. Врачтан да интервью алсанар болмок экен.
0
Elnuram090
2015-02-04 22:20:18
Кандай кылмыщ иши козголо элек дегенге такыр тушунбодум туура эмес операция болгон учун ушундай болгону айдан ачык болуп турбайбы 4айдан бери териштиртлбесе кандай тушунсо болот ХХХ иштей албасан еске тутуун начар болсо уйундо отурбайсынбы ХХХ экенсин
0
admin_superstan
2015-02-05 10:53:31
Elnuram090, этика нормаларын сактаңыз!
0
DNurgiza
2015-02-05 10:31:12
озум да кыйналып аттым эле, окуп алып аябай ыйладым. Аман эсен айыгып кетишин мен да кудайдан тилейм. Ата энесине сабырдуулук, куч кубат бере кор.
0
Nurmatova
2015-02-05 16:31:18
сакайып кетсин.....
0
Nuraiym9494
2015-02-08 17:57:18
Беш кол тен эместа,биз врачтар мындай созду уккунда каттуу тийет.Бир кумалак карын майды чиритет деген ушу да.
0
ss90
2015-02-08 20:02:37
Доктур деген жон эле соз болуп калды акыркы убакта...ушунчалык кайдыгер болбосок ишибизге(((
0
Sayragul
2015-02-08 20:14:10
Азыркы медицина тармагы боюнча окуу жайлардын окутуучулары, акча алып, Адам омурун алган кызматкерлерди даярдабагылачы.
+1
baba.
2015-02-09 12:31:48
Ал шалаакы врач мумкун Москвада кыргыздардын поликлиникасыда еле иштеп жургондур.Баланын убалы койбойт баарыбир.
0
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан